Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Атамбаев: КСДПдан президенттикке татыктуулар көп


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын урматына ачылган гүлбакты жашылдандыруу иши менен таанышкан учурда билдирди.

Анын айтымында, азырынча алдыдагы президенттик шайлоодо ал жетектеген КСДП партиясынан ким талапкер болору анык эмес. Атамбаев президенттик шайлоого катышпай турганын, добуш берүүлөрдө тартип бузууга жол берилбестигин жана бийликтен кеткенден кийин саясатта каларын жарыялады:

- Гэллап институтунун акыркы сурамжылоосу президентти элдин 77-78 пайызы колдой турганын көрсөттү. Алар кайсы бир креслодо отурамбы же жөн эле өз өлкөсүн ойлогон адам боломбу менин үнүмдү угушат. Саясатта калуу үчүн сөзсүз кайсы бир жооптуу кызматты ээлөө керек эмес. Мен премьер да, спикер да болбойм. КСДП партиясынын иши менен алектенем.

Атамбаевдин айтуусунда, КСДП партиясынан президенттикке талапкер коомдук пикирге жараша тандалып, ким көп колдоо тапса, ошол адам көрсөтүлөт.

Президенттик шайлоо ушул жылдын 19-ноябрда өтөрү айтылууда. (NT)

XS
SM
MD
LG