Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Резиденциядагы Боз үй тибиндеги конок үйгө 179 миллион сом сарпталды


Конок үй.
Конок үй.

Бишкектин четиндеги президенттик резиденцияга жаңы курулган боз үй тибиндеги эки кабаттуу конок үйгө 179 миллион сом сарпталды. Кыргызстандык жана кытайлык усталар курган боз үйдүн алгачкы коноктору КМШ саммитине келген президенттер болушат. Ал Кыргызстандагы эң чоң боз үй болуп саналат. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коеналиев билдирди.

Эс алууга жана конок күтүүгө бардык шарты бар конок үйүнүн бийиктиги 17, 5 метр. Үй бир жарым миң чарчы метрди ээлеп, 500 кишиге ылайыкташкан. Курулушу быйыл февралда башталган.

Бүгүн Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммити башталды.

XS
SM
MD
LG