Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары Марат Сыдыгалиев Кыргызстандагы мал ылаңы жаатындагы абал тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстан мал ылаңы боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат деп айрым эксперттер айтып жүрүшөт. Ош, Жалал-Абад облустарында күйдүргүнүн очоктору чыгып, адам өмүрүн алып кеткен учурлар болду. Азыр күйдүргү, бурцеллез сыяктуу оорулар боюнча абал кандай?

Марат Сыдыгалиев: Кыргызстандын экономикалык, бардык эле абалы кыйын болуп атат. Ал дагы биздин жанагы ветеринардык кызматка таасирин тийгизбей койгон жери жок, тийгизип атат. Анан эми дүйнөдө өтө жаман абалдабыз деп айтсак туура болбой калат. Кошуна өлкөлөрдө деле бизде кездешкен мал ылаңдары катталып атат, ошол эле Орусия, Казакстан, Тажикстанда деле кездешип атат.

Мурунку советтер союзуна кирген өлкөлөрдүн көбүндө абал бирдей деп айтсак болот. Эми алдыга кеткен өлкөлөр бар деңизчи, жанагы Балтика боюндагылар, Латвия, Литва, Эстония. Ал эми Борбор Азиядагы өлкөлөрдө баарыбыз эле бирдей десек болот мал ылаңы боюнча абалды алсак.

Анан эми биздеги абалга конкреттүү токтоло кете турган болсок, мына сиз түштүктө күйдүргүдөн буга чейин киши өлүмү да болгонун айтып атпайсызбы. Быйылкы жылы ошол күйдүргү деген оору менен адамдар да ооруп, бирок кудайга шүгүр адам өлүмү болгон жок. Кутурмадан болуп атат. Мына түштүк облусунан кутурмадан бүгүнкү күнгө үч адам каза болду.

Ал эми бурцеллез оорусун ала турган болсок, бул оору боюнча Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” долбоору башталган. 2008-жылдан баштап Ак-Талаа районунан пилоттук долбоор башталган. Ошол жылы Ак-Талаа районундагы ургаачы малдар, койлор көзгө тамчылата турган, эл аралык талапка жооп берген дары менен эмделе баштаган. Биринчи жылы 25 миң койдун көзүнө ошол дары тамчылатылган, 2009-жылы Ак-Талаа районундагы мал толугу менен бурцеллезго каршы эмдөөдөн өтүп, ошол эле жылы Нарын облусун толугу менен камтып кеткенбиз. Андан тышкары 2010-жылдан баштап Нарын облусундагы жаңы туулган төлдү толук эмдөөдөн өткөрүп, Ысык-Көл, Чүй облустарында жазгы эмдөөлөр бүтүп, бүгүнкү күнү бул үч облуста күзгү эмдөөлөр толугу менен бүттү.

Эми жыйынтыктары кандай болуп атат? Буйруса абдан жакшы болуп атат. Мисалы Нарын облусунда 2009-жылы адамдардын бурцеллез менен оорусу 2008-жылдарга караганда эки эсеге кыскарды. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Аталган эмдөөдө колдонулган дарынын иммунитети эки жылдан төрт жылга чейин сакталат экен. Биз эми көрсөтмөгө ылайык ургаачы малдын баарына жыл сайын ийне сайып бүткөндөн кийин, кийинки жылдары алардын үч айлык төлүнө гана ийне сайып жүрүп отурабыз.

Буйруса эмки жылы жаздан баштап, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында бурцеллезго каршы эмдөөлөрдү жүргүзөбүз. Мындайча айтканда биз үч облустан тажрыйба алып, бул ишти кандай уюштуруш керектигин билип калдык. Менимче калган төрт облуста да ушундай эле ийгилик болот деген ойдобуз.

“Азаттык”: Марат мырза, жеке менчик ветеринардык кызматтардын ачылусуусу дагы бул тармактагы маселелерди жолго коюуга жардам берери айтылып келди эле. Ошол менчик ветеринардык кызматтардын ачылуусуна көмөк, шарттарды түзүп берүү жагы кандай?

М.Сыдыгалиев: Абдан туура маселе коюлуп атат. Чындыгында ачык айтып коюш керек, Кыргызстанда малдын санына ветеринардык кызматкерлердин жетишсиздиги сезилип атат. Биздин отчеттук маалыматтар боюнча, биз айыл жергесинде 40 пайыздай гана ветеринардык адистер менен камсыз болгонбуз. Республикалык, облустук, райондук деңгээлде биздин мамлекеттик ветеринардык кызмат иштейт.

Андан ылдыйкы деңгээлде, айылдык деңгээлде биздин мамлекеттик кызматкерлер жок. Кыргызстандын, жардам берип аткан донорлордун, өкмөттүн дагы айыл жергесинде мамлекеттик ветеринардык кызматтарды ачып бергенге мүмкүнчүлүгү болбой атат. Азыркы стратегия – менчик ветеринардык адистерди үгүттөө иштерин жүргүзүү, ар кандай долбоорлор менен жардам берип, көмөк кылып атабыз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 750 менчик ветеринардык кызматтар бар. Аларда 1070 ветеринар-адистер иштейт. Булардын көпчүлүгү, ветеринардык кызматтардын жетекчилеринин көбү жогорку билимдүү. Алардын алдында жанагыдай веттехниктер, Ветеринардык санитарлар иштейт. Бурок бул жетишсиз. Бир аз мурун айтып кеткендей, малдын башына 40 пайыз гана мал докдурлар менен камсыз болгонбуз. Бул жагынан чындыгында кыйынчылыктар болуп атат.

Бирок кайра эле жанагы Ак-Талаа районунун мисалын келтире кетейин. Былтыр эмдөөлөрдү жүргүзүп атканда бул программа боюнча ветеринардык адистердин кылган кызматы үчүн акча каражаты каралган болчу. Дүйнөлүк банк жанагы долбоордун эсебинен ар бир баш малды эмдөөгө алты сомдон карап берген. Ошондо былтыр Нарын облусу боюнча 6 миллион сомду менчик ветеринардык кызматтарга төлөп бердик. Бул жерде айыл жергесинде менчик гана мал догдурлар иштейт. Биздин өкмөттүк кызматтагы бир дагы кызматкер ал ишке кийлигишпейт. Ошондуктан менчик ветеринардык кызматкерлер 6 миллион сом алып, мал догдурлардын алды бир эле эмдөө жүргүзүү иш-чарасы маалында алды 30-40 миң сомдон акча табышты. Ошондон кийин Бишкектеги Агрардык университеттеги ветеринардык факультетке Нарын облусунан келип тапшыргандардын саны дароо өстү. Азыр ал жакта билим алып аткан болочок ветеринарлардын көбү Нарындан. Мына, материалдык кызыкчылык болгондон кийин, менчик ветеринардык кызматтарга колдоо болуп аткандан кийин эл арасында кызыгуу көбөйдү. Азыр ветеринардык кызматкерлердин бул кесип боюнча ойлору да өзгөрүп, акчабызды жакшы төлөп берет экен деген кызыгуу пайда болду.

“Азаттык”:
Рахмат.
XS
SM
MD
LG