Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Коңшулаш өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан менен чектеш тилкелерди күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү.

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев тажик тарап менен кырдаал боюнча маалымат алмашуу бар экенин белгиледи. Бирок, маалымат агенттиктеринде куралдуу кол салуунун артында турган тажик генералы жана окуянын чоо-жайы туурасында карама-каршылыктуу кабарлар жарыяланууда.

Коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Коңшулаш Тажикстанда түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстандын Чоң-Алай, Баткен жана Лейлек багыттарындагы чек ара тилкелери күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү.

Кыргызстандын ички иштер жана коопсуздук органдары тажик бийлигинен окуя боюнча үзгүлтүксүз маалымат алынып жатканын белгилөөдө. Бирок ал маалыматтар кызматтык сыр катары ачык жарыяланбай турганы белгиленди.

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бул окуяны Тажикстандын ички иши катары баалап, бирок чек арада коопсуздук чаралары көрүлгөнүн билдирди:

- Бизде учурда кыргыз-тажик чек арасында бардык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Аталган тилкелерде чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Башка күч түзүмдөрүнүн бардыгы коңшулаш өлкөдөгү кырдаалга көз салып турушат. Кудай буюрса, бизде кырдаал тынч. Бул окуя Тажикстандын ичинде болуп жаткан соң алардын ички иши катары ага комментарий бере албайбыз. Биз тажик кесиптештер менен кырдаал туурасында байланышып, сүйлөштүк. Бирок анын маани-маңызы тууралуу айта албайм.

Тажикстандын Рамит капчыгайында коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода баштаган куралдуу топ менен өкмөттүк күчтөрдүн салгылашы үч күндөн бери уланууда. Тажик бийлиги салгылашта 26 адам мерт кеткенин, жоочулардан төрт адам жок кылынып, жетөө колго түшкөнүн билдирген. Президент Эмомали Рахмон бул окуяны “Ислам мамлекети” уюмуна тилектеш жоочулардын террордук чабуулу деп мүнөздөгөн.

Каршылыктан куралдуу көтөрүлүшкө...

Бирок эл аралык жана аймактык эксперттер муну тажик бийлигинин ичиндеги ыйкы-тыйкылыктан улам келип чыккан аскерий козголоң катары баа беришүүдө. Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев мындай дейт:

- Кызматтан алынган тажик генералы ИМ сыяктуу ири террорчул уюмга кошулуп кетти дегенге кошула албайм. Ошончо сандагы аскер кызматчылары менен жоокерлер ээрчип кеткени, демек анын ошол аскерий чөйрөдө бедели бар болушу мүмкүн. Ошондуктан ага ишенгендер анын артынан кетишкен. Бул жерде кандайдыр бир чоң саясат бар деп ойлобойм. Бул жөнөкөй эле бийликтеги ич-ара келишпестиктен улам келип чыккан чатакка окшоп турат.

Тажикстандын коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода өткөн жума күнү кызматынан алынган. Тажикстандын расмий маалыматы боюнча, ал жүздөн ашуун өзүнө караштуу жан-жөкөрү менен куралданып, Дүйшөмбү шаарындагы жана Вахдат районундагы милиция бөлүмдөрүнө кол салган. Андан соң ал куралдуу топ ири өлчөмдөгү курал-жарак, ок-дары менен тоолуу капчыгайга качкан. Соңку маалыматтар боюнча, ушу тапта жоочулар өкмөттүк күчтөрдүн курчоосунда турат.

Бириккен тажик оппозициясынын мураскери

Генерал Абдухалим Назарзода жарандык согуштан кийин 1997-жылдагы улуттук жарашуудан соң бириккен тажик оппозициясынын квотасы менен аскерий кызматка алынганы айтылууда. Улуттук коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков мында саясий-идеологиялык карама-каршылыктар бар деген версияны жокко чыгарбайт:

- Соңку 5-6 жылда мурдагы бириккен тажик оппозициясынын мураскери катары чыккан Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жактоочуларына катуу куугунтук боло баштаганы да буга себеп болду окшойт. Анан бул жагдай күч түзүмдөрүндөгү ал партиянын жактоочуларынын арасында бийликке карата жек көрүүчүлүктү күчөтө баштаган. Алардын ичинде козголоңго тымызын даярдык көрүп, курал-жарак топтой баштаган деген маалыматтар бар. Бул иш-аракеттер байкалып калганда генерал баштаган аскерий адамдар камалгандан көрө атышып өлөлү деген принцип менен козголоңго чыгышкан болсо керек. Бул куралдуу топту жок кылуу 1-2 күндө бүтө турган операция эмес. Аны бир дипломатиялык же башка бир жолдор менен чечпесе, көп кан төгүлүп, анын кесепети коңшулаш өлкөлөргө дагы тийиши мүмкүн. Мына ошондон сак болуш керек.

Бирок Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу" партиясынын төрага орун басары Саидумар Хусайни эл аралык маалымат агенттиктерине козголоңчу генерал бириккен тажик оппозициясында болгон эмес деп билдирди. Бул окуяны ал бийликтин кысымынан улам келип чыккан ички нааразылыктын жыйынтыгы катары мүнөздөгөн. Эске сала кетүүчү жагдай, быйыл жазда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын командири да кызматын таштап, Сириядагы козголоңчуларга кошулуп кеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG