Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

"Бала төрөп бергенден кийин талашпайм"


Кыргызстанда “карын энени” пайдаланып балалуу болгондордун саны канча экени белгисиз.

Кыргызстанда “карын энени” пайдаланып балалуу болгондордун саны канча экени белгисиз.

Жогорку Кеңеште талкууланган мыйзам долбоордун “Суррогат энени пайдалануу ыкмасы” деген беренеси кызуу талкуу жаратууда. Долбоорду иштеп чыккандар учурда суррогат эненин жардамына муктаждар көбөйгөндүктөн, анын мыйзамдык базасын жакшыртуу зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстанда балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөрдүн “карын энени” (суррогат энени) пайдалануу муктаждыгы өскөнүн атайын адистер белгилешет. Учурда Кыргызстанда мындай кызмат саналуу гана жеке менчик клиникаларда жасалат. Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо жасалма жол менен уруктандыруу, "карын эненин" жана аны пайдалангандардын укуктарын, милдеттери менен жоопкерчилигин мыйзам аркылуу жөнгө салууну көздөп жатат. Соңку күндөрү бул маселе коомчулук, Жогорку Кеңеште талкууга түшүп, бул көрүнүш кыргыздын каада-салтына, диний ишенимине туура келбестиги дагы айтылууда.

Суррогат энелик – үч кишинин катышуусу менен ишке ашкан бала төрөтүү ыкмасы. Балага ата болом деген эркектин уругу менен эне болчу аялдын тукум клеткасы жасалма түрдө уруктандырылат. Уруктандырылган түйүлдүк башка аялдын (суррогат эненин) жатынына коюлат дагы, ал аял баланы 9 ай көтөрүп, төрөп берет. Суррогат энелик - экстракорпоралдык шартта (жасалма уруктандыруу) гана ишке ашат. Пробиркада уруктандырылган 3-5 күндүк эмбрион суррогат эненин жатынына коюлат. Мындай ыкмада суррогат эненин тукум клеткасын алууга тыюу салынат. Ден соолугуна байланыштуу кош бойлуулукту көтөрө албаган, же башка себептерден улам өздөрү төрөй албаган аялдар суррогат эненин жардамын ала алышат.

20 жаштагы Карима (аты өзгөртүлдү - авт.) учурда башка бирөөлөр үчүн бала төрөп берүүгө, башкача айтканда “карын эне” болууга даярданып жатыптыр. Бир айдан бери бул кызматты пайдаланчу үй-бүлө издеп жаткан учуру экен.

- Менин бир балам бар. Балам кичинекей, ошондуктан бала төрөп бергенден кийин талашпайм. Мен жогорку окуу жайда окуп жургөндө жолдошумду көрүп, экөөбүз бири-бирибизди жактырып үйлөнгөнбүз. Мени жеңил ойлуу деп ойлобоңуз. Мен мектепте деле жакшы окучумун. Университетти деле жакшы бутүп атам. Үйлөнгөндөн кийин күйөөм тартипсиз болуп чыкты. Ал бирөөлөрдүн машинасын уурдап камакка түштү. Аны чыгарам деп насыя алып, карызга батып калдым. Күйөөм жок, баламды жалгыз багып жаткандыктан ушундай жолго барганга аргасыз болуп атам. Башка жол жок. Азыр окуйм, окуудан чыгып жумушка чуркайм. Эки жерде иштеп эптеп банкка 400 доллардан төлөшүм керек. Ушинтип жүрүп аябай кыйналып кеттим. “Карын эне болом” деп жарнама бергениме бир айдай болуп калды. Чымкенттен чалып сүйлөшкөнбүз. Азыр алар да ойлонуп жатышат.

Сүйлөшүүдө анын “карын эне” кызматын көрсөтүүдөгү талаптары жана шарттары кандай болорун сурадым.

- Насыяны таежемдин үйүн күрөөгө коюп алгам. Азыр ал менден үйдүн документин эртерээк алып бер деп шаштырууда. Болбосо менин атыма милицияга арыз жазам дейт. Азыр мен үстөк пайызын гана төлөйм. Ал эми жалпы суммасын төлөө кыйын болуп атат. Сойку болуп кеткенден көрө балалуу боло албаган үй-бүлөгө кубаныч тартуулап акча табайын деп ойлодум. Алган акчанын негизги бөлүгүн банкка берсем, калганын төрөгөндөн кийин калыбыма келиш үчүн өзүмө жумшайм деп ойлоп атам. Анын үстүнө болгону бир жыл эле жүрөсүң да кош бойлуу болуп. Бирок мен балам менен чогуу жашашым керек, аны эч кимге таштай албайм. Мага насыядан кутулганга жардам бересиз, анан мен сиз айткан бардык шартка макулмун.

Карима журналист катары чалганымда сүйлөп берүүдөн баш тартты. Кийин “карын эне” издеп жүргөн адам катары сүйлөшүүгө туура келди. Жарнамада өз кызматын 19 миң доллар деп баалаган, бирок сүйлөшүп отуруп 15 миң долларга түшүрдүк. Анан мени “карын эне” издеп жүрөт деп ойлогондуктан биринчи төрөтү эч кандай проблемасыз болгонун, талгагы жеңил, өзүнүн мүнөзү токтоо, алдамчы эмес экенин айтып отурду. Ал эми күйөөсүнүн, туугандарынын бул тууралуу маалыматы жоктугун, аларга айтпай турганын билдирди.

- Күйөөм менен, анын туугандыры менен сүйлөшпөйм. Туугандарым да билбейт. Алар менин “карын эне” болгонума караганда үйдү банкка алдырып койсом ошондо көбүрөөк урушушат. Ошондуктан мен өз маселемди өзүм чечишим керек. Аларга мен өз иштерим менен жүрөм деп айтсам, мени издешпейт. Анын үстүнө бул өмүр бою эмес го, көп болсо бир жыл.

Каримадан соң “карын эне” кызматын сунуштаган Соня аттуу кызга телефон чалдым. Ал биологиялык ата-энени тапкандыгын белгилеп, бирок айрым жол-жоболорун айтып берүүгө макул болду:

- Кечирип коюңуз, мен мындай кызматка муктаж ата-эне таптым. Алар кыргызстандык эле жарандар. Буюрса программа ушул айдын аягында Казакстанда жасалат. Мен бир жыл издедим мындай үй-бүлөнү. Мага 15 миң доллар төлөп беришмей болду. Өзүмдүн үч балам бар. Мурда да “карын эне” болгонмун, бул багытта тажрыйбам бар. Башында эле өзүмдүн балам эмес деп ойлогондуктан мага бул жумушумдай эле болуп калды.

Кыргызстанда ушундай жол менен балалуу болгондордун жана “карын энелердин” саны канча экени белгисиз. Бул жашыруун болгондуктан медициналык клиникалар маалыматты ачыкташпайт. Айрым ата-энелер көпчүлүктун көзүнөн далдоо болуш үчүн да Орусия же Казакстандын клиникаларынын кызматын колдонушат. Кыргызстанда болсо Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты менен “Асымбекованын клиникасы” гана иштейт. Клиника эненин жумуртка клеткалары менен атанын уругун жасалма уруктандырып, эмбрионду суррогат эненин жатынына салган кызматы үчүн 2,5 миңден 4,5 миң долларга чейин алат. Андан тышкары “карын энеге” өзүнчө төлөнөт.

"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери" деп аталган мыйзам Кыргызстанда 2007-жылы кабыл алынган. Жакында Жогорку Кеңеште биринчи талкуудан өткөн мыйзам долбоордун “Суррогат энени пайдалануу ыкмасы” деген беренесине толуктоо киргизүүнү Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштоодо.

Министр Динара Сагынбаеванын белгилешинче, сунушталган долбоордо “карын эненин” жашы мурда 20 жаштан 35 жашка чейин болсо, аны 40 жашка чейин узартуу каралган. Мындан сырткары эки тарап өз ара келишим түзөт. Суррогот эне болом деген аялдын күйөөсү болсо анын уруксаты талап кылынат. Ошондой эле төрөлгөн ымыркай оорулуу болуп же чарчап калса жана ата-эне наристеден баш тарткан шартта ким кандай жоопкерчилик алары келишимде жазылып, мыйзам менен бекитүү каралууда.

Суррогат энени пайдалануу дүйнөлүк медицинада 40 жылдан бери практикаланат. Кошуна Казакстан менен Орусия Федерациясында суррогат энеликти жөнгө салчу мыйзам кабыл алынган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгул Бообекова Казакстанда колунда жок, бирок перзент көрө албай жүргөн үй-бүлөлөргө өкмөттөн жеңилдик берилерине токтолду.

- Кандайдыр бир себептерден улам төрөй албаган, балким ооруган же бала көтөрө турган органы жок болсо, бирок балалуу болгусу келген аялдарга биз эмне үчүн жардам бере албайбыз. Технология өнүгүп, адамдар космоско учуп жаткан учурда биз эмнеге бул шарттан пайдаланбашыбыз керек. Бул абдан керектүү нерсе. Бул абдан кымбат ыкма. Ошондуктан өтө муктаж болгондор эле мындайга барбаса, муну оңго-солго пайдаланып кетет деген туура эмес.

Дарыгер Бообекова бул ыкма 100% ишке ашып, ийгиликтүү болооруна эч ким кепилдик бербесин эске салып, ар бир үй-бүлө мындай чечим кабыл алардан мурда терең ойлонот деген пикирде:

- Бүгүнкү күндө көп эле адамдар өз укуктарын билбейт. Алардын ичинде “карын эне” маселесинде сөзсүз түрдө эки жактын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин так белгилеп, бекитишибиз керек. Эгер аларды бузса, мыйзам бузду деп эсептелип, мындайга макул болоордон мурда жоопкерчилигин сезип туруп барышы зарыл.

Көп жылдар бала деп зарлап жүргөн, колунда бар үй-бүлөлөр мындай ыкма менен өз канынан жаралган перзенттүү болушат. Бирок кыргыз коому мындай жол менен балалуу болуунун чоо-жайын жетиштүү түшүнбөгөндүктөн, ача пикирлер көп. Жогорку Кеңештеги талкууда айрым депутаттар кыргыз коомунун баалуулуктарына, нарк-насилине туура келбейт деп чыгышты. Депутат Курмантай Абдиев коом бул көрүнүштү туура кабыл албайт деген көз карашты билдирди.

- Азыр Кыргызстанда Казакстан же Орусияга барып “карын эненин” кызматын пайдаланып аткан бир же эки адам бардыр. Бирок массалык түрдө мындайга барбайт. Анткени андай ыкма менен төрөлгөн балдар коомубузга көйгөй болуп төрөлө турганын элибиз билет. Андай балдарды кийин сөөмөйү менен көрсөтүп, анын келечегине таасирин тийгизет.

Ошол эле маалда "карын эненин" жардамы менен балалуу болгондор дагы бар. Бишкектеги Асымбекованын клиникасынан бир жылда ондогон жубайлар мындай жол менен ата-эненин бактысына ээ болушат экен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG