Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Орусиядагы автокырсыкта каза тапкандардын аты-жөнү такталууда


Кагышкан машиналар.
Кагышкан машиналар.

Орусиянын тергөө комитети Нижний Новгород – Саратов автожолундагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады. Тергөө комитетинин сайтында жазылгандай, автоунаалардын кагылышуусунан жети адам өлдү.

Ал эми Саратов облусунун Петров районунун башчысы Денис Фадеевдин РИА Новости агенттигине билдиргенине караганда, каза болгон жети адамдын бардыгы Кыргызстандын жарандары болуп чыкты.

Жол кырсыгы бүгүн таңга жуук Нижний Новгород - Саратов районундагы жол тилкесинде катталып, прицеби бар оор жүк ташуучу автоунаа каршы багытта келе жаткан минивенди сүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгы жүк ташуучу унаанын айдоочусунун катачылыгынан болгон.

Учурда каза болгондордун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG