Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Сузак: айылга кымбат эски мектеп


Сузак районунун көп улуттуу Багыш айыл аймагындагы жараксыз деп табылган №52 мектепке ата-энелер балдарын кайра киргизип алышты.

Бул аракет райондук бийликтин мектепти жараксыз деп тапкан август айындагы чечимин ишке ашырууну убактылуу токтотууга аргасыз кылды.

- Биз балдарыбызды башка айылдагы мектепке жөнөтпөйбүз. Бул жерде мен сыяктуу башка улуттун өкүлдөрүнүн балдары окушат,- дейт мектептин жабылышына каршы ата-энелердин бири Азиза Даврушова.

Багыш айыл өкмөтүнүн Кокон айылындагы №52 Турат Арзыкулов атындагы бул мектеп орус жана кыргыз тилдеринде билим берет. Анда алты улуттун 400дөн ашык баласы окуп, аларга 27 мугалим билим берет.

Ата-энелер имараттагы балдардын коопсуздугу үчүн өздөрү жооп беребиз деген чечимге келишкен. Бул тууралуу мектепке чогулган жыйырма чакты ата-эненин бири Адалат Чопонова буларды айтты:

- Бул мектеп дагы бир кылым турат. Кооптуу деп айтканыбыз менен азыр эч бир жеринен жарака кете элек. Дубалдын калыңдыгы 80 сантиметр, бекем салынган. "Эгер кокустук болуп кетсе балдарыбыз үчүн өзүбүз жоопкерчилик алабыз" деп түшүнүк кат да жазып бергенбиз. Мурдатан бери иштеп келе жаткан мектепти жабууга биз жол бербейбиз. Чоңдор биздин мектепке асылганды токтотуп башка иштери менен алек болсун.

Айыл аксакалы Мустафа Халидовдун айтканына караганда, күрт калкы жыш отурукташкан бул айылдын ата-энелери балдарын башка айылдарга жиберүүдөн көбүрөөк кооптонушат:

- Бул илгертен бери ар улуттун балдары билим алган интернационал мектеп. Кошуна айылдагы мектепке барса, көп жылдардан бери достукта жашап жаткан элдин ынтымагына доо кетеби деген коркунуч бар. Ошол себептүү биз балдарды ал жакка жибербей жатабыз.

"Андан көрө айылыбызга жаңы мектеп куруп алганыбыз оң", - дейт Мустафа Халидов:

- Азыр айылдагы ар бир үй-бүлө 5 миң сомдон беребиз деп жатат. Айыл өкмөт жаңы мектепке 700 миң сом которобуз деп турат. Жалпысы биригип 1,7 млн. сом каражат чогулат экен. Бирок бул акчага 400 балага ылайыкташкан мектеп кура албайбыз. Биз баштап алсак, өкмөт жардам береттир. Ошону биз тийиштүү тараптардан суранат элек.

Мындай пикирди кубаттаган Багыш айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Казыбек Калдыбаев бул жерде улут аралык маселе да башкы орунда турат дейт:

- Ачыгын айтканда, бул мектепте ар улуттун балдары билим алат. Ошол себептүү ата-энелер балдарынын коопсуздугун ойлоп, башка айылдагы мектепке бербей жатышат. Айылдык деңгээлде жыйын өтүп, анда мектепти ордунда калтыруу чечими кабыл алынган. Райондук бийлик бул жагдайды эске албай же бизге эскертүү бербей эле мектепти жаап салыптыр. Мен бардык жоопкерчиликти моюнума алып ушул мектепти дагы бир жылга ачып берүүсүн суранып жатам. Кийинки жылдан тартып жаңы имарат курууга киришебиз деп турабыз.

Бирок мектеп аянты темир жолго жакын жайгашкандыктан, жаңы имарат курууга уруксат берилген эмес.

Өткөн кылымдын башында курулган бул имарат мектеп катары пайдаланылганына 50 жылдай болду. Имаратты 2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, 2013-жылы Экотехинспекция жараксыз деп тапкан. Анын негизинде мектепти жабуу чечимин райондук комиссия август айында кабыл алган. Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Дүйшөналы Токтогулов билдирди:

- Бул мектептин имараты көп жыл мурда темир жол кызматкерлерине арналып салынган. Ошол себептүү имараттын асты таш менен гана курулуп, пайдубалы бекемделген эмес. Райондук комиссия жеринде барып текшерип, райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен жабылып, бир чакырым алыстыкта турган кошуна айылдагы мектепке окуучулар көчүрүлгөн. Азыр бардык жетекчилер Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жүргөндүктөн окуу процесси токтоп калбасын деп 12-сентябрга чейин убактылуу уруксат бердик. Булар дагы бир жылга уруксат бергиле деп суранып жатышат. Бул жагдай алдыдагы күндөрү жетекчилердин катышуусунда чечилет.

Бул аралыкта ата-энелер 100 миң сом чогултушуп, окууга тыюу салынган мектепти ашар жолу менен оңдоп-түзөп жатышат. Жергиликтүү бийлик бул мектепти Багыш айыл аймагындагы беш мектептин алдыңкысы деп эсептейт.

Жалал-Абад облусу боюнча 470тен ашык мектептин 28и учурда авариялык абалда экенине карабай иштеп келет. Быйыл жазында Сузак районунда жер көчкүгө байланыштуу кооптуу деп жабылган Алмалуу-Булак айылындагы мектеп да ата-энелердин суранычы менен кайрадан убактылуу ачылды.

Жараксыз мектепке окуучулар кайра кирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00

XS
SM
MD
LG