Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл округундагы тажик тилдүү мектептер китеп тартыштыгынан улам аралаш тилде окутууга өтүп жатат. Калкынын 60 пайыздан ашуунун тажик тектүү жарандар түзгөн бул аймакта толук тажик тилинде окуткан мектеп жок.

Манзура Хасанхожаева Садридин Айни мектебинде тажик тилдүү класстарга биология сабагынан билим берет. Ал күн сайын кыргызча китептерди тажик тилине которуп, сабакка даярданат экен:

- Тажик тилинде окуп жаткан окуучуларга Кыргызстандын программасы менен чыгарылган китептер жок. Китепканадагы эски китептерди пайдалануу менен сабак өтөбүз. Мен күнүгө кыргызча китептерди тажикчеге которуп, конспект жазам, аны окуучуларга айтып берем. Бул ыкма мугалимдер үчүн да ашыкча эмгек. Айласыздыктан жасалган жумуш. Эгер окуучулар өзүнүн эне тилинде жазылган китептерден билим алышса, алар үчүн алда канча пайдалуу жана жеткиликтүү болмок.

Калкынын 62 пайызын тажиктер түзгөн Үч-Коргон айыл округунда 10 мектеп бар. Алардын бири кыргыз тилдүү, калганы аралаш – тажик-кыргыз, тажик-орус, тажик-өзбек тилдеринде окутат.

Китеп тартыштыгынан улам мектептерде Тажикстандын окуу программасына ылайыкталып чыгарылган китептерди пайдаланууга мугалимдер аргасыз.

Башталгыч класстагы тажик тилдүү окуучулар Алиппеден башка сабактарда кошуна өлкөдөн чыккан китептерди колдонушат. Китептердин биринчи бетинде президент Эмомали Рахмондун сүрөтү берилген. "Азаттыктын" кабарчысы Айни мектебинин 4-классындагы окуучуларга ылайыкташкан “Забони модари”, кыргызча айтканда “Эне тили” китебиндеги Тажикстандын лидеринин сүрөтүн көрүп, окуучуларга суроо узатты:

- Бул сүрөттөгү киши ким?
- Эмомали Рахмон.
- Ким болуп иштейт?
- Тажикстандын президенти.
- Кыргызстандын президентин ким?
- Алмазбек Атамбаев.

Аймактагы мектептердин биринде 8-класста окуган, атын атагысы келбеген кыз китептин тартыштыгы жана аралаш окутуу ыкмасы билим алууга кедергисин тийгизерин айтты:

- Эгер башынан эле аралаш окуп келсек, анда кыйналмак эмеспиз. Мектепке кирген учурда эле аралаш окутса, анда башка кеп. Башында биз тажик тилинде гана билим алганбыз. Азыр кыргызча, өзбекче китептерди окуп жатабыз. Көп сөздөрүн түшүнбөйбүз. Мен аралаш окутууга каршы эмесмин, кыргыз, орус, англис тилдерин мектептен эле үйрөнүп алсак өзүбүзгө жакшы. Бирок аны башынан эле ошентиш керек болчу, мектепти бүтүрөйүн дегенде аралаштырып салбай...

Бул жерде акыркы эки жыл аралыгында мектептерде аралаш тилде окутуу ыкмасы күчөгөнүн жергиликтүүлөр айтышты. Айрыкча дээрлик ар бир мектеп орус, кыргыз тилдүү класстарды ачууга кызыкдар болуп жатыптыр. Буга ата-энелер да макул.

Өзүн Илхомжон деп тааныштырган мырза мунун себебин 2010-жылы Ошто болгон улуттук араздашууга байланыштырат:

- Биздин айылда мурда өзбек тилинде окуткан мектептер көп болчу. Азыр деле мектептердин басымдуу бөлүгүндө өзбекче билим беришет. 2010-жылдагы окуядан кийин ата-энелер балдарын орус тилинде окутууга кызыкдар болуп калышты. Мен деле уулумду өзбек класстан чыгарып, орус класска бердим. Тажик тилинде окусун десең, китеп жок. Кыргыз тилинде окутайын десек, мугалимдер аз.

Үч-Коргон айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу Хакимжон Сулайманов калктын көпчүлүгүн тажиктер түзгөн бул аймактагы мектептердин окутуу тилин өзгөртүү туура эмес деген пикирде:

- Бул маселе аябай татаал. Тажик балага орусча окуйсуң деп буйрук берүү туура эмес деп эсептейм. Анын ордуна Кыргызстандын программасындагы китептерди тажикче которуп, басып беришсин. Кыргызстандын тарыхын, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын биздин балдар өз эне тилинде окуса, мунун эмнеси жаман? Кыргызча китептер бар, ошолорду эле тажик тилдүү адистерге котортсо жакшы болмок.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, буга чейин толугу менен тажик тилинде сабак берген Рудаки жана Айни мектептери азыр тажик-өзбек-орус-кыргыз тилдеринде окута баштаган.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырхалидин Ганыбева мектептердин аралаш тилдерге өтүп жатканында эч кандай саясий себеп жоктугун айтты:

- Бул ата-энелердин эле каалоосу. Мында эч кандай мажбурлоо болгон эмес. Азыр ата-энелер балдарын орус же кыргыз тилинде окутууга кызыкдар болуп жатканынын төмөнкүчө себептери бар: мектепти бүткөндөн кийин баласы окууну улантыш керек, алар Тажикстанга же Өзбекстанга барып окубайт да, Кыргызстандын эле жогорку окуу жайларына барышат. Демек аларга кыргыз, орус тили керек. Рудаки, Айни мектептери мурда 100 пайыз тажикче окуткан деген маалыматтар да туура эмес, бир топ убакыттан бери эле аталган мектептерде аралаш окутулат.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, учурда тажик класстар 51 пайыз гана китеп менен камсыз болгон. Бирок мугалимдер бул көрсөткүч мындан да төмөн болушу мүмкүн деген пикирде.

Айни атындагы мектептин директордун орун басары Хайдарали Ёдгоралиев тажик класстар үчүн Алиппе Кыргызстандын программасы менен өткөн жылдан тарта чыгарыла баштаганын айтты:

- Тажик класстар үчүн Алиппени биздин мектептин мугалими Хурматхон Ахмедалиева жазды. Ал Билим берүү министрлигинин уруксаты менен басмадан чыгып, азыр балдар ошону пайдаланышууда. Бизде негизинен Кыргызстандын программасына ылайыкташкан Тажик тили китеби жетишсиз. Физика, Биология, Кыргызстан тарыхы, Кыргыз тили жана адабияты сабактарын кыргызча китептерден которуп окутууга аргасызбыз.

Хакимжон аке мени текшерүүчүдөй кабыл алдыбы, айтор “окуучуларыбыз кыргызча жакшы билет” деген сөздү улам-улам кайталап жатты. Алдын ала тапшырма бердиби, же эрежелери ошондойбу, кайсы гана класска кирбейли, окуучулар саламдашкандан соң дароо эле Кыргызстандын гимнин ырдап жатышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG