Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Кыргыз жараны Сириядан үй-бүлөсүн алып келди


Кыргызстандын жараны Ольга Ладанова күйөөсү Мохаммед Зинзан, уулдары Руслан жана Раян менен.
Кыргызстандын жараны Ольга Ладанова күйөөсү Мохаммед Зинзан, уулдары Руслан жана Раян менен.

20-февралда Сириядан үй-бүлөсү менен Бишкекке келген Кыргызстандын жараны Ольга Ладанова келечегин киндик каны тамган Ала-Тоо жеринде көрүп, турмушун жеңилдетиш үчүн күйөөсү менен эки уулуна жарандык алып бергени жатат. Бул үй-бүлөнүн чөнтөгүндө болгону 20 доллар бар.

Акыркы эки жылдан бери Ольга Ладанованын үй-бүлөсү үчүн бул түндөр биринчи жолу тынч өтүп жатат. Ал эми беш жаштагы улуу баласы болсо эшиктеги суук менен баткакка карабай жыргап ойноп жүрөт. Ладанова күйөөсү жана эки уулу менен Бишкекте турган апасында убактылуу жашашууда.

“Сегиз жылдан берки жашообуз ушул эки чакан чемоданга батты, - дейт 30 жаштагы Ольга жерде жаткан көк чемодандарды көрсөтүп. – Кудайга шүгүр, аман-эсен калдык, калганы акырындан болот”.

Сириядагы жашоо

Ладанова үй-бүлөсү менен жашаган суук бөлмөдө маектешип жатканда жаныбызда анын сириялык күйөөсү Мохаммед Зинзан отурду. Зинзан буга чейин Кыргызстанга келип турчу экен. 2000-жылдардын башында келишим боюнча Кыргызстанга иштегени келгенде Ольга менен таанышып, 2003-жылы аны мекенине алып кеткен. Борбор калаа Дамаскта жашап, эки уулду болушту – Руслан беш жашта, Раян он айлык.

- Кыргызстан мага жаратылышы, абасы менен абдан жагат. Бизди кабыл алганыңарга чоң ыраазычылыгымды билдирем, анткени балдарымдын психологиясы бузулду. Эшикте аткылоо болуп атканда беш жаштагы балам кайсы үлгүдөгү мылтыктан от чыкканын, кайсы танк атып атканын жөн эле айтып берет. Көчөдө балдар окторду чогултуп алып, кимиси канчаны тапканын санашат. Ушул да оюнбу?

2011-жылы Сирияда башталган жарандык согуштан БУУнун маалыматы боюнча кеминде 70 миң адам набыт болду.
2011-жылы Сирияда башталган жарандык согуштан БУУнун маалыматы боюнча кеминде 70 миң адам набыт болду.
“Мен саясаттан алысмын, андай нерсеге эч качан кызыкчу эмесмин. Бирок бул саясий тараптардын тирешүүсүнөн улам карапайым калк өлүп атат деп айтаар элем. Бул согуш – саясат. Азыр Сирияда адамдын өмүрү тыйынга да тете болбой калды. Адамдардын, балдардын жансыз денеси сыртта таштандылардын арасында, жардырылган имараттарда жатат. Бул согуш качан бүтөөрүн билбейм, эч ким билбейт”, - деп кошумчалайт ал.

“Сирияда согушка чейин жакшы жашачубуз. Мен үйдө отурдум, күйөөм иштеп, баарын камсыз кылып атты, - деп улантат Ольга. – Ал убакытта эч ким мындай болоорун билген эмес. Араб өлкөлөрүндө революциялар болуп атканда Хомс деген шаарда эл президентке каршы демонстрацияга чогулганда Асад аларды аткылай баштады, мына ошондон башталды. Маселенин баары Сирия калкынын жарымы президентти колдоп, жарымы каршы чыгып аткан үчүн болуп атат”.

Бишкекке сапар

Зинзандардын Дамасктагы үйү 2012-жылы жардырылып, байкесинин үйүндө дагы төрт үй-бүлө менен бир жылдай турушту. Жубайы февралдын башында Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз учагы менен өлкөдөн каалагандарды чыгарууга даяр экенин укканда, элчиликке барып, тизмеге кирип алган. Ошентип учак менен Москвага, андан ары Бишкекке келген.

Беш жаштагы Руслан Зинзан Сирияда достору менен окторду чогултуп ойноп жүрдү.
Беш жаштагы Руслан Зинзан Сирияда достору менен окторду чогултуп ойноп жүрдү.
“Самолет Сириянын түндүк тарабындагы Латаки шаарынан учмак. Дамасктан чыкканда ал шаарга жетебизби-жетпейбизби деп кооптонуп аттык. Биз автобуска биринчилерден болуп келгенде атышуу башталды. Сен каякта, качан атышуу башталаарын билбейсиң. Жөн эле турсаң кокустан баштала калат. Анан күйөөм автобустун айдоочусуна “кетпейликпи” деп айтса, “башкаларды албай кантип кетем” деп туруп алды. Анан биз кокустан ок тийип кетпесин деп автобуска жатып алдык”, - деп көз алдынан сыдырат Сирияда өткөн акыркы күндөрүн Ольга Ладанова.

Ал Сирияда турганда Кыргызстандан эч кимди кезиктирбептир, бирок мурунку Совет мейкиндигине кирген Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келгендерди көргөнүн айтты.

“Азыр алардын баары кетип калды. Дегеле кимдин мүмкүнчүлүгү бар болсо, баары кеткенге аракеттенип атышат, анткени бул жашоо эмес. Нан алтынга барабар. Көчөдө баратканда адамдар унду ичине катып, эптеп үйгө чейин жеткирип алалы дейт, анткени унду колдон жулуп же өлтүрүп кетиши мүмкүн”.

Кыргызстандагы келечек

Ладанова Сирияда жарандык согуш 2011-жылы жазында башталгандан кийин мекенине жайында келип, жубайы менен эки баласы үчүн визага кайрылса, мамлекеттик органдар анын өтүнүчүн канааттандырбай коюптур.

Азыр болсо алар Кыргызстанда бир айлык виза менен жүрөт. Баласын бала-бакчага киргизейин десе, Кыргызстандын жараны болбогондуктан кире албайт деп менчик бала бакчага жөнөтүптүр. Бирок ага Зинзандардын акчасы жетпейт.

Ашпозчу Мохаммед Зинзан ашкана ачып, үй-бүлөсүн баккысы келет.
Ашпозчу Мохаммед Зинзан ашкана ачып, үй-бүлөсүн баккысы келет.
“Согуш Сирияда жакынкы убакытта бүтчүдөй эмес, ал эми бизге тынчтык, балдарыбызга аткылоо эмес, кадимкидей балалык керек да. Жубайымдын досу Ливияга чакырды. Революция бүткөнү менен ал жакта деле тынч эмес, ошон үчүн Кыргызстанда эле калып, жумушка орношуп, жашообузду бул жерде уланталы деп чечтик”, - дейт Ольга Ладанова.

Мохаммед Зинзан капчыгын ачып, 20 доллар жана 200 сириялык фунт менен келгенин көрсөттү. 200 сириялык фунтун мага белекке берип, берген акчасы кийин ага кайра көп эсе болуп кайтарын айтты.

“Кайненеме чоң рахмат, бирок биз ага жүк болбой, өзүбүзчө жашашыбыз керек. Мен ашпозчумун. Ар кандай сириялык даамдарды шилекейиңер аккандай жасап берем. Мага бул жер жагып атат. Мен эч кимге эч кандай жамандык кылбайм. Иштеп коюп, тынч жашагым келет. Болгону мага мүмкүнчүлүк бергиле”, - деп Кыргызстандын жарандыгын алыш үчүн бийликтин өкүлдөрүнө кайрылат Мохаммед Зинзан.

Руслан түнүчүндө чочуп ойгонот.
Руслан түнүчүндө чочуп ойгонот.
Орусча жакшы сүйлөгөн Зинзан араб тили боюнча сабак берип да акча табууга даяр. Анын алгачкы окуучусу – кайненесинин кошунасынын кызы экен. Бирок Зинзанды бир айлык виза менен эч ким жумушка албайт. Ошон үчүн ал алгач документтерин иреттеши керек.

“Биз эч кимден эч нерсе сураган жокпуз. Бир эле нерсе – күйөөм менен уулдарыма кыргызстандыктарга окшоп бардык укуктарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк болгон документ же жарандык берсе, андан ары биз өзүбүз эптеп жыйыштырып алабыз”, - дейт Ольга Ладанова.

Деген менен эки чемоданга болгон кийимдерин батырып келген Мохаммед Зинзандын үй-бүлөсү майда-барат тиричилик буюмдарга муктаж. Акча аларга ашыкча болбос.

Эгер бул үй-бүлөгө жардам бергиңиз келсе, Ольга Ладанованын апасы Людмила Михайловна Ладанова менен төмөнкү номур боюнча байланыша аласыз: 0550 11 88 43.

Сириядан кыргызстандыктар келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

XS
SM
MD
LG