Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:17

Кыргыз өкмөтү Тажикстан менен чектеш аймактагы талаш тилкелерди алмашуу жолу менен чече баштаганын билдирди.

Эки өлкө ортосундагы чек араларды тактоодогу мындай аракеттер Кыргызстандын мамлекеттик жана коопсуздук кызыкчылыгына туура келеби, маселени чечүүнүн дагы кандай жолдору каралышы керек эле, тарыхый карталар эмне үчүн чек ара тактоонун негизи боло албай калды, саясий макулдашуулар жергиликтүү элдин кызыкчылыгы менен төп келеби, жана башка суроолорго бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз.

Талкууда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров, чек ара маселелери боюнча эксперт, профессор Саламат Аламановду кепке тарттык.

Абдырахман Маматалиев: Чек араны алмашуу эле жолу менен эмес, башка жолдор менен да чечсек болот. Ушул жылдын 15-сентябрында эки өлкөнүн президенттери жолукканда, биздин президент Алмазбек Шаршенович “ар кимибиз өзүбүзгө ылайык карталарды алып жүрө бербей алдыга жылбайлыбы, өкмөткө тапшыралы” деп сунуш кылган. Биз негизинен төрт макулдашууну негиз кылалы деп жатабыз, алар: 1992-жылы кабыл алынган КМШ макулдашуусу, Алматы декларациясы, 1994-жылы кол коюлган макулдашуу жана 1996-жылдагы дагы бир макулдашуу бар. Бул боюнча тажик тарап да түшүнүү менен мамиле кылууда. 5-ноябрда тажиктер бизге келет, ошондо маселелер күн тартибине коюлат.

Саламат Аламанов: Жогоруда айткан документтер алкактуу же болбосо багыт берүүчү документтер деп аталат. Конкреттүү ишти аткарыш үчүн конкреттүү кадамдарга баруу керек. Мен өкмөттүн алмашуу боюнча кадамы менен куттуктайм. Дүйнөлүк практикада мындай алмашып чечкен мисалдар көп. Чек араны алмашып чечүү өтө алгылыктуу чечим деп эсептелет. Бул убакка чейин деле 1987-1989-жылдары союз тарай электе эки тараптуу паритеттүү комиссиялардын чечимдеринде да жүздөгөн гектар жерлерди алмашуу жөнүндө макулдашуулар болгон, бирок аягына чыкпай калган.

Улукбек Кочкоров: Тилекке каршы, чек араларды тактоо боюнча акыркы 10-15 жылда кошуналарда да саясий эрк болгон жок. Ошентсе да абалды жакшы баамдап турушту. Чек аралар боюнча комиссиялар иштегени менен үстүнөн (президенттерден) көрсөтмө, отуруп чечели деген ниет болгон жок. Ошол себептүү чек ара тилкесинен ички миграция күчөп, эл көчүп, жерлер бошоп калып жатты. Аларды көрүп туруп кошуналар маселени чечүүгө кызыкдар болгон жок. Эми алмашуу жолу жергиликтүү элдин кызыкчылыгы, макулдашуусу менен гана чечилиши керек. Шахматтык тартипте болуп калган жерлерди алмашып гана чечпесек, башка арга жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG