Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Үч-Дөбөдөгү тажик аскерлери чыгарылды


Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Терек айылындагы кыргыз аскерлери. Баткен.
Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Терек айылындагы кыргыз аскерлери. Баткен.

Баткендин Үч-Дөбө айылынын аймагына кирип келген тажик аскерлери чыгарылды. Алар бул жерде көзгө атар аскерлер үчүн аң казганы белгилүү болду.

Баткен районунун Ак-Таш, Ак-Татыр, Самаркандек айыл округдары Тажикстан менен чек аралаш жайгашкан. Күнүмдүк тириликте бул аймактагы кыргыз-тажик жарандары бири-биринин аймагын аралап өтпөскө айласы жок.

Бирок 11-январда чек арачылардын ок атышуу менен коштолгон жаңжалынан бери эки өлкөнүн тургундары бири-бирине каттабай калды. Кыргыз-тажик аймагында күч кызматтары көбөйтүлүп, чек аранын эки тарабы тең күчөтүлгөн тартипте кайтарылып турат.

24-январда болсо чек арадагы Үч-Дөбө айыл округунун калктуу конушуна тажик күч кызматтары 50 метрдей бери кирип, аң казып, көзгө атарлар үчүн атайын жашырынуучу жер даярдаганы айтылган.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Жээнбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин коңшулар казган аңдарын таштап, чыгып кеткенин “Азаттыкка” кабарлады:

Кыргыз чек арачылары
Кыргыз чек арачылары
- Бизге Үч-Дөбөнүн үстүндө кандайдыр бир күчтөр окоп казып жатат деген кабар түштү. Териштире келгенде алар Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери болуп чыкты. Алар өз аймагын билбегендигине байланыштуу ушундай кадамга барышкан. Баткен чек ара кошуунун зардалы Уларбек Шаршеев алардын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин маселе чечилди. Тажик күч түзүмдөрү туура эмес кылганын моюнга алышкан.

Эки жумадан бери чек арасы жабык турган аймакка Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары да барып, кабар алышты. Көчмө жыйында алар жергиликтүү тургундардын бир топ арыз-арманын укту. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков эл менен жолугушуу учурунда быйылкы жылы чек арадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн 500 млн. сомдой каражат бөлүнүп жатканын айтты:

- Быйыл түрк насыясынын эсебинен 500 миллион сомду Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын оңдоого, айрым көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоо боюнча чечим кабыл алынды. Мына ошол сумманын ичинен Ак-Сай айыл өкмөтүнүн маселелерин чечүүгө каражат бөлүнөт.

Чек аранын тажик тарабы
Чек аранын тажик тарабы
Эки жумадан бери ачылбай турган чек арадагы чыңалган абал качан, кантип жөнгө салынары азырынча белгисиз. Облустук бийликтин өкүлү Мамажан Бердишевдин билдиришинче, чек аранын жабылышы элдин жашоо-шартына олуттуу таасир эткен жок.

- Чек ара аймактарындагы абал туруктуу бойдон сакталып турат. Чек ара, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өз милдетин аткарып, коомдук тартипти сактоодо. Айрыкча, аткезчилик менен күрөшүүдө жергиликтүү калктын жардамы чоң болууда. Тажикстан менен чектешкен жердеги чек ара бекеттери жабык бойдон турат. Бул элдин турмушуна анчейин деле таасир тийгизген жок десек болот. Азык-түлк жетиштүү, эл арасында толкундоолор болгон жок. Баалар туруктуу.

Чек арадагы чырдын чыгышынын негизги себеби болгон Көк-Таш-Ак-Сай айланма жолу. Кыргыз бийликтери бул жол курулчу аймак Кыргызстанга тиешелүү экенин айтып жатышса, тажик бийликтери аймакты өздөрүнө таандык деп эсептешет. Чек арадагы абал боюнча азыр эки өлкөнүн чек арачылары деңгээлинде гана сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Баткен облусунда кошуна өлкөлөр менен чек аранын 70 пайыздайы али такталбай, шарттуу чек ара сызыгы бойдон турат. Көпчүлүк жаңжалдар ушу чек аранын айынан чыгып келет.

XS
SM
MD
LG