Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу күчөтүлдү


Баткендин Зардалы айылындагы чек арачы (архивдеги сүрөт)

Баткендин Зардалы айылындагы чек арачы (архивдеги сүрөт)

Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга байланыштуу Баткендеги чек арачылар да күчөтүлгөн тартипке өттү.

Чектеш аймактагы эми ачыла баштаган ашууларга Коргоо министрлигинен кошумча күчтөр да тартылды. Учурда Баткендин Согди облусу менен чектеш аймактарында абал мурдагы калыбында эле турат. Бирок Тажикстандын ичинде көзөмөл, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

21-июлда Тажикстандын түштүгүндө өкмөттүк күчтөр менен аткезчилик менен алектенген куралчан топтордун ортосунда тиреш чыгышы чек аралардагы абалга да таасир этти. Эки өлкө ортосунда чек ара каттамдарында абал мурдагы калыбында турганы менен текшерүү күчөтүлүп, коопсуздук чаралары катуулады.

Баткендин Тажикстандын Согди облусу менен чектешкен аймактарында каттамдар мурдагы эреже боюнча эле турат. Жергиликтүү калктын соода-сатык иштери да үзгүлтүккө учураган жок. Бирок абал ушул боюнча эле кайра калыбына келип калаарына кепилдик жок деп кооптонгондор да жок эмес.

Окуя башталганы чек аралардан өтүүдө текшерүү эле күчөтүлбөстөн, кошуна өлкөнүн ички коопсуздугу да колго алынып, МАИ кызматкерлери да куралчан аскерлердин коштоосу менен болуп, өлкө ичинде аскерий адамдар көбөйдү.

Соода-сатык иштери менен Баткенге тез-тез каттап турган Тажикстандын Согди облусунун тургуну Муаззам айым бирок мындай абал элдин жашоосуна көп деле таасир этпегенин айтат:

- Бизде азыр чек арадан өтүү мурдагыдай эле. Эреже ошол боюнча турганы менен паспорт, документтерди текшерүү кыйла күчөдү. Ар бирибизди бирден текшерип, анан өткөрүп жатат чек арадан. Куралчандар менен кагылышуу бизден кыйла алыста болду да. Бирок бизде да тартип, коопсуздук чаралары күчөп калды. Аскер кызматкерлери көчөдө көбөйдү. МАИ кызматкерлери да куралчан турушат.

Баткен облусу батыш жагынан бул кошуна өлкөнүн Согди облусу менен чектешсе, түштүк тарабындагы тоолор аркылуу Тоолуу Бадахшан менен чектешет. Окуя болуп жаткан аймак менен чектешкен ашуулардын баары али толук ачыла элек болгону менен, кээ бирлери эми ачыла баштады. Калганы август айларынын орто ченинде киши жүрүүгө ылайыкташып, кар ээрийт.

Андыктан аймактагы абалды көзөмөлдөн чыгарбай кармап туруу, коопсуздукту сактоо үчүн чек арачыларга кошумча Коргоо министрлигинен да күч тартылып, ашууларды көзөмөлгө алуу менен чек ара күчөтүлгөн тартипке өттү дейт облус губернаторунун коргонуу маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов:

- Тажикстанда кырдаал курч. Ошонун негизинде, анан да планыбызга ылайык, чек араны күчөтүлгөн абалда кайтарууга алганбыз. Чалгындоо-иликтөө иштерин чек арачылар менен Коргоо министрлигинин аскерлери жүргүзүп жатышат. Кошуналардагы ошондой окуядан кийин дагы күчөттүк. Ашуулар болсо жарымы али ачыла элек. Калганы август айында ачылат. Баары көзөмөлдө. Кооптонууга негиз жок.

Тажикстандагы кооптуу кырдаал жакынкы күндөрү жөнгөрүлбөчүдөй болсо, Баткен-Согди облустарынын ортосундагы каттам дагы катаалданышы мүмкүн. Эгер андай болсо, аймакта эки элдин соода-сатык мамилесине таасири тийип, калк үчүн түйшүк артат дегендер да бар. Азырынча аймактагы абал ушул боюнча эле кайра калыбына келип калаарына кепилдик жок дейт жергиликтүү серепчи Базарбай Масеитов. Анын пикиринде, Хорогдогу мыйзамсыз куралчан топко өкмөттүк күч кысымды күчөтсө, Ооганстанга өтө албай калганы биздин ашууларга бет алышы мүмкүн:

- Куралдуу топ тоолуу аймактан биз тарапка аракеттениши мүмкүн. Ошондуктан чек араларды, айрыкча ашууларды бекемдешибиз керек. Ал эми бул жакта болсо эки элдин каттамы азырынча жакшы эле. Соода-сатык мамиле да үзүлгөн жок. Бирок абал курчуса, чек аралар жабылып, элге кыйынчылык туулат.

Бадахшандагы куралчан топ менен бийлик бир ымалага келе албай калса, согушчандар Кыргызстан тарапка качууга аракеттениши мүмкүндүгү, анткени Ооганстан тарапта да коалициялык күчтөр катуу аракетте деген божомолдор коомчулукта да айтылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG