Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Табылды, сени эскердик...


Табылды Эгембердиевди эскерүү.
Табылды Эгембердиевди эскерүү.

Менден сен жөнүндө сүйлөп бер деген телеканалдар көп болду. Сүйлөшүмчө сүйлөп бердим. Ошондо эмнелерди айттым? Өмүр азайган сайын дос дегениң улам азая берерин айттым. Сенде да, менде да дос аз эле, Табылды. Балким мен “Агындыларды” жазбаганда экөөбүз мынчалык жакын болбойт элек. Мен акчасы менен, байлыгы менен, бийлиги менен дос болуп, анан акчасы түгөнгөндө, байлыгы менен бийлиги түгөнгөндө бет карашкыс болуп ажырашкан досторду көп көрдүм. Бирок, сен экөөбүздү акча дос кылбаганын, экөөбүздү байлык менен бийлик дос кылбаганын, сенде бийлик жок болгон менен акча да, байлык да бар болгонун, менде акча да, байлык да, бийлик да жок болгонун, бирок сен, аныма карабастан мени менен дос болгонуңду, ошондо: “Кудая тобо, ушундай да таза адамдар бар турбайбы, ичинде кылдай арамдыгы жок, бөлөк бирөөнүн ишине өзүнүкүнөн да артык кубанган адамдар болот экен ээ!” деп таң калганымды, экөөбүздү китеп дос кылганын айттым.

* * *

Голландиялык улуу художник Винсет Ван Гог: “Мен адегенде эле адамдардын жаман жагын эмес, жакшы жактарын көргөнгө аракет кыла баштайм” деген экен. А бизде эмне үчүн бирөөнүн ийгилигине кубана билген адамдар айрыкча аз, Табыке? Кокус көрө албастардын дүйнөлүк фестивалы болсо, биз кыргыздар биринчиликти эч качан бермек эмес окшойбуз. Балким ошон үчүн өспөй келаткандырбыз. Муну өзүң да көп айтчу элең.

* * *

Сен, башкаларга окшоп кабат-кабат кансарайларды салсаң болот болчу. Сен ресторандарды, ыймансыз сауналарды салып коюп акча саап, чалкалап жатсаң да болот болчу. Сен депутат болуп алып Ак үйдүн ичине кирип алып мыйзам жазып, сыртына чыгып алып мыйзамсыз иштерди жасап жүрө берсең да болот болчу. Сен анткен жоксуң. Сен Уинстон Черчилль айткандай, буурсун менен жер айдаган Орусияны ядролук бомбасы бар советтик Орусияга айландырган Сталин сыяктуу кыргыздын жыгач челекчен жылаңач суусундуктарын, максым менен жарманы, тойбос менен бозону, чалап менен кымызды дайыма муздак турган, дайыма бузулбай турган заманбап челектер менен заман талап кылган суйкайган кооз бөтөлкөлөргө айдап кийрип, дүйнөлүк стандарттагы суусундукка айланткан биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!

* * *

Сен, кыргызды кыр-кырдагы боз үйлөрдөн көчүрүп келип, колхоз-совхоз кылып бириктирип, оокат кылдыра баштаган Совет бийлигинин маалында биздин ата-бабаларыбыз ылай менен салган таш үйлөрүн, ылай менен салган чым үйлөрүн эске салып турган, Шералынын чокоюндай кыргыздын өткөнү менен кеткенин көзүбүзгө сайып, көкүрөгүбүзгө салып турган ачык асман алдындагы музейи менен кошо, адамды эс алдыртып эле тим болбой ойлонткон, толгонткон, Ата Конушун эстеткен, сагынткан “Супара” этнографиялык эс алуу жайын салган, Кыргыздын тоодогу Боз үйүн шаарга алып келип жаңы түр, жаңы жашоо берген биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!

* * *

Сенин бардык өмүрүң, кыргыздын келечегине арналды. Сен дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн мен кыйынмын деген жигиттеринин башынан да кыргыз жигиттеринин башы мыкты иштей ала тургандыгын дүйнөгө “Супара” жана “Супара-Чуңкурчак” менен далилдеп көрсөткөн биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!

* * *

Сен өз элиңди кандай сүйсөң, жашоону да ошондой сүйчүсүң! Кыргыздын келечеги алаканыңда тургандай ишенип жашачусуң. Сен оптимист болчусуң. Сен көк, өжөр, намыскөй, анан аябагандай жөнөкөй болчусуң. Кыргызды сендей сүйгөн, Жашоону сендей сүйгөндөр өтө аз эле. Сен өмүр деген бир күнү учуп кете турган колдогу куш экенин, эрип кете турган муз экенин такыр эле элес албай жашаган жан элең. Сенин башыңда ой-максат дегендер толтура болчу. Ошонун баарын жасайм дечүсүң. Сен мурутуң муз болуп, таманың сыз болуп, “Чуңкурчактын” жазын жаздап, кышын кыштап жүрүп айыкпас дартка чалдыктың.

* * *

Сенин колуң тийген жансыз таштарга жан кирип сүйлөп турчу, сенин колуң тийгендин баары гүлдөп турчу. Сен Германияда, андан кийин Түркияда дарыланып жатып да күн сайын сүйлөшүп турдуң. Бирок бир жолу да, ичер сууңдун түгөнүп баратканын айткан жоксуң. Сен басалбай жатып калганыңда да өзүңдүн эмес, биздин ден соолугубузду, кыргыз элинин “ден соолугун” сурап турган элең.

* * *

Мен сен жөнүндө ушуларды айтып бердим окшойт.

* * *

Кезинде Орусиянын императору Екатерина II француз философу жана жазуучусу ( “Кечил аял” жана “Рамонун жээни” аттуу романдардын автору) Дени Дидрого жолдогон катында: “Сиз, тарыхты кийин баары өчүп жок боло турган кагазга жазсаңыз, мен, бечара императрица, тарыхты бөтөнчө сезгич жана оорукчал адамдардын жон терисине жаздым” деп жазган.

* * *

Табылды, сен: “Мен таштан, кумдан, жыгачтан роман жаздым” деп жазып кеттиң. Сенин “романыңды” эми, биз, бизден кийинки муун, андан кийинкилер да түбөлүк окуй берет. Сенин экинчи өмүрүңдүн жаркын жашоосу жаңы башталды.

XS
SM
MD
LG