Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Искакова: Швейцариянын бизге көзү түз


Кыргызстанда Швейцариянын элчилиги ачылды. 20 жылдан бери үлгү тутуп келген өлкөнүн элчилигинин ачылышы менен Кыргызстан менен Швейцариянын алакаларында эмне өзгөрүшү мүмкүн? Бул суроого Кыргызстандын Швейцария, Италия жана Лихтенштейндеги элчиси Гүлнара Искакова жооп берди.

- Кыргызстанда Швейцариянын элчилиги ачылууда. Бул окуянын мааниси тууралуу айтып берсеңиз?

- Швейцария абдан рационалдуу, бир маселени абдан ойлонуп, ошондон кийин гана чечим кабыл алган өлкө. Жарандарынын кулк-мүнөзү да ушундай, жөн эле оңго-солго кадам жасай беришпейт. Ошондуктан Кыргызстанда элчилик ачып жатканынын мааниси чоң.

Кыргызстанда болуп жаткан реформаларга, өзгөрүүлөргө, учурда жасалып жаткан иштерге карап, анан ушундай чечим кабыл алышты. Бул жагынан Кыргызстан менен Швейцариянын алакаларынын мындан аркы өнүгүшү үчүн абдан маанилүү кадам экенин белгилегим келет.

- Швейцария Кыргызстандын негизги донорлорунун бири. Маселен, 20 жылдан бери иштеп келаткан Швейцария кызматташуу бюросу тоолуу өлкөгө ар тараптуу жардамдарды берүүдө. Алдыда кандай долбоорлор турат?

- Туура айтасыз. Швейцария чындыгында биздин өлкөгө абдан көп көмөк көрсөткөн негизги донор өлкөлөрдүн бири. Акыркы 17 жылда 250 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүптүр. Ар бир жылы 13-14 миллион доллардан ашык жардам көрсөтөт экен.

Эми мындан ары биздин маалыматтар боюнча бул жардамды 50 пайызга чейин көбөйткөнү жатат. Бул абдан эле жакшы жардам болот. Бул жардамдар белгилүү бир багыттар, долбоорлор боюнча ишке ашып келет.

Мындан ары деле ушул долбоорлорду дагы тактап, аныктап, жардамды көбөйтүүнү караштырууда. Алар негизинен саламаттыкты сактоо, айыл-шаарлардагы инфраструктура жана мамлекеттик системаны реформалоо багытында колдоо көрсөткөнү жатышат.

- Элчиликтин ачылышы менен Европадагы эң туруктуу, бай өлкөлөрдүн бири болгон Швейцарияга кыргызстандык жарандардын билим алуусуна жана эмгектенишине кеңири жол ачылышы ыктымалбы?

- Туура белгилеп жатасыз, элчиликтин ачылышы менен мүмкүнчүлүктөр көбөйөт. Түздөн-түз сүйлөшкөнгө, көйгөйлөрдү талкуулап, мамилелерди курууга жакшы шарт түзүлгөн. Бирок муну менен биздин жарандар дароо эле Швейцарияга барып, иштөөгө шарт түзүлөт деп айтуу кыйын. Себеби бул өлкөдө миграциялык режим абдан катуу, эрежелер сакталышы керек.

Бирок кандайдыр бир долбоор, программалардын алкагында буга мүмкүнчүлүк ачууга болот. Негизинен Швейцарияда көп эле адамдардын Кыргызстанга кызыгуусу күч. Тоолорубуз, көлдөрүбүз, дегеле табиятыбыз окшош. Элибиз ачык-айрым. Алар бизди өздөрүнө окшоштуруп абдан кызыгышат, жылуу пикирлерин ар дайым айтып келишет.

Бул жаатта иш алып барууну каалаган туристтик компаниялар абдан көп. Маселен, жакында эле бизнес жаатында иш алпарган компаниялардын бири ишкерлерди топтоп Кыргызстанга алып келип, жеринен таанышып келишти.

- Швейцария көп улуттуу, тоолуу аймак. Кыргызстан бул өлкөдөн эмнелерди үлгү тутса болот? Мисалы, толеранттуулук же туризм менен киреше табуу жагын үйрөнсө болот деп айтып калышат эмеспи.

- Булардан үйрөнө турган абдан көп нерсе бар. Биздин шарттарыбыздын окшоштугун эске алсак, алардын өнүгүү багытын, жолун үйрөнүп, өзүбүзгө керектүү нерселерди алсак болот. Маселен, биздин ишкерлер алардын ишкердик жүргүзүү ыкмаларын үйрөнсө деле жакшы болмок. Булар бир нерсени жасаардан мурун жети өлчөп, бир кесип, ишинен жыйынтык чыгаарына көзү жеткен соң жасай баштайт. Муну менен катар туризм, тоо туризми жаатында бул өлкөнүн тажрыйбасы абдан эле кымбат деп айтсам болот. Алар өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр.

Ушул жылдын 21-сентябрында эки өлкө ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешменин жыйыны болду. Анда бир катар маселелер каралды. Маселен, биз тоо шартында тунелди куруу боюнча тажрыйбасын үйрөтүүнү сурандык. Анда белгилүү бир тунел курууга акча эмес, тунел куруунун технологиясын үйрөткүлө деп сурандык. Алар муну баалап, караштырып жатышат. Маселен, Нарындабы же Оштобу тоо шартында жол салууда технологиясын үйрөтсө, биздин инженерлер муну колдонушмак. Себеби Швейцария тоолуу өлкө болгон үчүн булар тунел салышып, муну жакшы өздөштүрүшкөн.

- Сырткы колдоо беленге тап, жатып ичерлик психологияны калыптандырат, ошондуктан, мисалы, даяр нерсени эмес, бир нерсени кандай даярдаш керектигин үйрөтүү кажет деп айтышат. Анын сыңары швейцариялык кайсы тажрыйба кыргыз кыртышына сиңе алды?

- Швейцария бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Алардын арасында таза, сапаттуу пахта өстүрүүнүн жол-жобосун үйрөткөн окуулар уюштурулду. "Таза суу" программасын ишке ашыруу боюнча колдоолорду көрсөттү. Ушул долбоорлордун алкагында Швейцария бир топ адамдардын көзүн ачып, ишкердикке мамиле кылуу боюнча бир топ баалуу кеңештерди берип, үйрөттү. Мындай окуулардын, тажрыйбанын негизинде бир топ адамдар бизнесин түптөштү. Мына ушундай жол менен беленге көнбөй, бир нерсени кантип өндүрүү, даярдоо керектиги боюнча тажрыйбага ээ болуп жатышат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG