Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Кыргызстанга 29-январда ЖККУ баш катчысы келээри күтүлүүдө. Николай Бордюжа анын алдында, дүйшөмбү күнү Тажикстанда болгон эле.

Баш катчынын иш сапарынын максаты жана кимдер менен жолугаары так айтыла элек, бирок маалыматка караганда, Бордюжа кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийинки кырдаалды жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүү өткөрүп жүрөт.

Айрым эксперттер соңку чек ара чыры боюнча Бишкек менен Дүйшөмбүгө ортомчу керек экенин айтып чыгышкан.

Николай Бордюжа

Николай Бордюжа

Айрым маалыматтарга караганда, ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан кийинки Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилесин жакшыртуу жолдорун издеп жатат.

Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Аркадий Дубнов эки өлкө орток пикир таба албай турган чакта ЖККУ жана анын баш катчысы Николай Бордюжа өңдүү ортомчу керек деген пикирде:

- Бордюжа орусиялык эле өкүл эмес, Кыргызстан менен Тажикстан кирген эл аралык уюмдун жогорку даражалуу аткаминери, жетекчиси. Анан ЖККУнун аймагындагы коопсуздук маселелерин ал чечпегенде ким чечмек эле. Уюм ага мүчө өлкөлөрдүн сырткы коопсуздугун камсыздайт. Бирок ошол өлкөлөрдүн ички коопсуздугун жөнгө салбай туруп, сырткы коопсуздукту камсыздоо мүмкүн эмес. Менимче, абал эми куралдуу жаңжалга жетпейт. Бирок эки тарап тең азыр мунасага келе элек. Чек ара боюнча тажатма сүйлөшүүлөр бир канча айга, же бир канча жылга созулушу мүмкүн. Азырынча эки тарап тең бири-бирине булчуңун көрсөтүп жатат.

Антсе да Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер комитетинин төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев ЖККУ эки өлкөнүн ортосундагы чырды жөнгө салууга кийлигише албасын белгилөөдө:

- Биринчиден, ЖККУда андай жагдайлар каралган эмес. Экинчиден, бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кокусунан эле чыккан проблема. Эки тарап куралдуу кагылышка күнөөлүүлөрдү аныктап, жазалоо боюнча сүйлөшкөн. Ошол комиссия так иликтеп, тажик тараптан биринчи ок чыгарган чек арачы жазасын алышы керек. Андан кийин гана чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо зарыл. Ал жакта жергиликтүү эл арасында эч кандай проблема жок. Мурункудай эле бири-бири менен сүйлөшүп, тууганчылык мамиледе жүрүшөт.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов тажик тарап Кыргызстан жөнөткөн нотага жооп бергенин “Азаттыкка” маалымдады. Ага ылайык, Дүйшөмбү чек арадагы окуяны бирге иликтегенге макул болду:

- Тажик тараптан делегациянын курамында кимдер болушу керектиги тууралуу сунуш келди. Биз учурда качан жолугабыз, биргелешкен иликтөөнү өткөрөбүз деп тактап жатабыз. Андан кийин эмне себептен жаңжал чыкканын аныктайбыз. Иликтөө аяктамайынча, чек арадагы өткөрмө бекеттердин баары жабык болот. Тажикстандагы элчибиз бул жерде, кеңешүү иликтөө бүткөнгө чейин болот.

Кыргыз-тажик чек арасы. 23-январь, 2014-жыл

Кыргыз-тажик чек арасы. 23-январь, 2014-жыл

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча өкмөттү күнөөлөп жатат:

- Эки мамлекеттин ортосунда чек арадан башка чоң деле маселе жок болчу. Биздин дипломаттардын, өкмөттүн чабалдыгынан ушул маселе чечилбей келет. Эмне себептен 7-январда вице-премьер-министр Дүйшөмбүгө барып чек ара боюнча сүйлөшкөндөн көп өтпөй эле чатак чыкты? Менимче, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны абдан начар өткөн. Биздин комиссия тарабынан кандайдыр бир чоң катачылыктар кеткен.

Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жолду курууга байланыштуу 11-январда кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда куралдуу кагылыш чыккан. Анда кыргыз тараптан алты, ал эми тажик тараптан эки адам жаракат алган. Бул окуядан соң Бишкек Дүйшөмбүдөгү элчисин кеңешүү үчүн чакырып алган эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG