Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеваны митингге жолотпой коюшту


Текебаевдин жактоочуларынын митинги.
Текебаевдин жактоочуларынын митинги.

Бишкекте "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган митинг учурунда укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын сөз сүйлөшүнө уруксат берилген жок. Бир катар катышуучулар ал "өз кызыкчылыгын көздөп жатат" дешип, кетишин талап кылышты. Кайым айтышуулардан кийин укук коргоочу митингден кетип калды.

Үмөталиева менен Текебаев буга чейин бири-бирин сындап келгени белгилүү.

Ал тапта митингдин катышуучулары депутат бошотулмайынча тарабай тургандыктарын айтышууда.

Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү "Манас" аэропортунда Стамбулдан Бишкекке келген маалда кармалган. Башкы прокуратура ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Буга депутаттын партиялаштары, тарапкерлери, жарандык активисттер нааразы болуп аны бошотууну талап кылып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG