Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Түркияда ташталган кыз Сузакка жеткирилди


Балдар үйүнөн тартылган сүрөт. 2013-жыл.
Балдар үйүнөн тартылган сүрөт. 2013-жыл.

Жети жашаар Мария өткөн жылы апасы менен Түркияга кеткен. Бирок быйыл ал Кыргызстанга өзү жалгыз кайтып келди.

Биринчи топтогу майып кызды кароосуз калган жеринен түрк жараны таап алып, Стамбулдагы кыргыз консулдугуна кабарлаган. Учурда Мария Сузактагы таежесинин колунда. Аны Кыргызстанга Социалдык өнүктүрүү министрлиги алып келди.

Сузак райондук Социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башкы адиси Насыйкат Калымбетова бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

- Кызды көчөдөн түрк жараны таап алып, Стамбулдагы кыргыз консулдугуна кабар берген. Социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу Мария Ошко келгенде, биз барып тосуп алдык. Апасы маңзатка берилип, кызын бага албай таштап коюптур деп айтылып жатат. Кыз да эч нерсени билбейт азыр. Мурда таежесинин колунда чоңойгон экен, азыр убактылуу ошолор карап турушат.

Бир колунун манжалары жок, тубаса майып төрөлгөн Марияны учурда таежеси догдурга алып барып ден соолугун текшертип жаткан учуру. Аты-жөнүн атагысы келбеген бул айым өзүнүн 3 уулуна кошуп эжесинин кызын багып алуу ниети барын жашырган жок:

- Мария келгенде аябай башкача болуп турду, өңү аппак болчу. Бөйрөгү бир аз шамалдап калыптыр. Азыр дарыгерлерге көрсөтүп жатабыз, психологго да алып баралы деген оюбуз бар. Кыз азыр эч нерсени эстей албай жатат. Балдарым менен эми гана аралашып кичине ойноп калды.

Ал эми кыздын өз энеси Гаухардан кабар жок. Жакындары ал өткөн жылы жаз айында кызын алып Түркияга кеткенин айтышты. Келин туугандары менен телефон аркылуу байланышып жүрүп, акыркы бир айда чалбай калган. Гаухардын сиңдиси эжесин маңзатка берилип, кызын таштап салган деген пикирди четке кагууда. Ал эжесин кимдир бирөөлөр тоноп, катуу токмоктоп коюшу мүмкүн деген ойдо:

- Эжем менен телефон аркылуу сүйлөшүп турганбыз. Бир ай мурда телефон чалып, “Алтындарымды топтоп койдум, мага үй караштыра бер, барганда сатым алам” деген болчу. Анан эле дайыны чыкпай калды. Мен эжемди жакшы билгендер эле тоноп, укол сайып койгон деп ойлоп жатам. Бир жума мурда бир кафеге тамак сурап келгенде тааныгандар сүрөткө тартып алган экен, мага көрсөтүштү. Башы жарылган, аябай жүдөп калыптыр. Мен азыр тааныштарга чалып жатам, эжемди көрсөңөр кармап тургула, бул жакка алып келем деп. Маңзат колдонгон аял эмес болчу. Ресторанда ашпозчу болуп көп жылдан бери иштеп жүргөн.

Марияны багууга алган үй-бүлө кыздын өз апасы табылганча 6 ай убактылуу кароого алышмакчы. Андан соң ата-энеси аныкталбаса, соттун чечими менен асырап алууга толук укук алышат.

Маалыматтарга караганда, жыл башында Орусиядагы төрөтканага сузактык дагы бир келин өз уулун таштап кеткен.

XS
SM
MD
LG