Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Мамытов: Ворух Тажикстанга туташтырылбайт


Ворух анклавына кире бериш. Баткен облусу, 23-январь, 2014.
Ворух анклавына кире бериш. Баткен облусу, 23-январь, 2014.

Тажик вице-премьеринин Ворух мындан ары анклав болбостугу тууралуу билдирүүсү кыргыз тараптын нааразылыгын пайда кылды.

Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон өткөн жуманын этегинде Ворух анклавынын эли менен жолугушуп жатканда Кыргызстандын ичиндеги бул жерди Тажикстандын негизги аймагына туташтыруу тууралуу убада бергенин “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып жазып чыкты. Ага улай эле кыргыз расмийлери бул курулай убада экенин, тажик тарап 15 жылдан бери козгоп келаткан мындай маселе эч качан ишке ашпастыгын билдирди.

Карама-каршы билдирүүлөр

Тажикстандын Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде турат, калкынын саны 30 миңден ашык. Ворухка барчу жол Баткендин Ак-Сай айылын аралап өтөт. Жер-суу тартыштыгынан жана чек аралардын ушул күнгө чейин такталбаганынан бу тегеректи байырлаган эки элдин ортосунда чыр-чатак да көп. Анын акыркысы өткөн айда чыкты. Бирок бул жолку жаңжал мурдагыдай кошуна айылдардын эмес, аскерлердин ортосунда чыгып, анын уу-дуусу алиге басыла элек. Эки өлкө чек арачылары атыша кеткен ошол 11-январдан бери кыргыз-тажик чек арасы жабык. Ортодогу алыш-бериш, соода-сатык токтогон.

Кыргыз-тажик вице-премьерлери Мамытов менен Алимардон. Бишкек, 23-декабрь.
Кыргыз-тажик вице-премьерлери Мамытов менен Алимардон. Бишкек, 23-декабрь.
Кийинчерээк чек араны ачуу талабы менен чыккан ворухтуктарды тажик бийлиги асманга ок чыгарып таратууга аргасыз болгону да айтылган. Мына ушул окуядан кийин, 8-февралда Ворух анклавынын эли менен жолугушууга келген Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон аймакты анклав абалынан ажыратып, өлкөнүн негизги аймагына кошууну убада кылып жибергенин “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып жазып чыкты.

Бирок мындай билдирүүнү кыргыз расмийлери дароо төгүндөдү. Кыргыз өкмөт башчысынын коопсуздук маселелери боюнча орун басары Токон Мамытов “Азаттыкка” бул эч качан ишке ашпай турган маселе экенин айтты:

- Тажикстан 2000-жылдары эле Ак-Сайдын оң же сол тарабынан бери жактагы айылы - Кожо-Аълого чейин Ворухка коридор бергиле деп сураган. 2003-жылы а түгүл 1925-жылкы карта боюнча Ворух менен Кожо-Аълону бириктирип чийип алышкан болчу. Ал жерде Кыргызстандын аймагы болгон Ак-Сайды да “биздин жер” деп кошуп алышкан эле. Биз ошондо эле баш тартканбыз. Мен бул кызматка келип, өкмөттөр аралык жолугушуу болгондо эле айткам: бизге тиги жерди бер, бул жакка коридор ачып бер деп кайрылбагыла, Кыргызстан эч качан бул маселелерди карабайт деп айткам. Ошол үчүн азыр мага Тажикстан тараптан да, Өзбекстан тараптан да анклавдарына тилке берүү тууралуу кайрылуу түшө элек. Эми алар өз оюндагысын айта беришет да. Биз жер бербесек кантип алышат. Биз ага барбайбыз.

Убададан чыккан уу-дуу

Канткен менен Тажикстандын жогорку даражалуу өкүлүнүн ворухтуктарга берген убадасы кыргыз коомчулугунда кыйла талкуу жаратты. Бул маалымат жарыялангандан кийин чек ара маселелери боюнча түзүлгөн демилгелүү жаштар тобу өлкө жетекчилигине атайын кайрылуу жолдоду.

11-январда чек арачылар атышкан суу бөлүштүрүүчү жер. Баткен, 23-январь, 2014.
11-январда чек арачылар атышкан суу бөлүштүрүүчү жер. Баткен, 23-январь, 2014.
Демилгечи топтун лидери Бактыяр Калпаев тажик тарап эки өлкө мамилесине доо кетирчү аракет жасады деп эсептейт:

- Тажик өкмөтүнүн жетекчилеринин бири Кыргызстан менен макулдашпай туруп, ушундай билдирүү жасаганы эл аралык келишимдерди бузганга тете. Ворухка Тажикстан менен кошула тургандай тилке берүү Баткен аймагында чоң эксклавды пайда кылат. Мындайга Кыргызстан макул болот деген да акылга сыйбайт. Бул маселеге коомчулук да, бийлик да өзүнүн ачык пикирин билдирип, реалдуу кадамдарга барышы керек.

Ворухтун жанындагы Баткендин Ак-Сай айыл округунун башчысы Абдипатта Бердиев да аймактын эли коридор ачууга жол бербестигин айтат:

- Тажик бийлиги Ворухту негизги аймагына кошууга тилке алуунун айла-амалын издеп жаткандай. Эгер андай болчу болсо Баткен районунун жарымы, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен Кыргызстандан бөлүнүп калат. Биздин эл буга эч качан жол бербейт.

Ошентип тажик вице-премьери Мурадоли Алимардон Ворухтун элине эмнеге таянып убада бергени түшүнүксүз болуп турат. Анткени Ворух анклавын өлкөнүн негизги бөлүгүнө кошуу үчүн кеминде беш чакырымдай тилке керек. Ал жерде болсо үч миңдей калкы бар Кыргызстандын Ак-Сай айылы жайгашкан.

Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу, 23-январь, 2014.
Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу, 23-январь, 2014.
Ошол Ак-Сай айылынын эли болсо облус борборуна же Баткендин башка айылдарына баруу үчүн Тажикстандын Кожо-Аъло айылын аралап өтөт. Кыргызстан аксайлыктарды ушул көз карандылыктан арылтуу үчүн Көк-Таш – Ак-Сай жолун куруп баштаганда тажик тараптын ага каршы чыгышы чек арадагы жаңжалга алып келген. Бирок кошуналардын каршылыгына карабай азыр бул жолдун курулушу уланууда.

Кыргыз расмийлери жол чек арадан бери, Кыргызстандын аймагында курулуп жаткандыктан кошуналардын ага доомат артканга эч кандай акысы жоктугун жана бул өлкөнүн ички иши экенин буга чейин бир канча курдай билдиргени бар.

Ворух анклавы менен анын тегерегиндеги кыргыз айылдарынын картасы

XS
SM
MD
LG