Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

ИИМ: митингге чыккандардын канчасы кармалганы так эмес


УКМК алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда кармалган адамдардын санын так айтуу кыйын экенин ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кармалгандар Бишкектеги райондук милиция бөлүмдөрүнө жеткирилгенден кийин так маалымат билинет.

Бүгүн парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлери аны бошотуу талабы менен атайын кызматтын алдында митингге чыгышып, милиция менен тирешүү болду. Нааразы тарап УКМК имаратына кирүүгө аракеттенди.

Эки ортодо кагылышуу болуп, митингге чыккандарга каршы газ колдонулду, асманга атылган октордун добушу да угулду.

ИИМ тартип бузгандарга эскертүү иретинде асманга ок чыгарылганын, көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун билдирди. Милиция катышуучуларды кармап кетти. Анын ичинде укук коргоочу Турсунбек Акун да бар. Байкоочулардын маалыматына караганда, кармалгандардын саны 20дан ашат.

УКМК алдында милициянын атайын даярдыктагы отрядынын, милициянын саны көбөйдү. Тартип сактоочулар митингчилерди таркатып, аларды автобустарга күчтөп салууну улантууда. (NT)

XS
SM
MD
LG