Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Сириядагы тынчтык жараянына байкоо салган Бакыт Алыбеков


Бакыт Алыбеков БУУ-Араб лигасынын Сириядагы чабарманы Кофи Аннан менен Дамаск шаарында. 29.05.2012
Бакыт Алыбеков БУУ-Араб лигасынын Сириядагы чабарманы Кофи Аннан менен Дамаск шаарында. 29.05.2012

Кыргызстан Улуттар Уюмунун алкагында калабалуу аймактарда тынчтык орнотуу ишине салым кошуп келатат. Майдын башында кыргызстандык 7 жоокер Сириядагы байкоочулар миссиясына кошулушту. Дамаскта кызмат өтөп жаткан Бакыт Алыбеков менен "Азаттык" телефондон байланышты.

Айнура Жекше кызы: Бакыт, саламатсыңарбы! Кандай жеттиңер? Кыргызстандык байкоочулар Сириянын ар кайсы шаарларына жайгаштырылганын уктук. Бул жолку миссиянын максаты жөнүндө айтып берсеңиз.

Бакыт Алыбеков: Буюрса, жакшы жеттик, майрамда, 9-майда келип калдык. Кыргызстандан 7 киши келгенбиз. Бөлөк-бөлөк жерлерге жөнөтүштү. Мен Дамасктагы штабдамын. Биз бул жерде БУУ Баш катчысынын атайын чабарманы Кофи Аннан иштеп чыккан пландын сакталышына байкоо салуудабыз. Планга ылайык, Сирия өкмөтү жана оппозиция куралдуу зомбулукту токтотуу боюнча милдеттенмелерди аткарышы керек. Андан тышкары биз гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыздайбыз. Бирок негизги ролубуз – тынчтык планынын аткарылышына байкоо салуу.

Айнура Жекше кызы: Ким ок чыгарганын силер кантип аныктайсыңар?

Бакыт Алыбеков: Биз аныктабайбыз. Ал үчүн БУУнун атайын бөлүктөрү, механизмдери бар. Биз окуя болгон жерге барабыз, бардык тараптардын ок атышуусун токтотуу жана оор курал-жарак колдонбоо жөнүндөгү келишимге каршы келген фактыны тастыктайбыз. андан кийин жогору жактагыларга доклад жасап турабыз.

Айнура Жекше кызы: Көчөлөрдү кайтарасыңарбы?

Бакыт Алыбеков: Ар бир шаарда күнүгө кайгуулга чыгабыз. БУУнун бейпилдик орнотуучулары 7 шаарга жайгаштырылган. Күнүгө көчөлөргө чыгып, кырдаалга байкоо салышат.

Айнура Жекше кызы: Силердин топто ар башка өлкөлөрдөн келген жоокерлер болсо керек, өз ара англисче сүйлөшөсүңөрбү?

Бакыт Алыбеков: Ооба, англис тилин билүү БУУнун контингентинде кызмат өтөө үчүн биринчи талаптардын бири болуп саналат. Себеби жалаң англисче сүйлөйбүз. 40тан ашуун, тагыраак айтсам 43 өлкө Сириядагы миссияга өз өкүлдөрүн жиберишкен.

Айнура Жекше кызы: Бир нече күн мурун силер бараткан машинеге ок жаадырышканын уктум. Байкоочулардын коопсуздугу үчүн ким жооп берет?

Бакыт Алыбеков: Сирия өкмөтү көзөмөлдөгөн аймактарда алар өздөрү коопсуздукту камсыздашат. Өз кезегинде оппозиция анын контролундагы жерлерде биздин коопсуздугубузду камсыздоого тийиш. Бирок кээде, өзгөчө ушундай тирешүүлөрдө, БУУнун унааларын аткылаган учурлар да болот. Ким атканын, эмне үчүн атканын билбейбиз. Биз ок өткөзбөгөн бешмант жана БУУнун көк каскаларын кийип жүрөбүз.

Айнура Жекше кызы: Жайкын жашоочулар силерди кандай кабыл алышат? Жек көрүү маанайы барбы же, тескерисинче, жылуу тосуп алышабы?

Бакыт Алыбеков: Башка шаарларды айта албайм. Бирок Дамаскта шаарды аралап, ээн эркин эле жүрө берсе болот. Элдер жакшы маанайда эле кабыл алышат.

Айнура Жекше кызы: Дамаск кооз шаар болсо керек?

Бакыт Алыбеков: Ооба, кооз, байыркы шаар экен. Курулуштар көп экен. Мына азыр терезеден карап отурсам, абдан көп жаңы курулуп жаткан имараттар көрүнүп турат. Кыскасы, турмуш уланууда, дүкөндөр ачык, телевизор көрүп, радио уга алабыз, бардыгы кадимкидей иштеп атышат. Албетте, Хомс же Хама өңдүү башка шаарларды айтканым жок. Ал жакта ок атышуулар болуп, абал кыйла эле курч.

Айнура Жекше кызы: Бакыт, сиз буга чейин кайсы жерде кызмат өтөдүңүз эле? Бейпилдик контингентинде кызмат өтөө тажрыйбаңыз барбы?

Бакыт Алыбеков: Ооба, чоң эле тажрыйбам бар. Эки жолу Суданда болгом. Биринчи жолу 2006-2007-жылдары 1 жарым жылдай болуп келгем. Кийин 2010-2011-жылдары ошол эле жерге жөнөтүлгөм.

Айнура Жекше кызы: Суданда болуп келтиптирсиз, эми Сириядасыз. Сиздин пикириңизде, байкоочулар, тынчтык орнотуучулар жаңжалдын очокторунда чыр-чатактарды жөнгө салууга чын эле жардам бере алышабы?

Бакыт Алыбеков: Жаңжалдашкан, жаатташкан эки топ болгондо аларды тынчытып, ортомчу түшө турган үчүнчү тарап болууга тийиш. Биз дал ошондой ролду аткарабыз. Бардыгы көк каскаларды жакшы таанып, билип калышкан. Көк каскачандардын арасында дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде кызмат өтөгөн кыргызстандык уландар көп эле. Жаңжалдарды чечүүдө алар дүйнөлүк сахнада маанилүү роль аткарышат.

Айнура Жекше кызы: Бакыт сиз Улуттар Уюмунун бейпилдик жоокери болгонуңузга сыймыктанасызбы?

Бакыт Алыбеков: Албетте. Баса, биз менен бүгүн Кофи Аннан жолугушуп кетти. Кол алышып, "Саламатсыңарбы!" деп бири-бирибиз менен учураштык. Эми "колумду бир ай жуубайт окшоймун" деп тамашалап жатам (күлүп).

Айнура Жекше кызы: Рахмат, Бакыт. Миссияңарды бүтүрүп, Мекенге аман-эсен кайтып келгиле.

Бакыт Алыбеков: Силерге да рахмат.

XS
SM
MD
LG