Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Казакстанда өрт кырсыгынан жабыркагандардын дагы бири көз жумду


Жамбыл облусунун картасы
Жамбыл облусунун картасы

Казакстанда мунай базасында чыккан өрттөн жабыркагандардын дагы бири каза болду. 42 жаштагы электр зымдарын туташтырган жумушчу кечээ кечинде Жамбыл облустук ооруканасында жан бергени кабарланды. Ал денесинен жана дем алуу органдарынан 100% күйүк алган.

Бир апта мурда Мерке районунда мунай базасындагы өрт кырсыгынан жабыркаган үч жумушчу оор абалда ооруканага жаткырылган. Алардын бири - ишкананын башкы инженери Сергей Ким аптанын башында көз жумган.

Үчүнчү жабыркаган адамдын да абалы оор. (RK)

XS
SM
MD
LG