Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Кыргыз менен тажиктин окшоштугу эмнеде?


Кыргызстан менен Тажикстан жарандары чогуу өткөргөн иш-чарада тартылган сүрөт. Баткен облусу.
Кыргызстан менен Тажикстан жарандары чогуу өткөргөн иш-чарада тартылган сүрөт. Баткен облусу.

Соңку үч айда ишим боюнча Борбор Азиядагы баш калаалардын бири Тажикстан борбору Дүйшөмбүдө эки сапар болуп, бир аз туруп да калдым.

Албетте, жаңы жерде баары кызык көрүнүп, туулган шаарым Бишкек менен салыштырып отурдум. Глобустан караганда ирегелеш болгонуна карабай, Тажикстан менен Кыргызстан да, Дүйшөмбү менен Бишкек да, өздөрүнө гана таандык керемет жактары менен, кемчиликтери менен бири-биринен айырмаланарын байкадым. Бул кыска убакта толтура таасир алдым, ошондуктан негизгилерин ортого салгым келди.

Ошентип, мен Дүйшөмбүдөмүн. Эң биринчи эле көзгө урунганы – Тажик президенти Эмомали Рахмондун дубал бетине илинген калдайган портреттери менен анын айткан осуяттары. Анын портреттерин кадам сайын кездештирүү мүмкүн – дээрлик көчө сайын президенттин бакыйган сүрөттөрү аталык камкордук менен сени карап турат. Ал тургай төрөткана имаратына да колуна бөбөк көтөргөн мамлекет башчысынын портрети илинген...

Дүйшөмбү шаарынын борбору
Дүйшөмбү шаарынын борбору

Бирок мени таӊдандырганы: тажиктер өз президенти жөнүндө дээрлик сөз кылышпайт же өтө аз сөз кылышат. Кыргызстанда болсо ким болбосун президенти тууралу ойлогонун да, укканын да ачык айтып, ачык жазып, кала берсе апачык эле ашатып сөгөт эмеспи. Дүйшөмбүлүк кесиптештеримдин бири буга байланыштуу мага сырын бөлүштү. Айтымында, 1990-жылдардагы жарандык согуш чоң сабак болгон экен – ар бир тажик саясаттан оолак болууга аракеттенип жана башкаруучулары менен мамлекетине аяр мамиле кылып калышкан, иши кылса, өлкөдө тынчтык менен бейкуттук болсо деп эңсешет дейт…

Менин көзүмө даана урунган дагы бир жагдай – тажик кесиптештер арасында жетекчи кызматтарда эркектердин басымдуулук кылганы (Кыргызстанга салыштырганда кыйла көп). Мисалы, Дүйшөмбүдө биз иштеген кеӊседе эркек кызматкерлер аялдарга салыштымалуу үч эсеге көп. Анткени менен аял кишилерге өзгөчө ызаат мамилелери таӊдандырды. Франциядан барган кесиптеш айым экөөбүздү тажиктер абдан жылуу күтүп алышып, Дүйшөмбүдөгү ишибиз аяктагыча ызаат мамилесин үзүшкөн жок.

Менин байкашымча, азыркы кризистин кесепети Тажикстанга катуу тийген сыяктуу – Дүйшөмбүдө курулуп аягы чыкпай калган көп кабат үйлөр арбын. Ошондон улам үй мүлктүн баасы кескин түшүп кеткенин айтышты. Буга карабастан, тажиктер – абдан жайдары жана меймандос эл. Биерде бөтөн жерде жүргөндөй сезбейсиӊ, кыргыздарга, дегеле конокторуна жылуу мамиле жасашат. Бизди ар кандай ресторандарда коноктошуп, Тажикстандын ар башка регионунун даамын сыздык. Аябай даамдуу «курутоб» тамагын айтыӊыз, анан да ресторандарында улуттук бийлерин тартуулашат экен. Кызыгы: ар бир региондун өзүнө гана таандык бийлери бар.

Өкмөттүк имаратка илинген президент Рахмондун сүрөтү
Өкмөттүк имаратка илинген президент Рахмондун сүрөтү

Негизи эле тажиктер өз салттары менен эне тилин абдан урматташат. Зарылдыгы жок орусча сүйлөшпөйт. Мисалы, биздин Бишкектеги кеӊседе иш кагаздын баары орус тилинде толтурулса, Дүйшөмбүдө тажик тилине артыкчылык берилген. Көчөлөрдө да жарнактар тажик тилинде.

Бул жакшы же жаманбы – айта албайм, бирок бизге салыштырмалуу Тажикстанда башка этностук азчылыктардын өкүлдөрүн сейрек кездештиресиӊ. Эгер Бишкекте орустар көзгө көндүм болсо, Дүйшөмбүдө “славян өӊдүүлөр” анда-мында гана жолугат.

Тажик борборунан кыргыз жердештеримди дээрлик кездештирген жокмун. Бир жолу гана жашыл базардан жашылча саткан аялга капыстан кезигип калдым. Бишкектен экен. Ал аялдын өӊүнөн бактылуудай сезилгени жүрөгүмдө калды.

Айдай Султанбек.
Айдай Султанбек.

Дүйшөмбүдө динге ишенгендердин көптүгү көзгө урунат. Сакал койгонго жана хижаб жамынганга тыюу салынганына карабай, шаарда бетин жоолук менен ороп-чулгап, узун көйнөк кийген аялдар арбын. Мисалы, Дүйшөмбүдөгү кеӊсебизде жума күндөрү мечитке барып, намазга жыгылганга түш маалында эки саатка уруксат берилет экен.

Бир окуя эсте калды. Дем алыш күнү жалдап турган батиримден алыс эмес чакан дүкөнгө жемиш алганы барып калдым. Кечки саат 5тер чамасы эле. Дүкөнгө келсем, узун кезек. Көрсө дүкөнчү аял соода кылган жерде эле баарын таштап, намаз окуп жаткан экен, баарыбыз ал бүткөнчө унчукпай күтүп турдук.

Дүйшөмбүдө жеке мага түйшүк жараткан эки нерсе болду – бул электрдин бат-баттан өчкөнү жана Wi-Fiдын солгун иштеши. Эгер Бишкекте дээрлик ар бир имарат ичинде интернеттин сигналы бар болсо, Дүйшөмбүдө кала берсе мыкты деген айрым ресторандарында Wi-Fi жок.

Биринчи жолу тажик борборуна барган кезимде бир күндө электрди үч жолу өчүрүшкөндө, кечээ жакында эле өз жеримде күн сайын жарык өчүп, сабакка даярдана албай жүдөгөн күндөр эсиме түштү. Ал проблемаларды бат эле унутуп бараткан экенбиз.

Эми аба ырайын айта кетейин. Дүйшөмбүнүн кары кызык: тынбай жаап аткандай эле болот, бирок жерге төшөлбөй жаткан сыяктуу. Эртеси күн тийер замат кардын изи да калбайт. Бирок бизден айырмаланып, кар суулуу келгендиктен, оор болот окшойт да, натыйжада бак-дарак көтөрө албай качырап сынып, жолдор көлчүккө толуп кетет. Бирок Дүйшөмбүнүн көчөлөрү Бишкектикине караганда кыйла эле тазадай көрүндү. Күн сайын эртеӊ менен кеӊсеге баратканда ар бир бурчтан жолдорду тазалап жаткан ондогон адамдарды көрүүгө болот.

Жол кыймылын айтсам, Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгүдөй тыгындарды байкабадым, бирок тажик айдоочулар биздикилерге караганда «шуулдактай» көрүндү. Эгер кесилиштерде видеокамералар жок болсо, айдоочулар жөө жүргүнчүлөргө дээрлик жол беришпейт. Дүйшөмбүлүк кесиптешим мурда «крутой» машиналардын кызыл жарыкка өтүшүнө уруксат берилип келгенин, бул көрүнүш жакында гана жоюлганын айтып таӊдандырды.

Кыргызстанды билген тажиктер биздин эл-жер тууралуу жылуу сөздөрдү айтса, абдан сыймыктанып калдым. Айрыкча түштүктүн ар башка жеринде ар башкача демделген палоолорубуздун шириндигин, Бишкектин кыйла алдыга кеткенин, интернеттин такай иштешин, элибиздин меймандостугун белгилешти. Бишкекке кез-кез каттаган тажик кесиптештерим Кыргызстан борбору тез өзгөрүп баратканын саал кызганычтык менен айтканы эсте калды.

Айтмакчы, эл аралык уюмдардын стандарттары боюнча, Тажикстан менен Кыргызстан – Борбор Азиядагы кедей өлкөлөрдөн. Анткени менен эки өлкөдө тең ачкадан киши өлүптүр деген сөздү укпадым (укпай эле коёюн). Мындай көӊүл жубатпаган баага карабастан, эки өлкөдө тең адамдардын ички дүйнөсү, маданияты бай. Мына ушул жагынан кыргыз-тажик окшош.

Айдай Султанбек,

Бишкек – Дүйшөмбү – Бишкек

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG