Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Мечиттин жанындагы күмбөз өрттөлдү


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана окуяга тиешеси жок
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана окуяга тиешеси жок

Сузак районундагы борбордук мечиттин жанына тургузулган Зухриддин Эсен аттуу маркумдун күмбөзү эки жолу өрттөлдү.

Зухриддин Эсен 2011-жылы 8-апрелде каза болгон. Анын уулу Сайфиддин Зухриддиновдун айтымында, атасы чоң диний аалым болгон. Ал балдарына “сөөгүмдү өзүм салган мечиттин жанына койгула” деп керээз калтырган экен.

Балдары атасынын аманатын аткарып, маркумдун сөөгүн мечиттен 9 кадамча оолак жерге жашырышат. Кийин асыл таштан бийиктиги 7 метр келген күмбөз тургузушат. Сайфиддин Зухриддинов маркум жерге берилип жатканда ага эч ким каршы болбогонун айтууда.

- Атам керээзи боюнча мечиттин жанына коюлган. Коюлуп жатканда 100 миңдей киши келген. Алардын арасында өкмөттүн кишилери, Жогорку Кеңештин депутаттары да бар болчу. Атам мыйзамга каршы келбесе, сөөгүмдү өзүм курган мечиттин жанына жашыргыла деген. Атабыз өмүр бою динге кызмат кылып, 105 жашында көз жумду.

Мына ушул күмбөздүн бир эмес, эки жолу өрттөлгөнүн ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” тастыктады.

- Күмбөз эки жолу өрттөлгөн. Биринчисинде 15 пайызы күйгөн, экинчисинде толук күйүп кеткен. Биринчи жолу өрттөөгө катышкан 3 адам кармалып, азыр сурак берип жатышат. Экинчи болуп өрттөгөндөр азыр издөөдө. Кармалгандар өздөрүн "Хизб-ут Тахрир" уюмуна тиешеси жок экенин айтып жатышат. Бирок алардын үйүнөн аталган уюмга таандык буюмдар табылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Нарындагы мечит
Нарындагы мечит
Сузак районунун имамы Талант ажы Жороевдин ырасташынча, райондогу борбордук мечит Зухриддин Эсендин жеке каражатына 90-жылдары курулган жана 3 ай мурун аталган мечитке маркумдун ысмы ыйгарылган. Талант ажынын баамында, күмбөздү өрттөгөндөр маркумдун жакындарына каршы болуп, мечиттин жанында күмбөз турушун жактырбагандар болушу мүмкүн.

- Күмбөз мечиттин жанына эле курулганы болбосо, маркумдун сөөгү жаткан жер тигилердин менчиги болуп саналат. Эми муну күмбөздүн курулушуна каршылыгын тымызын билдире албай жүргөндөр жасады болуш керек. Арабызда ар кандай адамдар бар да.

Өзүн аталган мечиттин мыйзамдуу өкүлүмүн деп тааныштырган Анарбай Орозов күмбөз 28-сентябрда жана 19-октябрда өрттөлгөнүн билдирди. Анын айтымында, күмбөздүн өрттөлүшүнө жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы себеп болгон.

- Күмбөз биринчи жолу өрттөлгөндө эле жергиликтүү бийлик катуу чара көрүш керек болчу. Элди чакырып түшүндүрсө болмок. Биринчи жолу кармалгандардын бирөөсүн сот чыгарып жиберген. Экинчи жолу деле ошол бала өрттөп жатпайбы.

Ал эми Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов бул маселени жергиликтүү бийлик эмес, муфтият чечиш керек деген ойдо.

- Эми бул маселени муфтият чечиш керек. Ал эми кылмыш жасагандар мыйзам алдында жооп бериши абзел. Күмбөздүн туура, туура эмес курулганын муфтият чечиш керек, биз ага кийлигише албайбыз.

Кадыр Малиеков
Кадыр Малиеков
Маркумдун сөөгү мүрзөгө эмес, мечиттин жанына коюлушу Кыргызстанда биринчи жолу катталып отурат. Диний эксперт Кадыр Маликовдун айтымында, маркумдун сөөгүн жүйөлүү себептер болсо, мечиттин жанына койсо болот.

- Шарият боюнча маркумдун сөөгүн мечиттин ичине эмес, сыртына жашырууга болот. Бирөк күмбөз болушунча мечиттен алыс болушу керек. Мечиттин жанына сөөк коюу үчүн жүйөлүү себептер болушу керек. Маселен, башка сөөк жашыра турган жер жок болсо уруксат берилет. Бирок пайгамбар өзүнүн күмбөзүн табынуу жайына айланткандарды жазалайт.

Кыргызстанда ушул тапта 2 миңден ашуун мечит бар. Буга чейин маркумдун сөөгү мечитке же мүрзөдөн башка жерге коюлган учур катталган эмес.
XS
SM
MD
LG