Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Чырдан арылбаган чек ара


11-явардагы чатакка Кыргызстан Көк-Таш - Ак-Сай жолун салып башташы себеп болгон.

11-явардагы чатакка Кыргызстан Көк-Таш - Ак-Сай жолун салып башташы себеп болгон.

Кыргыз-тажик чегиндеги ок атышуудан кийин абал негизинен турукташканы менен бул тегеректеги айылдарда дале кооптонуу бар.

Тажикстандын Баткендин аймагында жайгашып калган Ворух анклавы менен ага жакын айылдардагы чек ара тилкеси бул чөлкөмдөгү эң чырлуу аймак. Бул тегеректе тээ СССР заманында да кошуна эки элдин ортсунда чыр-чатактар чыгып келген. Алардын эң ириси 1974, андан кийин 1989-жылдары болгон. Андагы советтик бийликтер мындай чатактарды күч менен басып турган.

СССР тарап, өлкөлөр эгемендик алганы чек аралаш аймактарда маселе мурдагыдан да татаалдашты. Чек аралар такталган эмес, жер-суу тартыш. Дал ушул маселе аймакта акыркы он-он беш жылдан бери чыр-чатактардын булагына айланды.

Мурдараак тирешүүлөр таякташуу же таш атышуу менен коштолсо, эми ок атышууга чейин жетти. 11-январдагы чек арачылардын атышында кыргыз тараптан беш чек арачы менен бир милиция кызматкери жабыркады. Тажикстан да үч чек арачысы жабыркаганын айтууда. Бул сапар чыр Кыргызстан салып жаткан айланма жолго тажик тараптын каршы болушунан чыкты.

Тасмада: Атышуунун чоо-жайы



Аксайлык Зайнидин Дубанаев 1974-жылкы жаңжалда да, андан кийин 1989-жылкы кагылышууга да күбө болгон. Анын айтымында, жаңжалдардын түбүнө жетүүгө жергиликтүү бийликтин алы келбейт. Аны чечүү үчүн өлкө жетекчилиги аракет жасашы керек:

- 1974-жылы да, 1989-жылы да таяк-союлдарды көтөрүп чыгып, таш атышканбыз. 89-жылкы кагылышууда аңчылык мылтыктары да колдонулган. Айылыбызды коргоп калалы деп бардык аракеттерди жасаганбыз. Маселенин себеби – кошуналарда жер тартыш, эли жыш. Ворух анклавында эле 40 минге жакын эл жашайт. Биздин Ак-Сай айылында болсо 2400 киши. Эми болсо минтип чек арачылар атышып жатат. Бул маселени чечүүгө президенттер менен атка минерлер катуу киришпесе болбойт. Азыр кош көңүл карап жатышкандай.

Кээ бирлер аймактагы чек ара жаңжалдарын чечүү - чек араны аныктоо менен эле чечилип калат делгени менен тажик тарап чек аранын такталышына кызыктар эмес деген пикирде. Анктени Тажикстандын Баткен району менен чектешкен Ворух анклавында, Чорку жана башка айылдарында калктын саны улам көбөйүп, жер тарып баратат, суу да тартыш.

Бир топ жылдан бери аймактагы чек ара жаңжалдарын иликтеп жүргөн адис, Баткен районунун мурдагы акими Хайитали Айкынов тараптар бир пикирге келүү менен маселени чечпесе, арты оор кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн боолголойт:

- Тажик тарап Ак-Сайга айланма жолдун курулушуна каршы чыгып жатышын Кыргызстандын көз карандысыздыгына каршылык деп түшүнсөк болот. Анктени кээ бир маселерди ушул жол аркылуу чечип турушчу да. Мына акыркы 5-6 жылда бир метр да чек ара чечилбептир. Жогорку бийлик бул маселени чечүүгө кызыкдар болуп, бардык чараларды колдонуп, чек араны тактоо керек. Антпесе жанжалдар улана берет.

Чек арадагы соңку чатактан соң “Мекеним Баткен” коомдук бирикмеси да өлкө жетекчилигине кайрылуу жасап, чек араны сактап калуу, жаңжалдар көп катталаган айылдарга өзгөчө мамиле жасоо сыяктуу бир катар талаптарды койду.

Коомдук бирикменин төрагасы Нурсултан Калиловдун пикиринде, Баткенге жетекчилерди тандоодо чек ара маселери эске алынышы шарт:

- Чек аранын такталбай турушунан Кыргызстандын аймагы улам кичирейип бараткандай туюлат. Биздин бийлик ушу чек араны кандай жол менен болсо да тактап, бекемдөө керек деген принципти карманыш керек. Анан да Баткенде жергиликтүү бийликке ичи чыкпай жаткандар көп. Ошондуктан Баткенге жетекчилерди дайындоодо ушу чек ара маселелерине катуу туруу жагын да караштырып, анан дайындаса жакшы болмок.

Аталган уюмдун кайрылуусунда былтыр республикада катталган чек ара чырларынын дээрлик 90 пайызы Баткен облусунда катталганы жана бул окуяларга тиешелүү органдардын чечкинсиз, кѳңүл кош мамилелери 11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу-кандуу кагылышына себеп болгону, азыр да чек арадагы эл арасында кооптонуу, чочулоо күч бойдон калып жатканы белгиленген.

Чек арадагы соңку окуядан кийин тараптар бири-бирин айыптоого өттү. Кыргыз расмийлери тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип келип, ок чыгарганын айтса, тажик тарап кыргыз чек арачылары жаңжалды биринчи болуп козутканын айтып чыкты.

13-январда болсо Баткен шаарында кыргыз-тажик өкүлдөрү жолугушуп, ага Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Тажикстандан чек ара аскерлеринин командачысы Ражабали Рахмонали катышты. Жолугушуу жүрүшүндө эки тарап чек ара аймактарындагы аскерлерди алып чыгып кетүүнү макулдашты.
Чыр чыккан жердин картасы


Сүйлөшүү учурунда тажик тарап Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун токтотууну талап кылса, Кыргызстандын өкүлдөрү бул жолдун курулушу токтотулбай турганын билдирип, бул маселени эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясы кароосун сунуштады. Натыйжада протоколго кол коюлуп, тараптар 3 күн ичинде талаштуу аймактарды биргелешип кайтаруу багытын аныктамай болушту.

Буга чейин да мындай жаңжалдардан кийин ушундай эле жолугушуулар өтүп, келишимдерге кол коюлуп келген. Бирок андан абал жакшырып кеткени байкалбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG