Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Акыркы мезгилде солгундап калган кыргыз-тажик чек ара тилкелерин тактоо иштери жандана баштады.

Эки мамлекеттин чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отуруму апрелдин башында өтөөрү күтүлүп жатат. Буга чейин чек ара маселесин тараптар февралда Дүйшөмбү шаарында талкуулашкан. Бирок комиссия чек араны делимитациялоого киришүү багытында бир пикирге келе элек.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө Кыргызстан тараптан комиссияны өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров жетектеп жатат. Ал сүйлөшүүлөрдөгү Кыргызстандын көз карашы, карманган туруму тууралуу буларды билдирди:

- Ал тарапта да, бул тарапта да эки мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы жатат. Биз эки элдин кызыкчылыгын колдой турган чечимге келели деп жатабыз. Ошондой эле биз башка мамлекеттин бир метр да жери кереги жок жана биз да бир метр жерибизди башка мамлекетке бербейбиз деген турумду карманып жатабыз.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны

Иcкандаровдун айтымында, кезектеги жолугушуу апрелдин башында өтөөрү күтүлүүдө. Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы февралдын башында Дүйшөмбү шаарында жолугушуп, бир жума бою пикир алмашкан. Март айынын башында болсо эки өлкөнүн жумушчу топтору Баткен облусунун Лейлек районундагы талаштуу аймактарда болушту.

Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов бул аймактагы талаштуу жерлерди айтып берди.

- Чек ара такталбай, көйгөйлөр көп болуп жатат. Эгер чек ара такталганда чыр-чатактарды чыгара турган маселелер азаймак. Кулунду, Бешкент жана Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүндө проблемалуу жерлер көп. Үч айыл өкмөтү Тажикстандын жолу, чек ара бекети аркылуу өтөбүз. Азыр өзүбүздүн эркин өтө турган жолубузду салабыз деген аракеттер болуп жатат.

Бирок бул жолду куруу үчүн Тажикстандын аймагына көпүрө салуу керек. Кыргыз өкмөтү бул жолдун жана салына турган көпүрөнүн долбоорун тажик тарапка сунуш кылышканын билдирди.

Чек арасы билинбеген кошуналар

Кошуна Тажикстан менен болгон мындай талаштуу жерлер Баткен районунда да арбын. Бул аймактагы Аксай айылынын тургундарынын үйлөрү тажикстандыктардын турак жайлары менен жанаша, айрым жерлерде аралаш жайгашып калган. Мындан пайдаланып, тажик атуулдар кыргыз тараптан ток уурдаган көрүнүштөр орун алып келет. Аксай айылынын тургуну Асатар Жалалов буларды билдирди:

- Көчөнүн бул жагы Кыргызстан, тиги жагы Тажикстан. Бул жерде беш кыргыз үй-бүлө ушул жерден өткөн электр энергиясынан алабыз. Электр зымы көчөнүн ортосунан өткөндүктөн тажик мамлекетинин жарандары зымдарды илип алып, токту уурдап пайдаланып жатышат. Бул боюнча эскертип, көп жолу кайрылганбыз. Башка мамлекеттин жарандары болгондуктан эч кандай пайда чыкпай жатат. Бул жерден бир үй зым илип алса, андан ары 5-10 үй улап кетет.

Тажикстанда кыш мезгилинде суткасына электр энергиясы алты саат гана берилет. Ток уурдап жатып, энергетика кызматкерлерине кармалып калган Тажикстандын тургуну Абдрашит Максутов зымын кайра беришин сурап кайрылып жатат.

- Силер азыр менин 20 метр зымымды кайра бергиле. Болду, ток улабайм. Эгер дагы зым улай турган болсом, баарын кесип кетсеңер да макулмун. Мен чын ниетимден айтып жатат.

Башкармалар да жер алмашкан

Өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Курбанбай Искандаров бул сыяктуу талаш жерлерди чечүүнү жолдорун сунуштайт:

- Бул жерде тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп жатат. Дүйнөлүк тажрыйбаны, өзүбүздүн башка мамлекеттер менен чек араны тактоодогу иштерди эске алып чечкени жатабыз. Сүйлөшүүлөр жакшы нукта жүрүп жатат.

Өкмөттүн өкүлү быйыл Тажикстан менен болгон талаштуу аймактар боюнча көп иштер жүрөт деген ишенимде. Анын айтымында, азыр архивдик документтер тыкыр иликтенүүдө.

- Союз убагына бардык жер маселесин Москва чечип турган. Мындан тышкары, эки республиканын, эки кошуна облустун ортосунда жерлер алмашылган. Кала берсе эки өлкөнүн колхоздорунун башкармалары да жерлерди алмаштырып жиберишкен. Ошол жерлердин баарынын укуктук негиздери каралып жатат.

Буга чейин Тажикстан тарап да бул жыл Кыргызстан менен чек араны тактоодо чечүүчү жыл болорун билдирген болчу. Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 971 чакырым, анын дээрлик жарымы талаштуу бойдон калууда.

Тасмада: Кошуналар токту да уурдап жатат

Баткендин Тажикстан менен чектешкен айылдарына жакын жайгашкан тажик жарандары Кыргызстандан электр энергиясын мыйзамсыз жол менен пайдаланып келет. Анткени тажик айылдарына бир суткада 6 саат гана электр энергиясы берилет. JAi/MiT

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG