Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Каптагаев: Жапаровдун үстүнөн арыз жазган эмесмин


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун кармалышы боюнча комментарий бере элек. Бирок 23-мартта Фейсбуктагы баракчасына Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын маалымдаган:

- Садыр Жапаровго карата арыз жазган эмесмин, жазайын деген оюм жок, анткени менде барымтага алууну анын уюштурганы боюнча эч кандай далил жок. Ошону менен бирге кандайдыр бир кызык жагдайлардан улам барымтага алууну уюштурууга түздөн-түз же кыйыр катышы барлар Садыр Жапаровдун туугандары, жакын адамдары экенин буга чейин да айтып, жазып келгем, азыр да кайталайм. Бул факт, - деп жазды Каптагаев.

УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылдын октябрында Караколдогу митинг учурунда барымтага алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында бүгүн кыргыз-казак чек арасынан кармалганын жарыялады. Атайын кызмат митингдин катышуучулары Жапаровдун буйругу менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганы аныкталганын айтууда. Садыр Жапаров буга чейин бул окуяны бийлик өзү уюштурган деп айтып чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG