Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Чоң-Алайга таандык төрт жайлоо Тажикстанга өтүп кеткени жөнүндө жергиликтүү калк даттанып жатат.

Баш-аягы 3000 гектар жерди түзгөн жайлоолорду мурда эки тарап бирдей урунуп келсе, кийинки кезде мал жайып чыккандарды коңшу өлкөнүн аскерлери уруп-сабап, жандыктарын тартып алып жаткан экен.

Бийлик болсо бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечмейин радикалдуу аракеттерге барбоо керек деп эсептейт.

Жарым кылымдан бери кой багып келаткан Абдималик Насиров азыр өз жайытына өзү эгедер эмес. Ал Карамык айылындагылар жайлаган Унжу-Булак жайлоосу учурда толугу менен коңшу Тажикстан өлкөсүнө өтүп кетти деп кейийт:

- Мындан ары дагы 7 км жерге чейин биздин жер болуп турган. 50 жыл мал баксам, ошончо жыл ушул Унжу-Булакка чыгып жүрөм. Балалык чагым деле ошол жерде өткөн. Азыр эми тажиктин аскерлери ээлеп, өзүмдүкү кылып алышкан. Өткөн жылы эле кымыздык, чүкүрү жейин деп барсам, аскерлер мылтыгы менен кууп, араң качып кутулдум. Асманга ок аткан боюнча калышкан. Анан ошол жердеги 2 кыргыз баланы кармап кетишкен. Аларды эмне кылышты билбей деле калдым.

15 жаштагы Гафуриддин Мухтар уулун да мал жайып жүргөн жеринен тажик аскерлери кармап алып, уруп-сабап салган экен:

- Акем экөөбүз кой кайтарып жүргөнбүз. Тамактанып отурсак эле эки жоокер бизди кармап алды да "малыңардын баарын айдап кетебиз", "алып барып камап койобуз" деп коркутушту. "Болбосо бизге 2 улак бергиле" дешти. Анан нан-пандарыбызды, тамак-аштарыбызды, колубуздагы сааттарыбызды тартып алып коюшту. Биз коркуп ыйлап жибердик. Анан ошентип кыйнап, мени автоматтын кундагы менен жонго катуу урду. Айла жок, бир нерсе десең бийлик деле эч нерсе кыла албайт.

Жайыт тартыштыгынан чоңалайлыктар эми кайсы жерге жайлашаарын да билбей турган чагы. Жергиликтүү тургун Жармамат Козубаев:

- Биздин күзгү жайытыбыз, жазгы жайытыбыз толугу менен жок калды. Тиги көрүнгөн тоонун ары жагы толугу менен тажиктерге өтүп кетти. Жайытыбызды тартып алганы бир болсо, малыбызды чыгарбаганы эки, а балдарды уруп-сабап кыйнаганы бизге үч тозок болуп атат. Болбосо мына Карамыктын жерин баарын эле тажиктерге берип койолу. Анан эки колубузду мурдубузга тыгып отура берели.

Башка бир тургун Басардин Бекмаматов бул жерлерди коңшу өлкөгө соодалап жиберген болушу да мүмкүндүгүн айтат:

- Менимче, бул жерлерди биздин чоңдор Тажикстанга сатып эле жиберишкен. Аныгын деле жакшы билбейбиз. Болбосо ал жерлердин баары нейтралдуу турган жер эле. Илгертеден бери биз жайлап келгенбиз. Анан кантип эле алар өз алдынча эле кеңешпей туруп эле, каалаган жерин басып ала берет. Эгер бийликтер сатып жибербеген болсо, анда алар бизди такыр тоготпой аткан экен да.

Чоң-Алайдын Жекенди айыл округунда жалпысынан 36 миң гектардай жайыт бар. Анын ичинен Унжу-Булак, Караганды-Сай, Шаты жана Көлдүк жайлоолору, жалпысынан 3 миң гектар жер Тажикстанга өтүп кеткен. Округдун жайыт комитетинин башчысы Акунбек Идирисов:

- Ушул 3000 гектар жер мурдатан ата-бабаларыбыз жайлоолоп келген жер. Бул бизге мурунку муундан калган мурас. Аны эч кимге бербешибиз керек, алдырбашыбыз керек. Бирок, тилекке каршы, бийликтин коркоктугунан ушундай нерсеге жол берилип жатат. Жеке менин бала чагым ушул жайлоолордо өткөн. Тарттырып коюп, жөн эле отуруп калганыбызга чыдай албайм. Негизи бул 1992-жылдан бери 2 өлкө ортосунда турган жер эле, акыркы 2 жылдан бери биздикилердин буту басып, бара албай турган жайга айланды да калды.

Чоң-Алай районунун акими Азизбек Ашыралиев болсо чек ара маселелери өкмөттүк деңгээлде чечилип жатканын "Азаттыкка" белгиледи:

- Чындыгында ушул талаш жерлерибиз бар. Чоң-Алай району боюнча бир эле Жекенди айылындагы Унжу-Булак жайлоосу эле эмес, Чоң-Алай айыл округундагы Алтын мазар деген жайлообуз да талашта турат. Бирок биз бул боюнча коңшу өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Алар менен Чоң-Алайда, Баткенде жана Лейлекте 10 жолу отурум кылдык. Чек араларды делимитациялоо, демаркациялоо иштеринде колдон келген аракеттерди жасап атабыз. Өкмөттүк деңгээлдеги мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Бирок дагы деле талаш болуп келатканы чындык.

Чек арадагы талаш-тартыш жерлерди бир жаңсыл кылууну талап кылып, буга чейин чоңалайлыктар бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Бирок бул маселе азырга чейин чечилбей келет. Жер карарып, мал жайлоолой баштаганда быйыл дагы уруш-талаш башталат дешет жергиликтүүлөр.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG