Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстан Сирияга кеткен жарандарын кайтаруу, барууга камынып жаткандарды айнытуу жолдорун издеп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жакында эле эки кыз кайтып келгенин ачыкка чыгарды. Ушул тушта 70тен ашуун жаран Сирияда жүрөт. Алты адамдын окко учканы маалым болду. Сирияда согушкерлерден машыгуудан өтүп келип, Кыргызстанда теракт уюштурууга камданып жаткан деген шек менен айрым топтор кармалууда.

Алданганбы же арбалганбы?

24 жаштагы Асел кан күйгөн Сирияга барып кайра кайтты деген эки кыздын бири. Өзү айтып берген таржымалга караганда, баары интернеттеги таанышуудан башталган:

- Башында мен интернеттен бир бала менен таанышкам. Сүрөтүндө аябай жакшынакай, динге ишенген жигит экен. Таанышкандан кийин экөөбүз соода кылууну, Түркиядан товар алып келип сатууну сүйлөштүк. Стамбулга келгенимде, тосуп алганда сүрөттөгү эмес, башка бала болуп калды. Көргөндө жаккан жок. Ал болсо “мен жактырып калдым, нике кыйдыралы” деди. Мен Бишкекке келе бердим. Телефон номурумду өзгөртүп, интернетти колдонбой калдым.


Улуту ким экенин билбеген, өзүнөн 5-6 алты жаш улуу бул адам Аселди анын эжеси аркылуу кайра таап алган экен. Түркияга экинчи ирет барып, Сирияга кантип өтүп кеткенин айтып берди:

- Мага турмушка чыкпасаң, анда чогуу бизнес кылалы деди. Кайра сүйлөшө баштадык. Мага Сирия жөнүндө сүрөттөрдү, видеолорду жөнөтүп турду. Сирияга барып, көрүп келели дей баштады. Мен макул болдум. Ал мага Стамбулга билет алды. Сирияга Түркиянын чек арасынан мыйзамсыз өтүп бардык. Ал жактан адамдардын жашоо-шартын көрүп, жактырбадым. Бардык аялдар жабык жүрүшөт. Эркектер менен сүйлөшкөнгө уруксат берилбейт экен. Кайра кетким келди. Туугандарым сарсанаа болбошу үчүн менин колума автомат берип, видеого тартып, аны туугандарыма жөнөтүштү. Кайра кайтуунун жолдорун издей баштадым. Акчага чек арадан өткөрүп кое турган ортомчу таптым. Колумда бир аз акча бар эле. Ноутбугумду, телефонумду сатып ал кишиге бердим, ал мени чек арадан өткөрүп койду. Анан түрк полициялары кармап, бул жакка жөнөттү. Барганыма өкүндүм, алданып калганымды билдим.

Асел Сирияда жалпысынан бир айга чукул жүргөн экен. Ушул тушта кан күйгөн жерде кыргызстандык канча кыз-келин жүргөнү тууралуу так маалымат жок. Ош облусунун атын атабаган бул тургуну да кызы Сирияга жүргөнүн айтып берди. Күйөө баласы Түркияда иштеп жүргөндө каза тапканын, 2 жашар баласы менен жесир калган 19 жаштагы кызынан кабар жок экенин атайын кызматтын өкүлдөрүнө муңканып айтып берген экен:

- Иним сүрүштүрүп билип келип, кызыңыз ошол жакка кетиптир деди. Каякка, качан, ким менен кеткенин эч ким деле билбейт. Энеси да билбейт. Кокус эле телефондон “мен кеттим” деген билдирүү келиптир. Энеси ошондон бери ооруканада, кандагы канттын өлчөмү жогорулап кетиптир. Баласын алып Өзбекстан аркылуу өтүп кеткен. Намаз окуйт эле. Өзү Кызыл-Кыяда медреседе окуп жаткан. Окуусун бүтүрө электе эле күйөөгө бергенбиз. Оромол менен жүрчү, көзүнөн башкасынын баарын бекиткен кийим кийчү эмес. Тирүүбү же өлүкпү билбейбиз. СМС жазып, мен ушул жердемин, жакшымын жүрөмүн дептир. Андан мурда кайнилери кеткен эле.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиришинче, Сирияга барган кыз-келиндердин көпчүлүгү сексуалдык кулчулукка кабылганы аныкталууда:

- Кыз-келиндердин Сирияга барышы чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Бизге кайрылган ата-энелер ошол жакта кыздары көпчүлүк учурда сексуалдык кулчулукка кабылганын айтып жатышат. Муну Сирияга барып келген 17 жаштагы Шахнура деген кыз дагы тастыктады. Аны Сирияга алып барып, жоочулардын бирөөсүнө нике кыйып коюшкан. Ал кыз аны сабап, токмоктоп, зордуктаганы тууралуу айтып берди. Эгер ал турмушка чыккан жоочу өлүп кала турган болсо, токтоосуз эле башка жоочуга нике кыйып коюшат. Ошентип кыздардын колдон колго өтүп жатканы өтө кейиштүү.

Даярдыктан өткөндөр...

Негизи Сирияга кетип жатат дегендер 18-26 жаштагылар. Ушул тушта расмий маалымат боюнча 70тей кыргызстандык жүрөт. Алты адам өлгөнү кабарланууда.

Ош облусунун 23 жаштагы тургуну досу экөө 2013-жылы июлда Сирияга барган. Бирок көп өтпөй эле кайра кайтып келген себебин өз оозунан угалы:

- Досумдун Орусиядагы таанышы акча салып, ошого Ошто Стамбулга билет алдык. Стамбулдан бизди бир түрк тосуп алды. Сириянын чек арасына чейин автобуска салып жөнөтүп жиберди. Рейхана деген жерде бизди дагы бир топ тосуп алды. Ал бизди чек арага чейин алып барды. Чек арадан болсо бизди бир араб өткөрдү. Мен арабдар чогуу бир лагерде болдум. Ал жаңы келген адамдар топтоло турган лагер экен. Машыгуудан өткөрө турган дагы бир лагери бар экен. Биз барганда согушка даярдай турган лагер бош эмес экен. Үч жума күтүшүңөр керек, лагер ошондо бошойт анан силер барып машыгасыңар дешти. Мен болсо машыгып үлгүргөн жокмун. Мен аларга кайра келем деп туруп кайтып келе бердим.

Бул 23 жаштагы жигит ушул тушта УКМКнын тергөө абагында камалып турат. Ал жалданып адам өлтүрүүгө даярданып жаткан деп айыпталууда:

- Ноябрь айында Сириядан балдар келди. Алар тигил жактан аскер амиринин тапшырмасы менен келгенин айтышты. Тапшырмасы - Оштон Сирияга бара турган балдарды чогултуп, аларды Ошто топтоп, Сириядан белги келишин күтүп туруу болчу. Биз ошого балдарды чогултуп жатканбыз.


Сириядан кайтып келди дегендердин арасында курал-жарак кармап, машыгып калгандары да болгон:

- Ал жактан бизге окшогон балдар жамаатына кошулуп, бир ай машыгуудан өтүп, оор куралдар менен таанышып чыкты. Ал жерден мен Калашников автоматын атканды, граната ыргытканды үйрөндүм. Согушка катышкан жокмун. Жаңы келгендерди чыгарбайт дешти. Коркуп кетпеши үчүн секин-секин үйрөтүп, 3-5 ай даярдайт экен.


Атайын кызматтын билдиришинче, Сириядан машыгуудан өтүп келип, Кыргызстанда теракт уюштурууга, колунда бар адамдарды тоноп, тапканынын теңин өзү алып, жарымын Сирияга жөнөткөнү жаткан деген шек менен 7 топ кармалды. Ушул тушта 25тей адам УКМКнын тергөө абагында отурат. Алардын арасында уюштуруучу катары мечитте иштеген, медреседе сабак берип жүргөн молдолор да бар экен. Бул молдо бирок өзүнө коюлган жихадга чакырган деген айыпты четке кагууда:

- Жаш кезимде билим алып, араб тилин үйрөнүп, 2005-жылы Сирияда окугам. Диплом алып кайткам. Айылдын молдосу болгондуктан балдарга да сабак берчүмүн. Куранда жихад тууралуу аяттар көп. Ошолорду түшүндүрүп берчү элем. Бирок Кыргызстандан башка жакка барып, жихад кылгыла деп чакырган эмесмин.

"Кеткендердин жанында акча болгон"

Кыргызстандык жарандар Сирияга Кызыл-Кыядан кетип жатканы маалым болгон. Күч органдарынын оперативдүү маалыматына ылайык, Сирияга кетти деген 40тан ашуун адамдын көбү кайтып келди. Алардын биринин атасы, башка балдардын туугандары, жана депутат Мирлан Бакиров болуп уулдарын Түркияга чейин издеп барып келген экен:

- Түркиянын прокуратурасына жардам бергиле деп кайрылдык. Биз келгенден кийин балам 20 күндөн кийин “мен кайра келгени жатам” деп өзү чалды. Бишкекке учуп келди. Ал жактан УКМК суракка алды. Менин балам менен кеткендердин баары өздөрүнүн каражатына кеткен. Мисалы, менен балам 120 миң сом алып кеткен. Баары ушундай сумма менен чыгып кеткен. Буларды кимдир бирөө азгырып атат деп уккан деле жокпуз. Баары маалыматты интернеттен алып, ошол аркылуу чыгып кетишкен,-
деди Сирияга кеткен жигиттин атасы.

ИИМдин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы Эмил Жээнбеков Сирияга кеткендер, кайра кайткандарга байланыштуу кооптонуулар негиздүү экенин кеп салды:

- Негизи маалыматты интернеттен алып жатышат. Андан сырткары албетте кээ бир адамдар, кээ бир топтор аларга кеткенге жардам берет. Сирияга кетип жатканын өзү эле чоң коркунуч. Себеби, түз жашаган адам эч качан мындайга барбайт. Демек, кандайдыр бир экстремисттик, радикалдык шарттын курмандыгы, ошол абалга чалдыккандан адамдар. Ошондой көз карашка сугарылган адамдар. Булардын көз карашынын жайылышы коомдогу терс көрүнүш. Сириядагы жаңжалга катышып келген, ал жактагы окуяларды көргөн адамдардын кайтып келүүсү бул башка маселе, бул башка коркунуч.

Ушул тушта Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы аймактагы казылар, имамдар болуп түшүндүү иш-чараларын күчөтүп жаткан экен. Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов бул эң негизги максат экенин белгиледи:

- Активист жаштардын жардамы менен, Сирияга көп кетип жатат делген аймактарда, ошол эле Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында тренингдерди өткөрүп жатабыз. Биздин негизги иш ушундай окуялардын алдын алуу, жаштарга түшүндүрүү. Сирияда болуп жаткан окуя бир өлкөнүн өз ара саясий иши, аны жихад деп атаганга болбойт деген ойду жеткирүү максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Ош облусунун казысы Ниязали Арипов ата-энелердин да жоопкерчилиги болушу керек деген пикирде:

- Жихад, ислам жолунда күрөшүү, Кудай үчүн күрөшүү деген ишенимге алданып, азгырылып кирип калгандар да бар. Чындыгында бул билбегендиктен, маалыматтын тайкылыгынан келип чыккан көйгөй. Анан аларды атайын кызыктырып, акча берилет, жардам берилет деген кызыктыруулар да бар. Эми Сирияга аябай эле көп кетип калды деген жоромол болбошу керек. Албетте кетип жаткандары жакшы эмес. Алдын алууну аябай күчөтүшүбүз керек. Бир эле мечитке келгендерге эмес, ар бир ата-эне, үй-бүлөлөргө дагы түшүндүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Ата-эне баласы каякка кетип жатат, кайсы мечитке барып намаз окуп жатат, диний устаты ким деп кызыгышы керек. Ата-эненин, үй-бүлөнүн жоопкерчилиги да болушу керек.


Бул маселени Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да колго алды. Комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев “Азаттыктагы” маегинде эң ириде диниятчыларга байланыштуу алешимдиктерге токтолду.

- Биздин айрым аймактарда диний экстремисттик идеологиянын таасири күчтүү. Ал жерде бул идеологияга каршы иш жүргүзө турган мечиттин имамдардын кээ бирлери өздөрү да кошулуп кеткен. Кээ бирлери билмексенге салып ичинен колдогон саясатка өтүп алган. Андан сырткары экстремисттик идеологияны ачык эле жайылтып жүргөндөр да бар. Жаштар ошол идеологияга тарбияланып, ошол жагдайга бир тууган мусулмандарыбыз Сирияга кыйынчылыкка дуушар болуп жатат, ал жакка барып жихад жарыялап катышуу биздин милдетибиз деп жиберип жатышат. Андан сырткары акча фактору да бар. Бир канча факторлор таасир этип жатат. Дагы бир маселе: экстремист-террорчулар ар дайым демократияны өз кызыкчылыгына карап пайдаланып келишкен. Каалаган жагына баруу эркиндиги бар, башка мамлекетке чыгып алып ал жактан ар кандай жолдор менен Сирияга кетип калып жатышат.

Молдалиев диниятчыларды ханафи-масхабына ылайык тандоо жүргөнү жатканын билдирди:

- Жакында казылар аттестациядан өтөт. Алардан кийин башкы имамдар, имамдар аттестациядан өтөт. Бул орундарга биздин ханафи-масхабына ылайыктуу, ушул масхабда иш жүргүзө турган гана адамдар коюлат. Идеология менен ушундай идеологиялык жол менен гана күрөшүүбүз керек. Ачык айтайын, кийинки жылдарда Муфтият диний иштерди туура жүргүзгөндөн алыстап, ажылык сапар жана башка маселелерге көбүрөөк көңүл бурулуп калган. Алар жаштарга үлгү болгондун ордуна терс мисал болуп калган.


Ушул жылы февралда Коргоо кеңеши өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулаган. Анда президент Алмазбек Атамбаев абалды опурталдуу деп баалап, диниятчылардын ишин сынга алган. Анда айтылган анализ, тыянактын негизинде Дин саясаты боюнча концепция даярдалды. Ушул тушта бардык аймакта коомдук талкуудан өттү. Айтылган сунуш, сын-пикирлердин негизинде кайра оңдотуу, кошумча-алымча киргизилип жатат. Андан соң мыйзамдарга өзгөртүү кирмекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG