Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

ММКны чектөө - жаңылыш жол


Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү демилгеси боюнча пикирин билдирди.

Көпчүлүк депутаттар аталган долбоор менен таанышканга деле жетишкен жок. Мен бир нерсени айтайын, Кыргызстандын мактана турган эң чоң жетишкендиги, ийгилиги – бул сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги! Эгер биз өлкөбүз өнүксүн десек, бул демократиялык жетишкендикти андан ары бекемдей берүүбүз керек. Маалымат каражаттары өскөн сайын, коом өнүгөт, ыкчам өнүгүүгө шарт түзүлөт. Саясатчылар каалайбызбы же каалабайбызбы биздин ишибизге массалык маалымат каражаттары дайыма баа берет. Бүгүн, өнүккөн технологиялар заманында, маалымат алуу булактары да ар түрдүү. Мындай учурда чектөө аракеттеринен эч кандай майнап чыкпайт. Азыр секундалар ичинде маалымат социалдык тармактар аркылуу бүт дүйнөгө таркайт. Кабелдүү ТВ аркылуу бүт дүйнөнүн телеканалдарын көрүп жатабыз, интернет-ТВ-каналдар пайда болуп жатат. Бир-эки жылдан кийин мындан да чоң технологиялык алдыга жылуулар болот. Мен бул мыйзам менен тааныш болбогонум үчүн аны «Азаттык» радиосун жабууга багытталган деп азырынча айта албайм. Бирок Кыргызстанда “Азаттык” радиосун чектөө, жабуу аракеттери буга чейин болуп келген. Бул туура эмес жол экенине күбө болбодукпу. Бүгүн ушундай ызы-чуу коомго, мамлекетке, бийликке керекпи? Кереги жок! Ызы-чуусу бир канча айга, жылга кетип, өлкөбүздүн, бийликтин, парламенттин аброюна доо кетет. Ошондо биз парламенттик демократия куруп алдык деп мактана алабызбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов

XS
SM
MD
LG