Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Кыргызстан мунай кенин Тажикстандан кайтарып алууда


Баткендин Бүргөндү өрөөнүндөгү Өзбекстандын мунай-газ ишканасы.
Баткендин Бүргөндү өрөөнүндөгү Өзбекстандын мунай-газ ишканасы.

Тажик тарап 30 жылдан бери иштетип келген Лейлектеги мунай кениндеги иш токтотулду.

Тажикстандын Кожент шаарында бүгүн, 11-июлда аяктаган кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүдө Лейлектеги мунай кенине байланышкан маселе да каралды. Сүйлөшүүгө кыргыз тарапты баштап барган вице-премьер-министр Токон Мамытовдун билдиришинче, буга чейин Тажикстан иштетип келген Баткендин Лейлек районундагы Катта-Туз деп аталган жердеги мунай кенине азырынча эч ким киргизилбейт. Учурда аны “Кыргызнефтигаз” ишканасынын карамагына өткөрүп берүү маселеси каралууда.

Аталган мунай кениндеги иш өткөн айдын этегинде токтотулуп, тажик жумушчуларынан бошотулган. Бул иш жергиликтүү бийликтин демилгеси жана кыргыз чек арачыларынын аракети менен ишке ашкан.

Лейлектеги Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев кошуналар мындай талапка түшүнүү менен мамиле кылганын айтат:

- Бул кен жайгашкан жер Кыргызстандын аймагы, Арка токой чарбасына тиешелүү жер. Биздин чек арачыларыбыз кенди иштеткен тажик компаниясынын кызматкерлерине аймак Кыргызстандыкы экенин айтышканда алар түшүнүү менен чыгып кетишкен. Кошуналар бул аймактан мунай өндүрүп жатышын өткөн кылымдын 80-жылдарындагы эки тараптуу келишимге таянганын ооз эки гана билдирген. Бирок эч кандай расмий документ көрсөтө алган эмес.

Бул жерди ошентип бир канча жылдан бери кошуна Тажикстандын Согди облусундагы “Петролиум Сугд” компаниясы иштетип келген. Кошуналар мунай, газ өндүрүп келген аймак жалпысынан 20 гектардай. Бул жердеги тогуз мунай жана газ кудуктарынын азыр төртөөсү ишейт. Анын экөөсүнөн мунай, экөөсүнөн газ чыгат.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиевдин айтымында, кошуналар болжол менен суткасына 3-5 тоннадай мунай өндүрүп турган. Ал жерден чыккан газдын басымы болсо 15 атмосфера. “Биздин айыл өкмөттөгү 4-5 айылды толук газ менен камсыз кылуу үчүн болгону басымы 1 атмосферага жетпеген газ болсо жетет экен. А мынча газ менен жок дегенде Лейлек районунун баары болбосо да жарымын камсыздаса болот”, - дейт Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы. Ал айыл өкмөт башчылыгына жаңы эле шайланганын, буга чейин эч ким бул маселеге кызыкпаганын да кошумчалады.

Кийинчерээк белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Тажикстан бул аймактан 1974-жылдан бери мунай өндүрүп келген. Союз учурундагы макулдашууларга ылайык, аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек экен. Бирок андан бери кен чыккан жерди Кыргызстанга өткөрүп алууга эч ким деле кызыкпаган көрүнөт.

Ошентип өткөн айдын этегинде Тажикстандын мунайчыларынан бошотулган бул жердин макамын аныктоо маселеси өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүгө калтырылган. Азыр ал жерди кыргыз чек арачылары көзөмөлдөп турат. Лейлектин ошол эле Арка массивинде “Кыргызнефтигаздын” да бир бөлүмү бар.

Баткен облусунун аймагында кошуна өлкөлөр союз учурунан бери иштетип келген бир эле бул жер эмес. Кадамжайдын Бүргөндү өрөөнүндөгү мунай жана газ кендерин да Өзбекстан иштетип, суткасына 20 тоннадай нефти өндүрүп жатканы айтылып эле жүрөт. Бирок кошуналар Кыргызстан аймагынан пайда таап жатканы үчүн эч нерсе төлөбөйт.

Бул кен чыккан жер кыргыз-өзбек чегинен 20 чакырымдай ичкериде, Кыргызстандын аймагында туруп, ал жерде эч кандай чек ара талашы жок.

Баткен облусу жаңыдан уюшулганда, 2000-жылдардын башында облустун биринчи губернатору Мамат Айбалаев бул маселени чечүү аракетин көрүп, а түгүл кыргыз жерин, кенин бекер пайдаланып келгени үчүн Өзбекстандын үстүнөн эл аралык экономикалык сотторго кайрылып, карыздарды өндүрүп алуу демилгесин да козгогон.
Облус бийлигинен буга чейин алынган маалыматка караганда, Өзбекстан ал жерде 1270 гектар аянтты пайдаланып жатат. Бул боюнча Кыргызстандын салык кызматы тарабынан жерге салык төлөө боюнча эсептер өзбек тарапка жөнөтүлгөн. Мисалы, 2010-жылдын башталышына чейинки алардын карызы 500 млн. сом болгон. Бул каражат боюнча Өзбек өкмөтүнө, Фергана облусуна бир канча жолу кат жөнөтүлгөнү менен эч кандай жооп болгон эмес. А түгүл ошо туштагы облус бийлигинин мындай демилгеси расмий Бишкектен да колдоо тапкан эмес.

Канткен менен 2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаева убагында өткөрүлбөй калган “Түндүк Сох” жана “Чоңгара-Галча” мунай бургулоочу жайларын өткөрүп алуу тууралуу буйрук чыгарган. Кыргыз парламенти да 2011-жылы май айында Бүргөндүдөгү кендерди кайрып алуу боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө табыштаган болчу. Бирок бул жайлар азыркыга чейин кайтарыла элек.

Жергиликтүү адистер бул мунай жана газ кендерин Кыргызстан өзүнө өткөрүп алса, өлкө түштүгүндөгү бир канча райондор, жок дегенде Баткен облусу (эгер Кыргызстан иштете алса) газ менен камсыз болмок. Азыр башкасын айтпаганда да, ошол газ чыккан жерден 30 чакырымдай арыда турган облус борбору - Баткен шаарында да табигый газ жок.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG