Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

Ошентип жай саратан башталып, эс алуу маалы келди. Кыргызстандыктар жайында кандай эс алышат?

"Арай көз чарай" талкуусунда "кыргызстандыктар бош убактысын кантип өткөрүп, кандай эс алат? Конокко барышабы, бала-чакасы менен музейге, театрга каттап, китеп окушабы же бош убактысы такыр эле жокпу?" деген суроолорго жооп алынды.

Талкууга “Кыргыз концепт” ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев, Бишкектеги 62-мектептин мугалими Раушан Сатышева жана Жалал-Абаддан журналист Жалил Сапаров катышты.

“Азаттык”: Жайкы эс алууга атайын убакыт жана үй-бүлөлүк бюджеттен атайын каражат бөлөсүзбү?

Эмил Үмөталиев: Эс алууга үлгүрө элекмин. Анткени жайында иш пландарым бар, ал аткарылып калса, 5-7 күн эс алууга көңүл бурам. Эс алат элем деп туруктуу пландарды түзүү маданиятым калыптана элек.

1990-жылдардан бери биз иш баштаганда, үй-бүлөлүк тажрыйбаны топтой баштаганда эс алууга маани берүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок эле. Андан бери деле туруктуу маданиятка ээ болдум, алдын ала пландаштырам деп мактана албайм. Келечек муун бул маселеге бизге караганда көңүл бурат. Алар бир жылы Кыргызстанды кыдырса, кийинки жылы чет мамлекеттин башка жерлерин тааныганга аракет кылат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Раушан Сатышева: Чындыгында эс алууга антип акча да, убакыт да бөлбөйм. Быйыл деле кокустан эс алууга кетип калдым. Бизде иштеген бир мугалим өзүнө Каркыра жайлоосуна жолдомо сатып алып, бирок үй-бүлөлүк шартына байланыштуу барбай калып, ордуна мен бардым.

Мен өзүм көлдүкмүн, жылда эле ошол жакка барып эс алам. Быйыл гана жайлоого барып калдым. Көп мугалимдер кошумча иштешет, жайкысын тикмечилик кылышат. Иштеп тапкан акчалары ойдогудай эс алганга чындыгында жетпейт.

Жалил Сапаров: Мен Кыргызстандагы ички туризмди өнүктүрүүнүн тарапкеримин. Мисалы, мен колдон келсе Баткен менен Нарын тарапты түгөл кыдырып чыккым келет.

Азыр биз канчалаган кооз, табышмактуу, тарыхый таржымалы кенен жерлер бар экенин сыналгыдан, сүрөттөрдөн көрөбүз. Ошондой эле жерлер Жалал-Абадда да бар. Мисалы, Падыша-Ата деген жер бар, кайра-кайра баргың келет. Сары-Челек, Арстанбап, Чаткал тарап өзүнчө эле керемет.

Азыр биздин социалдык шартыбыз жана аң-сезимибиз кичине туура келбей жатат окшойт. Элдин чөнтөгүндө болсо, эмнеге кыдырып көргүсү келбесин? Экинчиден, маалыматтын аздыгы. Өзүбүздүн элибизге жакшылап рекламалай албай жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG