Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Архив материалдары чек ара чырына чекит койобу?


Былтыр кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак көп болду
Былтыр кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак көп болду

Орусиянын архивдеринен кыргыз-тажик чек арасына байланышкан материалдар алынып келинди. Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү чек ара маселелери боюнча ушул айда кайрадан жолукканы жатат.

Расмий Бишкек менен Дүйшөмбү делимитация жана демаркация иштеринде карталарга байланыштуу орток пикир таба албай келет.

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, эки тараптуу эмки жолугушуу кийинки апталарда Тажикстанда өткөнү жатат. Анда Орусиядан алынган архивдик документтер тууралуу сөз болмокчу: ​

- Орусиядагы архивдеги документтерди чогултуу үчүн алар да, биз да барып келдик. Эми кийинки жолугушууда ошол материалдарды салыштырып көрөбүз. Ар кандай материалдарды таптык, анын баарын айтууга азыр эрте. Материалдар көп да, бир-эки барганда эле бүтүп калбайт. Анан калса архивди караганга түшкө чейин эки саат, түштөн кийин эки гана саат берилет экен. Ошондуктан кээ бирлерине үлгүрбөй калдык. Ал жерде бир эмес, беш-алты архив болуп жатат. Дагы эки архивге кире алган жокпуз, ТИМ аркылуу уруксат алгандан кийин балдар ал жактарга да барып келишет. Ал жакта жалаң картографиялык материалдар бар экен.

Расмий Бишкек менен Дүйшөмбү чек араны тактоо маселелеринде карталар боюнча орток пикир таба албай келет. Кыргызстан 1956-58-жылдардагы картага, ал эми Тажикстан 1924-27-жылдардагы картага таянып жатат.

Күч - мөөрдө

Ал арада чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов Орусиядагы архивдерден табылган материалдар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жаңы деңгээлге чыгара аларынан күмөн санап жатат:

- Илгертеден эле эки тарап, үч тарап ошондой документтерди издеп, казып, болгон мүмкүн деген документтерди таап алышкан болчу. Ошонун негизинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Табылган документтердин баары эле колдонууга негиз болуп бере албайт. Чек араны чечкенде кандай деңгээлде кол коюлган, анын юридикалык күчү кандай деген маселелер чыгат. "Баланча документте андай деп айтылыптыр, түкүнчө документе тигиндей деп айтылыптыр" деп жазыла берет. Бирок ошол документтин мөөрүнүн күчү кандай экенин билиш керек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын узундугу жалпысынан 970 чакырымды түзөт. Анын теңинен көбүрөөгү такталганы менен, эң талаштуу тилкелер боюнча орток пикир табыла элек.

Саламат Аламановдун баамында, тараптар союздун тушунда калыптанган чек ара тилкелерин ийри отуруп, түз кеңешип туруп бекитип алышы керек:

- Союздун тушунда эле чек ара боюнча адистер талаштуу тилкелердин жолун тапкан болчу. Эки тараптын чарбалары пайдаланып жаткан фактылык территориялардын чеги боюнча өткөрүү керек. Себеби ошол 70 жыл Союздун учурунда чек аранын тилкесиндеги кошуна чарбалар өздөрүнүн чек арасын аныктап билип алышкан да. Ошону эле мыйзамдаштырып коюш керек. Союздун учурунда бул иш аткарылган болчу. Бирок кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу бекитилбей калган. Азыр деле ошондон өткөн эч нерсе жок. 70 жылда калыптанып калган чек араны өзгөртөбүз деген курулай убар болуп калат. Себеби жергиликтүү эл өзүнүн чек арасын билет да. Анын эле "биз бир документ таптык, сен 20 чакырым ары жыл" деп бири-бирин сүргөндөн майнап чыкпайт.

Талаштуу маселелер талаш менен чечилбейт

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн айдын этегинде жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында чек ара маселелери коңшулар Кыргызстан менен эсептеше баштаганда гана чечилерин айткан эле.

- Бир топ талаштуу маселелер бар. Биз бул талаштуу жагдайларды коңшуларыбыз качан гана жол тосуп, же газды бууп койгон жолдор менен эмес, Кыргызстан менен теңата сүйлөшүп, Кыргызстандын пикирин эске алуу керектигин түшүнгөндө гана чечебиз. Мен муну Тажикстандын президенти түшүнөрүнө ишенем.

Былтыр чек арада 40тай чек ара жаңжалы катталган жана анын басымдуу бөлүгү кыргыз-тажик чек арасында орун алган. Талаштардын көбү тактала элек тилкелер, жол, жайыт маселелеринен улам тутанган жана адам өлүмү менен аяктаган фактылар болгон.

XS
SM
MD
LG