Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Кошуна тажик жарандары Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы 15 гектар жер аянтын өздөштүрүп алышкан.

Бул тууралуу өкмөттүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана коопсуздугун камсыздоо боюнча кабыл алынган программасында көрсөтүлгөн.

Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана адистер жылжыма миграциянын натыйжасында кошуна мамлекеттердин жарандары ээлеп алышкан жер аянттары жана турак-үйлөр көрсөтүлгөн аянттан бир нече эсе көп экендигин белгилешүүдө.

20 жылдан кийин “ойгонгон” өкмөт

Жаңыдан кабыл алынган чек ара аймактарын өнүктүрүүнүн жана коопсуздугун камсыздоонун мамлекеттик программасында Лейлектеги “Арка” насостук станциясынын айланасындагы, Калача жана Максат аймактарында Кыргызстандын 15 гектар жер аянтын Тажикстандын жарандары басып алгандыгы көрсөтүлгөн.

Өкмөттүн чек араларды тактоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искендеров эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу аталган жер аянттары кайтарыла тургандыгын убада кылды:

- Бул биздин ошол кездеги жетекчилердин шалаакылыгынан болгон. 90-жылдардын башында ошол кездеги айыл башчылары, район акимдери жана облус губернаторлору маселеге жетиштүү көңүл бурбагандыктан чек ара аймагындагы тилкелерди тажик жарандары өздөштүрө башташкан. Буга алардагы жердин жетишпестиги да себеп болгон. Биз чек араларды тактоодо мына ошол жер аянттары боюнча маселе койобуз. Биз бир метр жерди да жөн эле берип койбойбуз. Анткени бизде тиешелүү документтер бар.

Бирок Баткенге караштуу Лейлек аймагындагы Тажикстандын жарандары мыйзамсыз өздөштүргөн жер аянттары Кыргызстандын өкмөтү атаган аянттан бир кыйла жогору экендиги айтылууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов Лейлектин Жаңы-Жер жана Арка аймактарынын аймагынан эле отуз беш гектардан ашуун жер тажик жарандарынын карамагына өтүп кеткенин белгиледи:

- Мына ошол Лейлек районундагы Максаттын астында 15 эмес, 35 гектар жерди тажик туугандар өздөштүрүп алышкан. Бул жердин эки мамлекеттин ортосундагы талаш, же такталбаган жер участокторуна тиешеси жок. Бардык документтери боюнча бизге караган жер аянттары болчу. Азыр мына ошол аймактарда тажик атуулардынын саны көбөйүп, жерди бошотуп алуу жагы татаалдашып жатат. Ошондуктан маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек.

Чек ара тилкелериндеги айрым жер аянттарынын кошуна мамлекеттин жарандарына өтүп кетишин адистер жергиликтүү жана борбордук бийликтин башчылары учурунда көңүл буруп, чара көрө албагандыгы менен байланыштырышат. Ошондой эле ага ошол аймакта жашаган жарандардын кайдыгерлиги да себеп болгон.

Сатылып кеткен үйлөр

Чек араларды тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов Лейлектин өзүндөгү эле учурунда кошуна мамлекеттин жарандарына өтүп кеткен жер аянттарынын көлөмү туурасында буларды билдирди:

- Биз мурда иликтегенде ал аймакта 72 гектар жер аянтты аларга өтүп кеткенин аныктап чыкканбыз. Ошол учурда тиешелүү жергиликтүү бийлик башчыларына аны кайтаруунун чаралары туурасында тапшырылган. Бирок жылжыма миграция деп, кошуна мамлекеттин жарандары жерге ээлик кылып отура беришип, анан иш бүткөндөн кийин “ушундай болуп калды” деген жетекчилерге таң каласың да. Бул жерде маселе жылжыма миграциядан мурун биздин жооптуу бийлик өкүлдөрүнүн “жылжып” кеткенинен чыгып жатат.

Эгемендик жылдары бир эле ээн турган жер аянттары гана эмес, чек ара аймактарындагы турак-үйлөрү кошуна мамлекеттин жарандарына сатылып кеткен учурлар катталган. Өткөн жылы өкмөт мына ошол үйлөрдү кайрадан сатып алуу үчүн он миллион сом бөлгөн.

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саид Эратов көп жыл мурун сатылып кетип, өздөштүрүлгөн турак жайларды кайрадан кайтарып алуунун кыйынчылыктарына токтолду:

- Арка-1, Арка-2, Максат айылдарындагы сатылып кеткен үйлөрдүн тагдыры 90-жылдарга барып такалат. Жалпысынан ошол аймактан эле 118 үй жер тилкеси менен кошо кошуна мамлекеттин жарандарына сатылып кеткен. Буга ошол кездеги жетекчилер башы менен жооп берүүгө тийиш. Үйлөрдүн документтери мыйзамдуу шартта катталбаган учурда да, аларды кайрадан өзүбүзгө кайтарып алуу өтө эле кыйын. Анткени ал жерге көп жылдардан бери отурукташып, жайгашып алышкан.

Жылжыма миграция аркылуу кошуна мамлекеттерден жылып кирип, Кыргызстандын жер аянттарына ээлик кылуу бир эле Баткен эмес, Жалал-Абад облусуна да мүнөздүү көрүнүш. Аксынын жана Ноокендин Өзбекстан менен чектешкен аймактарындагы жер аянттары жана турак-үйлөрү кошуна мамлекетке кирип кеткен учурларга кыргыз жарандары отурукташкан Торук жана Чек айылдарынын тагдыры мисал боло алат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG