Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Бишкекте 30-31-январда кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжал боюнча жолугушуусу өттү.

Анда тараптар куралдуу кагылышка байланышкан бардык маселелерди чечүүнү, эмкиде эки өлкөнүн чек арасында жолугушууну макулдашты.

Баткенде 11-январда тажик айылдарын айланып өтчү жол курулуп жатканда коңшу өлкөнүн чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Кыргыз тараптан алты, ал эми тажик жактан эки адам жаракат алган. Бул окуядан кийин Бишкек өткөрмө бекеттерди бир тараптуу жаап салган жана Дүйшөмбүдөгү элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган.

Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги сүйлөшүүсү эки күнгө созулду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун билдиришинче, анда тараптар чек арадагы кошумча күчтөрдү чыгарып кетүүнү макулдашты. Ошондой эле чек араны тактоо иштерин жандандырууну сүйлөштү:

- Тараптар 11-январда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү макулдашты. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн делегация башчылары тиешелүү протоколго кол коюшту.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу Бишкек Дүйшөмбүгө доомат артып келет. Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев бул сүйлөшүүдө кыргыз өкмөтү тажик тарап эл аралык келишимди бузганын мойнуна алдырышы керек деп эсептейт:

- Сүйлөшүүлөрдүн технологиясын өзгөртүү керек. Кайсы мотивдер менен, кайсы аргументтер менен сүйлөшөбүз дегенди тактап алуу зарыл. Азыр биздин аргументтер такыр башка болуп жатат. Алар бир нерсени айтса, биздикилер башканы айтат. Сүйлөшүүнүн предмети тактала элек. Кынтыксыз аргументтерди документтердин негизинде коюш керек. Эгер андан баш тартып, көнбөй атса анда биз мүчө болгон эл аралык уюмдарга кайрылып, маселени коюш керек.

Ташболот Балтабаев ортого Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун салса болорун кошумчалады. Ушул жумада Бишкекке аталган уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа келип кеткен. Ал андан бир күн мурун Дүйшөмбүдө болгон.

Николай Бордюжа

Николай Бордюжа

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Баткенде чек арадагы окуяны бирге иликтөөгө тажик тарап макул болгонун жарыялаган.

Парламенттеги “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов чек ара тилкелери такталбай турган чакта жаңжалдардын алдын алуу иштерине көңүл буруу зарыл экенин айтууда:

- Тажик эли менен кылымдардан бери бирге жашап аткандан кийин кошуналар менен тил табышып, чек араларыбызды тактап алышыбыз керек. Токон Мамытов Дүйшөмбүгө барып келип мактананып бүткүчө эле атышуу болуп кетпедиби. Биринчиден, өзүбүзгө сак болушубуз керек. Ал жактагы элге, облус жетекчилерине жана чек арачыларга шарт түзүп беришибиз абзел. Чыр чыкканда эле өрт өчүргүчтөрдөй болбой, ошондой окуялардын алдын алууга аракет кылышыбыз шарт.

Баткен облсунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев жогорку деңгээлде жолугушуулар өтүп, чек арадагы бардык маселелер чечилмейинче өткөрмө бекеттерди ачпаш керек деген пикирде:

- Бул маселени президенттер чечмейинче чек араны ачпаш керек. Кыргыздар эч качан чагымчылыкка барган эмес. Мына мен 75ке чыгып калдым, ошол Баткенде туулуп-өскөм, иштегем, ал жакта азыр тууган-уругум бар, мен бир дагы жолу чек арада кыргыздар жаңжал чыгарды дегенди уккан эмесмин. Тажиктердин шартына көнбөш керек. Барууга деле зарылчылык жок. Алар "силер баштадыңар" деп бизге күнөө коюп жатпайбы. Ошондуктан чек араны ачууга негиз жок.

Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү эмкиде февраль айынын ортосунда чек арадагы аймакта жолугушууну макулдашты.

Баткен облусунда кошуна өлкөлөр менен чек аранын 70 пайыздайы али такталбай, шарттуу чек ара сызыгы бойдон турат. Көпчүлүк жаңжалдар ушу чек аранын айынан чыгып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG