Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Алатоолук сегиз байкоочу Сирияга аттанат


Сирия -- БУУнун байкоочулары Дамаскта, 18-апрель, 2012.
Сирия -- БУУнун байкоочулары Дамаскта, 18-апрель, 2012.

Кыргызстандан Сирияга сегиз байкоочу барышы боюнча чечим БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык кабыл алынды.

Кыргызстан чыр-чатак, куралдуу кагылыш болгон өлкөлөрдө тынчтык орнотуу миссияларына катышып жүрөт. Адистердин пикиринде, мунун пайдадан башка зыяны жок.

Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Таалай Кыдыровдун “Азаттыкка” маалымдашынча, эл аралык деңгээлде байкоо жүргүзүүгө даярдыгы жетик жети талапкер тандалып алынды, дагы бирөө издештирилип жатат. Тышкы иштер министрлиги болсо зарыл документтерди камдоого өттү:

- Атайын документтер топтому керек. Саламаттыгы боюнча медициналык кароодон өтүшү керек. Белгилүү бир стандарттарга жана талаптарга жооп бериши керек. Азыр ушундай жарамдуу жети талапкерди тандап алдык. Алар тил да билиши керек. Анткени чет тилде маектешүүдөн өтүшөт. Ошондуктан талапкерлерди тандоого убакыт керек.

Тандалып алынган талапкерлердин басымдуу бөлүгү Коргоо министрлигинин кызматкерлери. Аталган министрликтин маалымат катчысы Майрамбек Мусиев мындай жооптуу эл аралык миссияга камбыл 60 офицер бар экенин айтып берди:

- Алардын арасында мындай эл аралык миссияга катышып жүргөндөр бар. Биринчи жолу катышканы жаткандар бар. Бүгүнкү күндө биздин үч кызматкерибиз ушундай миссияга катышып жүрөт. Офицерлерди четке жөнөтүүнү биз чечпейбиз. Биз Тышкы иштер министрлигине тизме жөнөтөбүз. Алар төп келгендерин тандап алышат. Мындай тизмени биз беребиз, Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы, кыскасы күч структураларынын баары берет. ТИМ болсо ичинен тандап алат.

Кыргызстандык байкоочулар Сириядагы куралдуу кагылышты токтотуу жараянына көз салышат жана БУУнун атайын элчиси Кофи Аннандын Тынчтыкты орнотуу планынын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.

БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Таалай Кыдыровдун билдиришинче, Сирияда чет өлкөлүк байкоочулардын коопсуздугуна ырасмий Дамаск жооп берет:

- Байкоочулар өлкөнүн борбору Дамаск шаарында болушат. БУУнун атайын чабарманы Кофи Аннан сунуштаган тынчтыкты орнотуу планына жараша Ал жакта коопсуздукка Сирия өкмөтү жооп берет. Негизи 60тан ашык өлкөдөн байкоочу жөнөтүү каралып жатат. Азыр бул дагы талкууланууда. Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биз гана сунуштап жатабыз. Кыргызстан тынчтык орнотуу жараяндарына көптөн бери эле катышып жүрөт. Анткени бул тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуудагы маанилүү инструмент. Өзүбүздүн кудурет-мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша катышабыз. Ушу тушта биздин 25 өкүл алты Африка өлкөлөрүндө жүрөт.

Талдоочу Орозбек Молдаилевдин пикиринде, БУУнун ишеним ишараты Кыргызстан үчүн оң мааниге ээ:

- Биздин ушундай эл аралык миссияларга катышкан активдүүлүгүбүз Кыргызстан жөнүндө, Кыргызстанга жардам боюнча, дагы башка маселелер болгондо өзүнчө бир пункт болуп дайыма каралат. Өзү кичинекей мамлекет болгон менен эл аралык маселелерге активдүү катышып жатат, колунан келишинче жардам берип жатат деген сөз болот. Бул эл аралык кадыр-барк жактан жакшы. Өзүбүзгө башка жагынан алып караганда биздин адистер ошондой иш-чараларга катышып кайта келгенде тажрыйбасын жайылтышы керек. Мунун баары илгери-кийин өзүбүзгө пайдасы тийе турган нерсе.

Алатоолук сегиз байкоочу Дамаскка май айынын ортосунда жөнөп кетет.

Сирияда бир жылдай убактан бери куралдуу кагылыш токтобой жатат. Азыр Бириккен Улуттар Уюмунун атайын чабарманы Кофи Аннандын элдештирүү планына ылайык, 150 байкоочу жүрөт. Дагы 300 байкоочу ушул айда кезмектешип бармакчы.

XS
SM
MD
LG