Линктер

Быйыл Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатпай турганын билдирди.

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Тажикстан азырынча бул тууралуу расмий билдирүү жасай электигин, демек маселе ачык экендигин маалымдады. Бирок Кыргызстан Душанбеден сурап жаткан 2 миллиард киловатт сааттык электр энергиясын кайдан жана кандай баага сатып алары азырынча белгисиз.

Эгер Кыргызстан башка өлкөдөн электр энергиясын сатып албаса, быйыл кышта абал кандай болот? Өзүнүн суу жана башка ресурстары менен муктаждыкты жаба алабы же коңшу Казакстандан сурайбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын мурдагы энергетика министринин орун басары Райымбек Мамыров жана Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков катышты.

“Азаттык”: Нурлан мырза, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода Кыргызстанга электр энергиясы сатылбай тургандыгын билдирди. Кыргызстан жылына канча киловатт электр энергиясына муктаж жана анын канчасын өзү иштетип чыгарат? Тажикстан сатпай турган болсо жетпегенин кайдан алат?

Арзан энергия болсо сатып ала бериш керек да, Токтогул суу сактагычындагы сууну кийин зарыл учурда пайдалануу керек.

Нурлан Садыков: Ооба, чындыгында Тажикстандан ушундай маалымат келди. Албетте, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жаз айында ошондой сүйлөшүү болгон, анткени ал учурда суу маселеси курч абалда болуп, биздин прогноз боюнча суунун көлөмү төмөн болмок. Азыркы маалыматтар боюнча, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд. 800 млн. куб метрдин тегерегин түзүп турат.

Бизнес план боюнча суу бул көлөмдөн аз болот деп пландаштырылган. Бирок ай сайын келип кошулган суунун көлөмү 2000 куб болду жана бүгүн секундасына 800 000 куб суу келип жатат. Иштетилип жаткан суунун көлөмү секундасына 200 куб сууну түзүп жатат. Ошентип, күн сайын Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүп жатат. Ошондуктан Тажикстан тарап көтөргөн маселе биз үчүн азыр абдан курч деле эмес, биз электр энергиясын алардан алууга муктаж эмеспиз, себеби өзүбүздө суу жетиштүү. Кыргызстан өзүнө муктаж электр энергиясын иштеп чыга алат.

“Азаттык”: Райымбек мырза, Кыргызстан Борбор Азиядагы суу ресурстарына бай жана өз электр энергиясын иштете турган ГЭСтери бар мамлекет. Бирок эмне үчүн башка мамлекеттен энергияны сатып алууга муктаж? Мунун чыныгы себеби эмнеде?

Райымбек Мамыров: Суу жана электр энергиясын толук иштеп чыгуу маселеси 2007-2008-жылдан бери келе жаткан көйгөй болуп калганы өзүңүздөргө белгилүү.

Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд. куб суу батыш керек, ушул абал сакталган болсо Кыргызстан кыш бою сарпталган сууну жай мезгилинде калыбына келтирип келатат.

Андан тышкары СССР мезгилинде жана ал тарагандан кийин 1998-жылдары Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда бири-бирине электр энергиясын, сууну, көмүрдү жеткирүү боюнча келишимдер болгон. Бирок алар 2010-жылдан бери иштеген жери жок, буга көбүнчө Өзбекстандын ишке ашырбаганы себеп болгон.

Андан кийин суунун келишинин азайышы менен кээ бир жылдары режим бузулган. 2013-2014-жылдары суунун запасы көп болуп, Нурлан мырза айткандай, бүгүнкү күндө көлөмү 15 миллиарддан ашты. Бул бийлик 1-октябрга карата болжолдогон чекке жетти.

Биз электр энергиясын алардан алууга муктаж эмеспиз, себеби өзүбүздө суу жетиштүү. Кыргызстан өзүнө муктаж электр энергиясын иштеп чыга алат.

Ал эми Тажикстандан электр энергиясы сатылбайт деген маселе баага гана байланыштуу чыкты. Бул соодалашуунун гана бир түрү болуп жатат. Мурда деле Энергетика министрлигинин өкүлдөрү быйыл Нурэк суу сактагычында 4 миллиарддык электр энергиясына барабар суу өзүнчө эле иштетилбей бош агып кетип жатканын айтып чыгышкан. Аларды эске алганда Өзбекстан Кыргызстан менен сүйлөшкөн баа менен эле, бул 2,5 центтин тегериндеги баа, ошону менен эле бере берсе болмок.

Энергетиктер ачык айтпай жатышат, бирок электр энергияны алуу боюнча техникалык чектөөлөр бар, бул линиялардын жетишсиздигине байланыштуу. Тактап айтканда биз бир күндө 2-3 млн. киловатт сааттык энергиядан ашык ала албайбыз.

Союз мезгилиндеги чоң алкак азыр жок, аны Өзбекстан үзүп салган. Ошого байланыштуу Ош облусуна жана Баткен облусунун жарымына гана электр энергиясын жеткире алабыз. Бул сезон маалында көп болсо 300 млн. киловатт саат гана ала алабыз дегенди билдирет. Андан ашыкка мүмкүнчүлүк жок. Демек, бул жерде көп сөз гана жүрүп жатат.

Андан кийинки ойлоно турган нерсе - баа. Анткени азыр Бишкек ТЭЦинде иштетилип жаткан энергиянын баасы 3 центке жакындап калды. Демек, андан арзан энергия болсо сатып ала бериш керек да, Токтогул суу сактагычындагы сууну кийин зарыл учурда пайдалануу керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG