Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:36

Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү Жолдош Турдубаевдин Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал аймагы, андагы элдин өтмүшү менен азыркы турмушу тууралуу макаласы.

Көч

Кыргыз көчү дайым суу бойлойт

(Суу кечпесе көч да көч эмес):

Бирде өрдөп, бирде ылдыйлап,

Бирде аккан сууну ээрчисе,

Бирде албуут агым утурлап…

Тээ байыркы мезгилде Энесайдын жээгинен козголуп келип, Ысык-Көл, Нарын, Ак-Буураны бойлой конгон, жоокерчилик менен жан сактап, бирде кырып, бирде кырылып, бирде жеңип, бирде жеңилген элибиздин Чоң-Алайдан төмөн Кызыл-Сууну жээктеп созулган бир учу Улуу-Карамыктан ары Тажикстандын чегинде калган Кичи-Карамык, Сарык-Ой, Ачык-Алма, Дувана, Жайылган… болуп, Жерге-Тал айылынан өтө түшүп токтогон экен. Кызыл-Сууга Мөк-Суу кошулуп, тажик райондордун аймагынан ары карай Сурхоб (таж. - "кызыл суу") аталган бул алп дайра 20-кылымдын гидроэнергетикалык гиганттарынан болгон Нурек жана Рогун ГЭСтерине кубат берүүчү айтылуу Вахш ("жапайы, жырткыч") дарыясына куят. Тажикстандын бизге чектеш кыргыз районунан тартып Тажикабад, Гарм (азыр – Рашт деп өзгөртүшкөн, мурдагы аталышы тажиктин «жылуу» дегенинен эмес, кыргыздын «корум» сөзүнөн деген аксакалдардын айтканы ушинтип тастыкталды), Комсомолабад, Оржоникидзеабад (булардын азыркы аталыштарын билбейм) кошулган Дүйшөмбүгө чейинки аймак Кара-Тегин деген тарыхый аталыш менен белгилүү.

"Бирок каратегиндик кыргыздар азыркы турган ордуна Чоң-Алай тараптан эмес, батыштан, Дүйшөмбү жактан келген", - дейт Жайылган айлында этнографиялык музей ачкан тарых мугалими Хамит Боронов. Мунун да өзүнчө жүйөсү бар: Кара-Тегин өрөөнүндө кыргызча жер-суу аттары арбын кездешет. Сыягы, "Манас" баштаган көп эпостордо айтылган жоокерчилик заманда, "казак кайың сааганда, кыргыз Ысар көчкөндө", кошуна республиканын борборуна жакын Гиссарга оогон кыргыздар сууга тамган майга окшоп сүрүлүп, жылып отуруп, акыры Чоң-Алайга чектеш жерди мекендеп калган окшойт.

Бирок Жерге-Талдагы эзелки жер-суу аттары мындан бир нече жыл мурун жасалма тажикче атоолорго өтө баштаган эле. Бул тууралуу Кыргызстандын президентине, өкмөтүнө, Жогорку Кеңешине бир канча ирет кайрылып, белгилүү жазуучулардын, коомдук ишмерлердин да колун койдуруп кат жазганыбыздан эч майнап чыкпады. Эртеби-кечпи, тарыхый топонимдерди бурмалаган жосун БУУнун деңгээлинде айыпталып, кайра калыбына келтирилиши керек деп эсептейм.

Элүү жылда эл жаңы

Асанбек Кыдырназаровдун "Кыргыз көчүн" укканда, байыркы көчмөндөрдүн конуш жаңыртуу үчүн атка, төөгө жүк артып бараткандагысын гана элестетпей, эл тагдырына өчпөс из калтырган тарыхый сапардын доошун да туябыз. Жергеталдык кыргыздардын тилин маркум Жээнбай Мукамбаев изилдесе, оозеки чыгармалары, каада-салттары, кылымдар бою мекендеп келген жер-суусу, тоолорундагы түрдүү жапайы жаныбарлар жөнүндө жазуучу, котормочу, этнограф Тайтөрө Батыркулов "Вокруг света", "Фан ва турмуш" сыяктуу илимий-популярдуу журналдарга жарыяланган өзүнүн макалаларында абдан кызыктуу баяндап берген. Кыргызстандан барган ушул эки ажайып инсанды каратегиндиктер дайыма эстеп жүрүшөт. Эсил кайран Дооронбек Садырбаев тарткан «Жер киндиги – Жерге-Тал» документалдуу тасмасы бар. Мирзохалим Каримовдун "Мажүрүм тал", "Кыя жолдор" ж.б. чыгармаларында биздин элдин кулк-мүнөзү чагылдырылган.

"50-жылдарда Тажикстандын тоолуу райондорунда, айрыкча Жерге-Талда жашоо ушунчалык оорлошуп кеткендиктен, элдин басымдуу бөлүгү көчүүгө аргасыз болду. Көпчүлүгү Өзбекстандын Ферганасына барып, негизинен малчылык менен жан сактады. Элдин бир бөлүгүн өкмөт дың жерлерди өздөштүрөсүңөр деп Шаартуз, Яван сыяктуу чөлдөргө мажбурлап көчүрдү. Ошондо кээ бир айылдарда саналуу гана үй-бүлөлөр калды. Ээн үйлөр, айдалбаган талаалар, мал барбаган жайыттар көп болду", - деп эскеришет бизден мурункулар. Ачарчылыктын айынан чөптүн тамырын казып жешкен. Брежневдин тушунда эл кайра ата-журтуна келе баштады. Мисалы, менин ата-энем туура элүү жыл мурун, мен туулган 1964-жылы Жерге-Талга кайтып келген. Эң акыркылары 1990-жылкы тополоңдо келди. Документтерине улуту өзбек деп жазылып Өзбекстанда кала берген каратегиндиктер азыр деле бар.

Өзбектердин таасири менен жергеталдыктардын тили аябай өзгөрдү. "Майли" эмес, "макул", "йак" эмес, "жок", "пияда" эмес, "жөө" дешчү мурдагы карыялар. Өзбекстанда туруп калган каратегиндиктердин баарын шаардыктар деп коюшчу. "Шаардан келдик дешет – балээни да билбейт", - деп 90-жылы жергиликтүү окуучулар жаңыдан келген теңтуштарына таң калган эле. Көрсө, көпчүлүгүнүн ата-энелери мал багып адырларда жүрө берген экен.

Революцияга чейин Бухара хандыгынын курамында болгон алыскы Жерге-Талдын эли азыркы илим-билимге кыйла кеч аралашты. "Орустун окуусун окуп не кыласың?" – деп атүгүл эркек балдардын китеп көтөргөнүн жактырбаган карыяларыбызды биз да көрүп калдык. Ошон үчүн жергиликтүү жогорку билимдүү кыздар 70-жылдарда гана пайда болду. Алардын кантип шаарга качканын алиге чейин сөз кылып жүрүшөт. Айтмакчы, эң биринчи окуйм деген 16 кызды Тайтөрө Батыркулов өзү ээрчитип Фрунзеге алып келип, алардын жашоосуна, окуусуна дайыма көз салып жүргөн экен. Алардан кийинки агымда келгендерден жалгыз гана биздин айылдашыбыз Гүлбара Орозова окуусун аяктаган экен, азыр филология илимдеринин кандидаты.

Жерге-Талдын мугалимдерин, врачтарын ж.б. кадрларын даярдоодо кыргызстандык агай-эжейлердин салымы зор. Ар кайсы сабактар боюнча адистер жетишпегендиктен, кечээ жакынга, СССР кулаганга чейин эле ар бир мектепте көпчүлүгү Ысык-Көлдөн барган жаш мугалимдер иштеп келди.

Горбачевдун доорунда

Элдин аң-сезими телекөрсөтүү жеткен 70-80-жылдарда эле кыйла ойгонуп калган болчу. Кайра куруу башталганда тоо арасындагы Жерге-Талда да чоң өзгөрүүлөр болду. Совхоздун жерин арендага бере баштагандан кийин мыкты дыйкандар дурус эле байып алды. Накта кайра курууну Лакшы (эзелки аталышы «Улакчы» болгон дейт тарых илимдеринин кандидаты Х.Абжапаров) совхозунда жаңы деректир Салайдин Насирдинов жүргүздү. Бери жагы Кыргызстандан, ары жагы Орусиядан ишкер адамдар менен мамиле түзүп, кыска мөөнөттүн ичинде килем токуучу, чычырканактын майын ажыратуучу, кийим тигүүчү, кондитердик, кыш куюучу ж.у.с. ишканаларды курдуруп, тоолуу райондун мурдагы эң артта калган совхозун республикадагы үлгүлүү чарбалардын бирине айлантып койду. Типтүү мектептин, кош кабаттуу оорукананын, дене тарбия-айыктыруучу комплексинин курулушу жүрүп жатты. Көчөлөргө ошондо төшөлгөн ысык асфальт азыркыга чейин чыдады.

Жарандык согуш жылдары

Көз тийгенсип, кел-кел заман бат эле кет-кетке айланды. Дүйшөмбүнүн борбордук "Озоди" ("Азаттык") жана "Шохидон" ("Шейиттер") деген эки аянтында бири-биринин пикирин уккусу келбеген топтор дээрлик бирдей эле убакта өткөргөн митингдер бүтпөй улана берип, жердешчилдер менен динчил фанаттардын эрегиши акыры республиканы жарандык согуштун туюгуна кептеди. Митингдердин эпкини Жергеталга да жетти. Ордо калаадан кайтып келе жаткан жергеталдык автобусту автоматчандар токтотуп, эки аянтка чыккандардын кайсынысын жактайсыңар деп опузалап сурайт. Ошондо шашып кеткен бир жигит ойлонбой эле бул аянттардын бирин атай коюп, аз жерден окко учпай калат. Ортого түшкөн аксакалдар биз эч кайсы митингге кошулган жокпуз, деп байкуш баланы арачалап калган экен.

Жаатташкандардын эч бирине жан тартпаган элдин калыстыгы, тээ Чоң-Алайдын түбүндө турган жердин алыстыгы, ар кандай провокацияларга алдырбаган сабырдуулук Кара-Тегин кыргыздарын зор алаамааттан – чөлдүү райондордо болгондой кызыл кыргындан сактады. Албетте, акыры тоо арасында деле ок-дары жыттана баштады. Чөлдүү райондордон эмчектеги балдары, карыган чал-кемпирлери менен түрүлө качып келгендерге тоолуктар акыркы нанын тең бөлүп берип, бир кыш бою багып чыкты.

Бузукулар Салайдин деректир менен райондун акими Н.Асановду кайраштырганга жетишти. Ошолордун көкүтүүсүнө кирип, райборбордо акимге каршы митинг уюштурам деп С.Насирдинов катуу мүдүрүлдү. Бул тирешүү экөөнө тең абийир алып келген жок.

Ислам мамлекетин курабыз деген оппозициячылар басып алганда, Жерге-Талдын сырткы дүйнө менен болгон байланышы үзүлдү. Мектептер, ооруканалар иштебей, тобокелчилик менен ташып келинүүчү товарлардын баасы асмандап кетти. Бөрк ал десе баш алган селдечен зөөкүр желдеттер да мечитке келип намаз окубайсыңар деген шылтоо менен көп адамдарга кысым көрсөттү. Мечиттин босогосунда туруп алып тизмени окуп, келбей калгандарга бир койдон штраф салышчу. Тамеки чегип же арак ичкени билинип калганда катуу сабалып, цистерналарга салынып, ден соолугунан айрылып калгандар болду. Көчөдө сенин кызың эркек балдар менен сүйлөштү деп ата-энесине айып салган, туш келген жерден токтотуп алып, баланча сүрөөнү айтып берчи, мусулман экендигиң чын болсо деп кыйнаган согушчандар да бар эле. Жайылган айылында 13 жашар бала окко учуп, ошол тушта намазга келбедиң деп шылтоолоп аксакал эле кишиге куралчан боевик кол көтөргөндө эл митингге чыккан. Ар кандай шылтоолор менен бир нече киши өлтүрүлдү. Ушунун баары элдин диний ишенимин бекемдебей эле, тескерисинче кээ бир жаштардын көңүлүн калтырды. Жашырынып арак ичкендер, наша чеккендер пайда болду (ага чейин баңгилер жок эле). Айтмакчы, нашаны дал ошол селдечен желдеттер өздөрү тартчу дешет.

Согуш аяктап калган, бирок сакалчандардын үстөмдүгү жоюла элек кезде жаштар бир мектептин сыртына Карл Маркстын сөзү жазылган плакатты атайын илип коюптур: "Дин – элдин аң-сезимин ууктуруучу апийим". Ашынган фанатизмдин арты кандай болорун Кыргызстандагы айрым чала молдолорго эскертип коюу үчүн ушул турмуштук мисалды келтирдим. Ал эми митингдер жөнүндө айтылгандар "күчүң көп болсо, акылдын да кереги жок" деп ойлогон же сөз билбестигинен муштуму менен коркуткан саясатчыларга тиешелүү.

Жерге-Тал: Тарыхый мекен тагдырлаш

Жалган исламчылардын тартиби орнотулганга чейин эле Жерге-Талдан көчүп кетүү керек деген маанай пайда болгон. 1993-жылы өлгөнгө топурак салабыз деп кошуна айылга бараткандар түшкөн жүк машинаны аскер самолету аткылап, бир нече киши курман болгондон тартып эл Кыргызстанга көчө баштады. Айрым жердештер муну Кичи Үркүн деп аташкан ошондо. Кийинки жылы көп үйлөр ээн калды. Жаңыдан салына баштаган бойдон калган үйлөрдүн дубалдары жаанга жуулуп жатканын 1998-жылы барып көргөн элем. Бирок 2000-жылы барганда көчкөндөрдүн үйлөрүнө жаш үй-бүлөлөр батпай, жаңы тамдар курулуп жатканын көрдүм. Демек, эл канчалык көчсө да, демографиялык өсүштүн эсебинен кайра мурдагы санынан ашып кетип баратат.

Жерге-Талдын ылдыйкы зонасынан эл эч кандай согуш чыкпаса деле көчмөк. Анткени жердин тардыгынан ондогон жылдар бою тамарка берилбей, жаңы үйлөнгөндөр атасынын огородуна там салып, картошка эккенге жай калбай калган эле. Шаартуз, Яван райондорунан келгендерди кошкондо (алар деле теги жергеталдыктар), азыр Кыргызстанда 10 миңден ашуун каратегиндик жашап жатат. Буларга салыштырмалуу Тажикстандын Мургаб районунан көчкөндөр кыйла аз экен. Биякка келген этникалык кыргыздарга жардам көрсөтөбүз деген 40тай бейөкмөт уюм бар. Алардын ичинен мектептерди, ооруканаларды ремонттоп, өтө муктаж үй-бүлөлөргө анча-мынча жардам бере алгандары саналуу гана.

Кантип жардам берүүгө болот?

Тажикстандын ар кайсы жерлеринде жашап калган кыргыздарды көчүрүп келип жүргөн Тайтөрө аксакал (ал эки жыл мурун Дүйшөмбүгө барып, кайра келгенге үлгүрбөй, 90 жашында каза болду, сөөгүн шаарда окуган, иштеген кыргыз жигиттер жерге беришкен) жергеталдыктар менен мургаптыктардын негизги бөлүгү көчпөй кала бергенин туура көрчү. Азыр элдин турмушу кыйла оңолуп калды. Эми аларга бир жолку гуманитардык жардам эмес, келечек өнүгүүсүнө жол ачкан иштер керек. Мисалы, Тажикстандын кыргыз мектептери китепке абдан муктаж. Окуу китептеринин баасы биздикинен арзан дешет, бирок баары тажикче. Он жылдай илгери барганымда бир мугалим "Алиппени" өзүңөр которгула дешет, муну кантебиз деп менден сураган эле. Албетте, алиппени, тил, адабият сыяктуу окуу китептерин которуу эмес, тажик реалийлерин да чагылдыруу менен түзүп чыгуу керек, географияны, тарыхты ж.у.с. гуманитардык багыттагы окуу китептерди атайын долбоорлордун негизинде которсо болот деп айтканмын. Математика, химия, физика сабактары Кыргызстандын эле китептери боюнча окутулушу керек.

Көпчүлүк мектептерде жогорку билимдүү мугалимдер жокко эсе (бир тобу Кыргызстанга көчүп келе берген, башкалары өз кесибин эчак эле таштап коюуга аргасыз болгон). Ырас, мугалимдердин айлыгы Кыргызстандагы өлчөмгө жетип калды. Эми мектепке кайрылып келгендер көбөйөт деген үмүт бар. Бирок мындан үч-төрт жыл илгери айылдардын эзелки кыргызча аталыштарын жасалма түрдө тажикчелештиргенде, буга Кыргызстандын бийлиги эч кандай нааразылык билдирбей койгон соң, каратегиндиктердин көбү баары бир көчүү керек окшойт деп калган.

Менимче, тажикстандык жаштардын он биринчи классты бүткөндүгү тууралуу аттестат алышын күтүп отурбай, 15-16 жаштардагы улан-кыздарды атайын интеллектуалдык тест аркылуу (б.а. фактографиялык билимине эмес, дилгирлигине, зээндүүлүгүнө карай) тандап, Ошко же Бишкекке алып келип багып, күчтүү мектептердин биринде бир-эки жыл ЖОЖго чейинки даярдыктан өткөрүү зарыл. Жакшылап уюштурса, сүрөөнчүлөр деле табылса керек. Соңку жылдарда мугалимдиктен тышкары медицина, компьютердик технология, экономика ж. б. боюнча да квота бар дешет, бирок бул орундарга өткөндөрдү өз жерине барып иштөөгө милдеттендирбесе болбойт.

Маданий интеграция кандайча жүрөт?

Көчүп келгендер дайым өз жеринде калган туугандарына каттап турат. Жергеталдыктардын тиричилик маданиятына, тилине бул жаңы карым-катыш кандай таасир тийгизип жатканын байкоо кыйын эмес. Ошондуктан бул жакка келип отурукташкан кыргыздардын жергиликтүү эл менен жакындашып, көп нерселерди үйрөнүп жатканы жакшы. Бирок бул процессти өзүнөн өзү жүрө берет деп тим койбой, кандай оң, терс тенденциялар болуп жатканын кылдат байкап, жакшы жагына багыттоо үчүн зор иштерди жасоо керек.

Мисалы, мен жердештеримди эмгекчил, ыймандуу, адептүү деп көкөлөтө мактай бергенди туура көрбөйм. Эл болгондон кийин жакшысы менен катар жаманы да болот. Бирок бир карын майды чириткен кумалактардын айынан келгиндердин баарын жаманатты кылууга умтулган бузукуларды да тыя жүрүү зарыл деп эсептейм.

Массалык түрдө алганда, жаштарга тарбия, билим берүү иши Кыргызстанда деле ойдогудай деңгээлде эмес. Айрыкча кыш мезгилинде бош калып, көчө таптаган, видео менен дискотека, той-топурдан башканы билбеген уландар-кыздарга багыт көрсөтүп, өнөр үйрөтүү керек. Жарандык сектордогулар ар кандай окутуп-үйрөтүүчү (мисалы, тилдер, конфликтология, өз алдынча билим алууга багыттоо боюнча) курстарды, маданий, спорттук иш-чараларды уюштурса туура болмок.

Бир сөз менен айтканда, четтен келген кыргыздар биригип жасай турган көп иштер топтолуп калды.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG