Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Нуржигит Кадырбеков Тажикстандагы кыргыздарга байланыштуу “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Тажикстандын кыргыздар жыш жайгашкан Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда улуттук азчылыктардын таламдарын басмырлоо, кодулоо күч алганы айтылууда. Ал эми кыргыз бийлиги кийлигише албай турганын билдирип жатат. Чындап эле буга таасир этүү мүмкүн эмеспи?

Нуржигит Кадырбеков: Мамлекеттик тил маселеси бул эгемен мамлекеттин ички иши экени чындык. Ошол эле мезгилде улуттук азчылыктардын да укуктары эл аралык адам укуктары боюнча пакттарда, конвенцияларда белгиленген. Ошого таянганда бул абдан ойлоно турган маселе.

Экинчиден, албетте мамлекеттин ички иши деп кийлигишпей койгонго болбойт. Өзүн сыйлаган ар бир мамлекет тарыхый мекендештерине кам көрүп, маданиятын, тилин өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди жасашы керек. Эгерде буга кыргыз мамлекети кам көрбөсө, анда алардын тагдыры оорлойт.

Мындай кыргыз диаспоралары дүйнө жүзүнүн көптөгөн жерлеринде бар. Канчалаган мигранттар Орусияда жүрөт. Алар эгер тилин, маданиятын унутса, аларга эч кандай кам көрүлбөсө, алар тууралуу ойлонбосок, эртеңки улуттун келечегине доо кетет. Биз адам ресурсун жоготуп жатпайбызбы.

“Азаттык”: Кыргызстанда 50 миңден ашуун тажик тектүү жаран жашайт экен. Алар өздөрү Кыргызстанда улут катары укугу басмырланбай эле жашап жатканын айтышууда. Эгер тажик бийлиги ал жактагы кыргыздарды кодулай берсе, бул жактан жооп ирээтинде ушундай иш-аракеттер болуп кетпейби?

Кадырбеков: “Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба” деген сөз бар. Эң негизгиси стабилдүүлүк керек. Бирок азыр маалымат доор келди. Буга окшогон жаңылыктар жерде калбайт. Элге-журтка жетсе, улут ортосундагы мамилеге жакшы таасирин бербейт.

Кыргызстанда четтеги мекендештерди колдоо, ошолор менен туруктуу, тыгыз байланыш түзүү саясаты болушу керек. Ошол эле Кыргызстандагы тажик мектептери окуу куралдарын Тажикстандан алат. Ошол жактын стандарттары боюнча илим-билим алышат.

Мургаб
Биз да мекендештерибизге керек болсо мугалимдерин окутуп, окуу куралдар менен камсыздап, керек болсо айлыктарын төлөп, иши кылса элибиздин учугун улаган чоң саясат болушу керек.

Мындай жагдайлар албетте улуттар ортосундагы мамиленин жакшырышына алып келбейт. Бирок кыргыздар акылман эл. Мындай нерселерден туура жыйынтык чыгарып, кандайдыр бир чыңалууга алып барбайт деп ишенем.

“Азаттык”: Сиз дипломатия тармагында иштегенсиз, айтсаңыз, тажик бийлигине таасир этүүнүн кандай жолдорун көрүп жатасыз?

Кадырбеков: Тажикстан менен эки тараптуу мамилелер бар. Экономикалык, гуманитардык, саясий тармактарда бир топ маселелер бар. Ошол эле чек араларды тактай элекпиз. Демаркация бүтө элек. Ушундан улам чек араларда бир топ жаңжалдар чыгып кетип жатат. Суу-жер талаш маселелери болуп жатат. Ушуга окшогон маселелерди комплекстүү карап, Тажикстанга карата акылман тышкы саясат керек.

Бул жерде мамлекеттик ресурстарды колдонуп, дипломатияны активдештирип аракет кылбаса, Тажикстандагы кыргыздардын өздөрүнө койсо, анда бул маселе чечилбейт. Анткени 7 миллионго чукул элдин арасында элүү миңдей кыргыз бар экен, алардын үнү угулбай деле калышы мүмкүн.

Мургаб, 19-июль, 2009-жыл
Жакшы айтып, бирок катуу аракет кылыш керек. Анан ички ишке кирише албайбыз, чече албайбыз деп отура бергенде болбойт. Өзүн сыйлаган ар бир мамлекет өзүнүн мекендештерин колдойт, коргойт, дүйнөлүк тажрыйбаларда деле буга мисалдар толтура.

“Азаттык”: Эмне себептен кыргыздар жыш жашаган аймактарды тажиктештирүү башталды деп ойлойсуз?

Кадырбеков: Бул жараян совет доору кыйраган бардык өлкөлөрдө эле бар. Көп жылдардан бери өзүн өзү таануусунан ажырап калгандан кийин ушул нерсе башталды. Анан Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы саясат бир топ катаал, татаал болуп жатат.

Азыр тажик улутунун аң-сезимин көтөрүү саясаты катуу болуп жатат. Ошол эле Имам Азамды тажик деп атап жатышат. Чоң туу илишти, чоң герб коюшту. Эми бул улуттун духун көтөрөйүн деген жакшы эле ниет болуш керек. Биз деле өзүбүздү алардын ордуна коюп көрсөк, кыргыз улутунун духун, ар-намысын көтөрүүгө аракет жасаган учурлар бар да. Бирок бул нерсе улуттук азчылыктарга тез таасир этпеши керек. Буга мамлекет сөзсүз аралашышы керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG