Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Баткен: Чек арадан кошумча күчтөр чыгарыла баштады


Кыргыз-тажик чегиндеги аскерлер, Баткен, 23-январь, 2014
Кыргыз-тажик чегиндеги аскерлер, Баткен, 23-январь, 2014

Чек ара кызматы кошумча күчтөр чыгарылып бүтөөрү менен чек араны коргоо кадимки тарпке түшөөрүн билдирди. Бирок кыргыз-тажик чек арасы качан ачылаары белгисиз.

11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусунан кийин эки тарап тең бир топ кошумча күчтөрүн чек арага жакын алып келген болчу. Ички коопсуздукту сактоо максатында ички иштер министрлигинен да күчтөр тартылган. Ошол күндөн бери чек аралар жабылып, эки тарапта тең айылдарда куралдуу күчтөр абалды көзөмөлдөп, чек араларга аңдар казылып, көзгө атарлар да жайгаштырылган.

15-январдагы эки тараптуу жолугушууда кошумча күчтөрдү чыгаруу боюнча макулдашылган. Ошондон бери изилдөө иштери жүрүп, кошумча күчтөр эми гана чыгарыла баштады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат борборунун башчысы Гүлмира Бөрүбаева жакынкы күндөрү чек араны кайтаруу кадимки шартка өтөөрүн айтат:

-15-январда Кыргызстан менен Тажикстандын атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анда атайын протоколго кол коюлган. Ошонун негизинде эки тараптан комиссия түзүлүп, аймакка тартылган кошумча күчтөр боюнча иштешти. Анын негизинде кечээ жыйынтык чыгарылып, эки тарап тең чек арадагы окуядан кийин тартылган күчтөрдү чыгарууну баштады. Учурда кошумча күчтөрдү чыгаруу уланып жатат. Бул иштер аяктаганда чек арачылар кадимки абалда иштей баштайт.

Бирок чек арадагы тургундардын арасында "абалды кошумча тартылган күчтөр көзөмөлдөп турат эле, эми кандай болот экен" дегендей бүшүркөөлөр жок эмес. Баткендин чек арадагы бир айылынын тургуну Максат Беридев кошуна тараптын бул макулдашууну толук аткарараарына да көп ишене бербейт:

- Азырынча кошумча күчтөрдү чыгарууга эртеби деп ойлоп турам. Анктени элде дагы деле бир аз кооптонуу бар. Андан тышкары тажик тарап кошумча алып келген күчтөрүн чыгарыш-чыгарбашына кепилдик жок да. Алар буга чейин да бир канча жолу эки тараптуу макулдашууларды аткарбай эле коюп жүрүшөт. Элге ушул жагы табышмак болуп турат.

Чек арачылар болсо кооптонууга негиз жоктугун айтууда. Чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева жай тургундар бушайман болгондой кошумча күчтөрдү кармап тура берүүгө негиз жок, абал турукташуусу үчүн кадимки жашоого өтүшүбүз керек дейт:

- Калктын кооптонуусуна эч кандай негиз жок. Анткени биздин кызмат чек араны коргоого күчү жетет. Анан дагы кокус кандайдыр бир чыр чыкса аракеттенүү боюнча эки тараптуу иш мерчемдер, макулдашуулар бар. Чек арадагы эки эл баары бир тынч жашоого өтүп, соода-сатык, экономикалык мамилелерин улантышы керек.

Канткен менен азырынча эки өлкөнүн чек аралары жабык бойдон кала берүүдө. Чек ара качан ачылаарын өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөр чечмекчи.

XS
SM
MD
LG