Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

“Апамды издеп” Казакстандагы өтүмдүү тасмалардын катарына кирди


Фильмдин авторлору.
Фильмдин авторлору.

Кыргызстандык режиссер Руслан Акундун “Апамды издеп” тасмасынын бет ачары Казакстанда 16-февралда болгон. Эл аралык “Рентрак” электрондук системасынын маалыматы боюнча, алгачкы эле жумада тасма 140 млн ашуун теңге же 450 миң доллар топтоду.

Британиялык режиссер Пол Уильям Скоттун Голливуд актрисасы Милла Йовович баш каарманын ойногон «Терс күчтөрдүн ээси: Акыркы бап” деп аталган тасмасы Руслан Акундун тасмасынан эки эсе аз, 75 млн теңге жыйнай алды.

«Апамды издеп» тасмасына Кыргызстан, Казакстан жана америкалык актерлор катышкан. Баш каармандардын бирин казак актери Тауекель Мусилим аткарган. Киносынчылар муну Тауекел үчүн чоң киного кадам деп аташууда.

Руслан Акундун “Апамды издеп” тасмасынан тышкары «Салам, New York» жана «Мен сүйгөн кыздын шаары” фильмдери бар.(RA/ZKo)

XS
SM
MD
LG