Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

ИИМдин маалыматына ылайык, Сирияга кетип жаткан кыргызстандыктардын саны 80ге чамалады жана онго жакынын аялдар түзөт.

Кыргызстанда диний экстремизмдин 70тей очогу бар. Соңку учурда экстремизмге байланыштуу кылмыштын саны өсүүдө. Адистер айрыкча аялдар активдеше баштаганын белгилешет.

Кыргызстандык жарандарды Сирияга барууга азгыруу, чакыруу жана жөнөтүү боюнча жыл башынан бери 15 факт катталып, 8 кылмыш иш козголду. Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жетекчи орун басары Эмил Жээнбеков соңку кездери экстремисттик топтор бул максатта интернетти кеңири колдонуп жатканына токтолду:

- Ушул тушта Сирияда 80дей биздин жаран жүргөнү белгилүү. Ал жакта жүрүп каза болгон фактылар да бар. Сирияга барууга үндөгөн, чакырган билдирүүлөр интернетте абдан кеңири жайгаштырылган. Ага каршы иш-аракеттерди көрүп жатабыз. Кырдаалды мындай сайттардын көптүгү жана көзөмөлдүн жоктугу оорлотуп жатат. Биз азыр кантип көзөмөлдөө керек деген маселени карап жатабыз. Интернет булактар күндөн күнгө көбөйүүдө. Биз мындай сайттарга эскертүү берүү, жабуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз.

ИИМдин маалыматына ылайык, Сирияда жүрөт деген 80дей жарандын онго жакынын кыз-келиндер түзөт. Алар негизинен “согуш аялы” деген миссияны аткарууда. Тактап айтканда, ал турмушка чыккан согушкер өлсө, башкасына турмушка чыга алат, ошентип колдон колго өткөн фактылар бар. Сирияда согушкерлерден машыгуудан өтүп келип, Кыргызстанда теракт уюштурууга камданып жаткан деген шек менен айрым топтор кармалганы маалым.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев “Азаттыктагы” маегинде Сирияга байланыштуу маселелерди негизинен диниятчылардын ишиндеги алешемдиктер менен түшүндүргөн эле:

- Биздин айрым аймактарда диний экстремисттик идеологиянын таасири күчтүү. Ал жерде бул идеологияга каршы иш жүргүзө турган мечиттин имамдардын кээ бирлери өздөрү да кошулуп кеткен. Кээ бирлери билмексенге салып ичинен колдогон саясатка өтүп алган. Андан сырткары экстремисттик идеологияны ачык эле жайылтып жүргөндөр да бар. Жаштарды ошол идеологияга тарбиялашып, бир тууган мусулмандарыбыз Сирияда кыйынчылыкка дуушар болуп жатат, ал жакка барып жихад жарыялап катышуу биздин милдетибиз деп жиберип жатышат. Андан сырткары акча фактору да бар. Бир канча факторлор таасир этип жатат. Дагы бир маселе: экстремист-террорчулар ар дайым демократияны өз кызыкчылыгына карап пайдаланып келишкен. Каалаган жагына баруу эркиндиги бар, башка мамлекетке чыгып алып ал жактан ар кандай жолдор менен Сирияга кетип калып жатышат.

Адистер кыргыз коомчулугу барган сайын радикалдашып жатканын белгилеп келишет. Дин маселелери боюнча эксперт Назира Курбанова мунун бир катар себептерин белгиледи:

- УКМК, ИИМ алар өздөрүнүн ыкмасы, күч ыкмасы менен иштеп жатат. Ал эми биз, жарандык коом, диниятчылар идеологияга таянышыбыз керек. Мисалы, эмнеге жихад кылганга болбой турганын, бул же тиги экстремисттик топтун, же идеологиянын туура эместигин илимдин негизинде түшүндүрүп беришибиз керек. Мына азыркы учурда аялдарды азгырган учурлар көп болуп жатат. Негизинен элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртмайынча мындай маселелер жарала берет. Коомдун радикалдашуусун өзүнчө маселе катары карабоо керек. Ал саясий, коомдук жана экономикалык маселелер менен чогуу чечилет.

Быйыл жыл башынан бери диний экстремизм боюнча жалпысынан 180ден ашык факт катталды. Бул былтыркыга караганда көп. Айрыкча экстремисттик кылмыштар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында басымдуулук кылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын диний сабаттуулугун жогорулатуу, экстремизм-терроризмге каршы натыйжалуу чара көрүү үчүн “Ыйман” деп аталган фонд түзүлгөн эле. Бүгүн, 3-июнда аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, жакын арада жасала турган иш-чаралар аныкталды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG