Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Шаар-Туз кыргыздары: Акаевди жакшы көрүп калганбыз


Сабриноз (солдо) Шаар-Туздагы кыргыз мектепте окуп жүргөн кезиндеги сүрөт, 1970-жж.

Сабриноз (солдо) Шаар-Туздагы кыргыз мектепте окуп жүргөн кезиндеги сүрөт, 1970-жж.

Тажикстандын түштүгүндөгү Шаар-Туз айылына өткөн кылымдын 50-жылдары Жерге-Тал районунан кыргыздар көчүрүлгөн. Ысыкка чыдабай, тоолуктардан көп киши набыт болгон.

Tажик-ооган чек арасынан 20 чакырым аралыкта Шаар-Туз айылы жайгашкан. Бул тараптагы кыргыздардын тагдырын сталиндик репрессияга байланыштырабызбы, же улутту жок кылуу саясаты болгонбу, буга тарыхчылар баа берээр. Айтор, 1950-жылдардын башында Жерге-Тал районундагы 10 чакты айылдан 5 миң чакты кыргыз мына ушул аймактын чөлүн өздөштүрүүгө көчүрүлгөн. Жергеталчылар “Көчүрмө, можур” деп атаган ал депортацияда мээ кайнаткан ысыкка чыдабай, тоолуктардан көп киши набыт болгон. Калгандарын 1993-жылы жарандык согуш кайнап турганда Кыргызстан алып кеткен. Алардан калганы бүгүн өздөрү курган Шаар-Туздун айланасында жашайт. 20 чакты жергеталчы жана алардын бала-бакырасы кала берип жаткан Кахрамон (Каарман) айылына барган Жаңыл Жусупжан эже-сиңди Сабринисо, Алима Шамшиеваларды сөзгө тартты.

- Биз ушул Кахрамондо туулуп-өстүк, урушту көрдүк, Кыргызстанга да барган жокпуз, ушул жерде калып кеттик. Кахрамон кыргыздардын айылы болгон. Кыргыздар көп, өзбектер аз, Ленин-Абад (азыркы Согди) облусунан можур (мажбур – депортация) болуп келгендер турушкан. Тажиктер такыр эле жок болчу. Согуштун убагында ортодо калдык, бир аз кыйналдык, бирок бизди кыргыз деп, биздин кыштактагыларды кыйнаган жок. Биз өзбектердин арасында жашап, алар башкаларды киргизбеди. Ошол себептүү биздин кыштакта кыргыздардан өлгөндөр жок. Тажиктер менен тажиктер урушту, биз жертөлөдө жашынып жүрдүк, кийин уруш токтогондон кийин чыктык. Кыргыздар көчүп кеткенден кийин тажиктер башка айылдардан көчүп келишти.

Сабриниса Шамшиева айылда медайым болуп иштейт, уул-кыздары турмуш курган.

Сабриниса Шамшиева айылда медайым болуп иштейт, уул-кыздары турмуш курган.

"Азаттык": Бул жакта баары жергеталдык кыргыздар болгонбу?

- Ооба, жергеталдык кыргыздар, ошол жактан мажбур болуп келишкен. Алар келген убакта бул жерлер чөл сыяктуу болгон, жылан, таш бакалар бар болгон, кийин өздөрү абат (өздөштүрүшкөн) кылышкан.

"Азаттык": Бул жерлердин бардыгы кадимкидей айыл, чоң-чоң үйлөр, бактар тигилген. Ушунун баарын сиздер куруптурсуздар да?

- Жерге-Талдан мажбур болуп келишкен биздин бабаларыбыз, аталарыбыз бул жерлерди абат кылышкан.

"Азаттык": Башка айылдардагы кыргыздарга кыйын болуптур дедиңер, ошол жөнүндө айтып берсеңиздер?

- Ломоносов колхозу деген сыяктуу айылдарда аялдарга кыйын болгон, көбүрөөк өлүштү, жоголгондору жоголду, сөөктөрүн кийинчерээк табышты.

"Азаттык": Бизде айтылат го “эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат” деп...

- Ооба, ошондой болду. Эч жакка чыкпайт элек, малды союп, этти бөлүп алып, нан бышырып, кимде жертөлө болсо ошол жакка алып барып, беш- алты үй-бүлө топтошуп жеп отурат элек. Сыртка чыккандан коркчу элек. Туугандарыбыздын үйлөрүнө издеп бара алган эмеспиз. Кыргызстандан ун, май дегендей жакшы жардам келди. Бул жактагы кыргыздар кубанып, рахматтарын айтышты.

"Азаттык": Аскар Акаевге рахмат айттыңар?

- Ооба.

"Азаттык": Эмнеге кийин президент Акаевди бийликтен кетиришти деп таң калсаңар керек?

- Ооба, чындыгында, бизге кыйынчылык убакта жакшы жардам кылгандан кийин Акаевди жакшы көрүп калганбыз.

Алиман Шамшиева небереси менен

Алиман Шамшиева небереси менен

"Азаттык": Өзбек туугандарга Өзбекстандан жардам берилдиби?

- Жок. Кыргыздардын президенти жардам жибериптир деп алардын ичтери күйдү. Бизге бир үй-бүлөгө деп 10-15 каптан ун, жыйырма жашиктей май, шекер ж.б. таратышкан. Вагондорго жүктөлүп келди баары.

Өзбек коңшуларга эч кандай жардам келген жок. Тууган-урук, коңшу-колоңдорго бир аздан бердик, калганын өзүбүз жедик, саткан жокпуз.

"Азаттык": Өзбекстанга барышса, аларды кабыл албай, кайра бул жакка жиберишкен турбайбы?

- Ооба, Өзбекстанга баргандар кайра кайтып келип кыйналып, ижарага үй алып жашап, азыр гана азыраагы үй-жайлуу болушту.

Айыл мектеби: Сабриниса (солдон экинчи), атасы, жердештери менен

Айыл мектеби: Сабриниса (солдон экинчи), атасы, жердештери менен

"Азаттык": Кыргызстанга силерди көчүрүп кетели деп кыргыз бийликтери киши жибергенде туугандар менен кантип ажыраштыңар?

- 1993-жылы январдын акыры, февраль айларында биринчилерден болуп менин эжем, кайнилерим, кайнагаларым үй-бүлөлөрү менен көчүп кетишти. Кыйын күн эле. Ыйладык. Энем ошондон оорукчан болуп калды, өз ватанымда мусапыр болуп калдык, баары кетип, жалгыз калдык деп, кан басым оорусу менен ооруду. Эмне кылабыз, тагдыр насип экен, биз кетпей калдык.

"Азаттык": Эмне себептен кетпей калдыңар?

- Атамдын бир карыган эжеси бар эле. Ошол айтты, “мейли силер кеткиле, мен кетпейм, ата-энемдин сөөгү ушул жерде коюлган” деп. Болбосо зор атамдар (чоң атамдар) көчүп кетебиз деп, бардыгын дайындап коюшкан. Аны карап иниси – биздин атабыз калды, аны менен биз калдык.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG