Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Бишкекте Түрк кеңешинин саммити өттү


Саммиттин жыйынтыгында макулдашууларга кол коюлду.
Саммиттин жыйынтыгында макулдашууларга кол коюлду.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин Бишкектеги II саммитинде негизинен маданий кызматташтык боюнча макулдашууларга кол коюлду.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жетекчилери катышкан бул саммитте казак президенти Нурсултан Назарбаев Түркиядан Кыргызстанга чейин темир жол куруу демилгесин көтөрдү. Айрым байкоочулар түрк тилдүү өлкөлөрдүн байланышы таасирдүү саясий-экономикалык деңгээлге өсүп жете элек дешет. Саммитке Өзекстан менен Түркмөнстандын башчылары келген жок.

Төрт документке кол коюлду

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Бишкек саммитине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия башчысы Абдулла Гүл, Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Расизаде, Түркмөнстандын Илимдер академиясынын президенти Гурбанмырат Мезилов келди.

Азербайжан башчысы Ильхам Алиевдин эмне себептен саммитке катышпай калганы расмий түшүндүрүлгөн жок. Саммиттин жыйынтыгында төрт документке кол коюлганын кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев журналисттерге билдирди:

- Бардык коюлган маселелер боюнча бир пикирге келдик. Түрк тилдүү мамлекеттердин каржы эрежелери тууралуу макулдашуу, Түрк академиясын түзүү боюнча макулдашуу, Түрк маданиятын жана мурасын колдоо корун ачуу тууралуу макулдашуу жана экинчи саммиттин жыйынтыгы менен Бишкек декларациясын кабыл алуу боюнча бир пикирге келдик.

Маалыматка ылайык, Түрк академиясы Астанада жайгашып, түрк тилдериндеги орток терминдерди чыгаруу жана тарыхты, тилди изилдөө багытында иш алып бармакчы. Түрк маданиятын колдоо кору болсо Азербайжанда жайгаша турган болду. Мындан тышкары Бишкек декларациясына кыргыз тараптын түрк өлкөлөрүнүн өнүктүрүү корун түзүү сунушу киргизилди. Декларацияга ылайык, келечекте түрк өлкөлөрүнүн жазуучуларынын, киночуларынын бирикмеси түзүлүп, “Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы” аттуу сыйлык жана уюмдун желеги негизделе турган болду.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Түркиядан Кыргызстанга чейин темир жол куруп, экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды.:

- Саммитте негизги көңүлдү биздин өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгына бурдук. Анын алкагында транспорт жана байланыш багытындагы кызматташуу бар. Биздин өлкөлөрдүн транспорт министрлери жана бажы органдары Түркия, Грузия, Азербайжан өлкөлөрү, Каспий деңизи аркылуу Казакстан жана Кыргызстанга чейинки, анан Казакстандан Кытайга өтүүчү темир жолду куруу ишине даярдануу боюнча өз ара сүйлөшө турган болду. Бул абдан маанилүү темир жол курулушу. Биз бул маселеге активдүү киришели деп чечтик.

Түрк биримдигинин түбөлүгү кандай?

Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити 1992-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2009-жылы Азербайжандын Нахчиван аймагында өткөн саммитте лидерлер атайын уюм, башкача айтканда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешин түзүүгө макулдашкан. Бирок Өзбекстан менен Түркмөнстан бул кеңешке кирүүдөн баш тарткан. Түрк кеңешинин 1-саммити былтыр Алматыда өткөн.

Кеңештин баш катчысы Халил Акынжы өзбек жана түркмөн президенттерин уюмга чакыруу уланып жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул кеңеш өлкөлөрдүн өз ыктыярын сыйлаган уюм. Өзбекстан менен Түркмөнстан даяр болгондо келишет. Мамлекет башчыларынын мага берген тапшырмасы боюнча, биз бул өлкөлөр менен транспорт, билим берүү жана маданият багытында кызматаша алабыз. Биз дайыма саммиттерге чакырып келебиз. Нахчиван макулдашуусуна кол коюуга да чакырылган болчу.

Бириккен Улуттар Уюму түрк тилдүү деп алты өлкөнү тааныган. 35 миллион чамалуу калкы бар Өзбекстан менен Түркмөнстан түрк кеңешине кирбегендиги, саясий себептерден улам түрк өлкөлөрүнүн интеграциясынын солгундугу, бирдиктүү чек аранын жоктугу, өлкөлөрдүн экономикасынын бирдей эместиги бул уюмдун эл аралык таасиринин артышына кедергисин тийгизип жатканын белгилешет.

Маселен. Түркиянын ички дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстандыкын кошкондо да эки эки-үч эсе көптүк кылат.

Бишкектик талдоочу Медет Түлөгөнов аталган уюм тууралуу мындай дейт:

- Түркмөнстан менен Өзбекстан бул уюмга кирмек. Бирок бул жерде саясий себептер бар. Түркмөн тарап баштан бери эле нейтралдуу саясат жүргүзүп келет. Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда региондогу лидерлик үчүн атаандаштык болгону үчүн алардын бир уюмда болушу кыйын. Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинде ар бир өлкө өз пайдасы үчүн иштеп жатат. Айрым маселелерде башка эл аралык уюмдар менен кызматташуу пайдалуурак болуп жатат. Деген менен азыр маданий кызматташтык бар. Саясий-экономикалык багытта алдыга жылыш болорун айтуу кыйын. Бул багытта сүйлөшүү болсо да эки тараптуу гана өтүп жатат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары Бишкек шаарына ушуну менен 2-жолу чогулууда. Бишкек мындай саммитти мындан 17 жыл мурда, 1995-жылы да кабыл алган. Кийинки саммит Азербайжанда өтө турган болду.



Түрк кеңешинин Бишкек саммити
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

XS
SM
MD
LG