Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов Баткен облусунун чек ара аймактарындагы кырдаал, депутаттардын ал жакка кошумча аскерлерди жөнөтүү, Чек ара кызматын Ошко көчүрүү сыяктуу демилгелер боюнча оюн ортого салды.

“Азаттык”: 4-сентябрда парламентте “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев Баткенге кошумча күч жиберүү керек, жалпы чек арачылардын 30 пайызын аталган облуска жөнөтүү зарыл деген маселе көтөрдү. Бул сунушка сиздин оюңуз кандай?

Матенов: Азыркы убакта чек арачылардын 63% түштүк аймактарда, калган 37% бул жактагы чек ара бөлүктөрүндө. Андыктан Баткенде чек араны кайтарууга күчүбүз жетиштүү.

Бирок көйгөйлүү маселелер бар. Алардын бири - келишимдик негиздеги келе турган чек арачылардын орундары толбой, бош бойдон калып жатканы. Буга айлык-маянанын аздыгы башкы себеп. Эгерде алардын социалдык маселесин чечпесек, 10-11 миң сомго келишим менен чек араны кайтарууга балдар келбейт экен. Мисалы, аларды турак жайларга жайгаштыра албайбыз. Айрыкча түштүктө чек арачылардын социалдык абалдары оор, шаарлардан алыс, айылдарда жайгашкан. Ошондуктан келишимдик негизде чек арачылар келбей жатат.

“Азаттык”: Чек ара кызматында чек арачылардын канча пайызы келишим менен кызмат өтөгөндөр?

Матенов: Чек ара кызматында келишим менен кызмат өтөгөндөр 38% түзөт.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн демилгелердин дагы бири Чек ара кызматынын борбордук аппаратын кайра Ошко көчүрүү болду. Депутаттар муну чек ара көйгөлөрү көбүнчө түштүк облустарда орун алып жатканы менен түшүндүрүп жатат. Бирок Чек ара кызматы былтыр эле Бишкекке көчүрүлгөн болчу. Кайра Ошко көчүрүү сунушуна Чек ара кызматынын пикири кандай?

Матенов: Былтыр октябрда президенттин жарлыгы чыккан. Ал жарлыкта Чек ара кызматынын борбордук аппараты болуп Бишкек шаары белгиленген.

Өзүңүздөр билгендей, 2009-жылы чын эле борбордук аппарат Ошко көчүрүлгөн болчу. Бирок ал Ошто турган 2,5 жыл аралыгында чек араны коргоо ишмердүүлүгү жалпысынан алганда жакшырып кеткен жок. Ал тургай Бишкекте турган башка күч тутумдарынын борбордук органдары менен кызматташуу солгундап кеткен.

Борбордук аппараттын Ошто жайгашып, өлкөнүн башкы кол башчысынан жана аскердик саясий жетекчилигинен, ошондой эле өз ара кызматташкан жана камсыздаган министрлик менен ведомстволордон алыс болушу ыкчам башкаруу системасынын татаалдануусуна алып келген.

Ворух анклавы

Ворух анклавы

Мындан тышкары аскерлердин социалдык-чарбалык маселелерин чечүү ишин да жакшырткан жок. Өздүк курамдын да моралдык-психологиялык абалына терс таасирин тийгизди. Кесипкөй кадрлардын Чек ара кызматынан кетүүсүнө да негиз болду.

Ошондой эле Чек ара кызматынын бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалышына жана инфраструктуранын жакшырышына көмөк көрсөткөн эл аралык уюмдар менен да кызматташуунун деңгээли төмөндөгөн. Ошондой эле Чек ара кызматынын башкы аппаратынын Ошко көчүрүү туура эмес болгону каржылык сарптоону көп талап кылгандыгы менен да далилденди. Анткени Бишкек шаарында орун алган президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин иштерине жана жыйындарына да Чек ара кызматынын башчысы катышышы керек болот. Күнүгө барып-келип туруу зарыл. Ошондуктан бул жагынан да терс таасирин көрсөттү.

Азыр айрымдар “түштүк аймакка Чек ара кызматынын жетекчилиги көп барат экен, ошон үчүн анын Ошто болгону жакшы” деп негиздеп жатышпайбы. Эгер борбордук аппарат Ошто жайгашкан болсо, тескерисинче Бишкекке ар кандай зарыл иштер менен көп келүүгө туура келет. Бул жакта көп иш-чаралар болот дегендей. Андан тышкары бардык биз кызматташкан эл аралык уюмдар Бишкекте орун алган.

“Азаттык”: Акыркы айларда эле Баткен облусунда чек арада бир катар окуялар катталды. Мисалы, куралчан топтор кармалды, чек арага жакын жерде тажик үй-бүлөсүн атып кетишти. Ошондон улам бүгүн чек арада абал кандай, толук көзөмөлдөбү? Кандайдыр бир күтүүсүз чагым иштер жасалып калса, аларга туруштук берүүгө жана өз учурунда жайгарууга мүмкүнчүлүгүңүздөр жетиштүүбү?

Матенов: Кырдаалды туруктуу десек болот. Бирок чечилбеген маселелердин айынан уруш-талаштар чыгып кетиши мүмкүн. Акыркы кездери биздин чек арачылар жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатат. Жакында эле биздин аймакта ок атуучу куралдар менен аңчылык кылып жүргөн төрт тажик жаранын кармашты. Жакшы натыйжа көрсөтүп жаткан чек арачыларга кызыктырып, акчалай сыйлыктарды берип жатам.

Мамлекеттин жана жарандардын чек арадагы кызыкчылыктарын толук камсыз кылып берүү үчүн биз бүт күч-аракеттерибизди жумшайбыз. Муну бизден мыйзам да, азыркы абал да талап кылат.

“Азаттык”: Кошуна Тажикстанда ноябрь айында президенттик шайлоо болгону турат. Ушуга байланыштуу чек араны кайтаруу күчөтүлүшү мүмкүнбү?

Матенов: Албетте. Мисалы, жакында боло турган ШКУнун Бишкектеги саммитине байланыштуу биз күчөтүлгөн тартипке өттүк. Ошондой эле эгер кошуна мамлекеттерде чоң саясий иш-чаралар боло турган болсо, ал мамлекеттердин ичиндеги саясий кырдаалдарды эске алып, айрым бөлүктөрдөгү кайтарууну күчөтүлгөн тартипке өткөрөбүз.

“Азаттык”: Чек ара маселесин чечүү дегенде бул адегенде каржыга келип такалат. Сиздердин бир жылдык бюджетиңиздер канча жана сураган акчаңызды өкмөт толук берип, камсыздап жатабы?

Матенов: Чек ара кызматынын бюджети жашыруун. Азыр даярдалып жаткан мамлекеттин 2014-жылдагы бюджетинде биз сураган каражаттын 35 пайызын берип жатышат. Албетте бул аз.

Ошол эле кезде биз мамлекеттин экономикалык, финансылык абалын да туура түшүнөбүз. Бирок өкмөттө да мамлекеттин коопсуздугун чыңдоодо артыкчылыктар болуш керек деп эсептейм. Мен муну өкмөттүн жыйынында да айткам. Анткени мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталат. Ошондуктан Чек ара кызматынын бюджетине артыкчылык бериңиздер деген кайрылганбыз. Ошого ылайык, өкмөт кошумча дагы 129 млн. сом бөлүп берди. Бирок баары бир бул каражат аздык кылат.

“Азаттык”: Баткенде чек арада жашаган тургундардын бир катар сунуш-талаптарды коюп жатат. Мисалы, кошуна мамлекеттердин жарандары машиналарыбыздын айнегин талкалап, суу, жол жана башка талаштардан ар кандай чатактар чыгып калып жатат. Ошондуктан Баткенге чек арачылардын санын көбөйтүп беришсе, кенен-кесири турмуш тиричилик өткөрсөк деп айтышууда. Ал жакта чек арачылардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Матенов: Мен 31-августтан 2-сентябрга чейин чек бөлүктөрүн кыдырдым. Мисалы, Баткенде, Ошто болдум. Баткендин губернатору менен да жолуктум. Аларга биз да, жер-жерлердеги чек ара отряддарынын жетекчилери да балдарыңарды чек араны кайтарууга жибергиле деп айтып жатабыз.

Жогоруда белгилеп кеткендей, бизде көп чек арачылардын орундары бош турат. Азыркы мезгилде 500гө жакын келишим түрдө чек арачылардын орду бош. Мен баткендик туугандарга балдарыңарды чек араны кайтарууга бергиле деп айтып жатам. Мисалы, Баткен чек ара отрядынын өзүндө эле 150дөй келишим түрдө чек арачылардын орду бош турат.

Баарыбыз тең эле күчөтүш керек деп айтып жатабыз, бирок мамлекет ал жактарга кошумча жаңы орундарды ачып койгону менен эч ким келбесе, маселе чечилбеген эле бойдон калат. Маселенин төркүнү ушунда. Биз азыр өкмөткө да маселе коюп, айлыктарын көтөрүп, социалдык маселелерин чечпесек, бош турган орундарды толтура албайбыз деп айтып жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG