Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу иликтенип жатат


Чоң-Алай
Чоң-Алай

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя боюнча ушул тушта эки тараптуу жолугушуу өтүүдө.

Тажик чек арачылары 9-августта куралдуу каршылык көрсөттү деген айып менен Оштогу Чоң-Алай районунун бир тургунун атып өлтүрүп, дагы эки жаранды камакка алды. Кыргыз өкмөт өкүлдөрү атышуу тактала элек тилкеде болгонун билдирүүдө. Азыр атышуунун чоо-жайын териштирүү, кармалган жарандарды кайтарып алуу аракети башталды.

Кыргызстандын чек ара кызматы бул окуя боюнча азырынча тажик кесиптештеринен алган маалыматты таратып жатат. Ага ылайык, 9-августта Тажикстандын Тупакүл аймагында коңшу өлкөнүн чек арачылары менен Чоң-Алай районунун үч тургуну атыша кеткен. Анда бир кыргыз жараны каза тапты, экөө ушул тушта Жерге-Тал районунда атайын кызматтын абагында кармалып турат. Кыргыз чек ара кызматынын өкүлү Сажида Чоколоеванын маалыматына ылайык, кармалган жарандарды кайтарып алуу иш-аракеттери башталды:

- Тажик тараптын билдирүүсүнө караганда, атышуу болгон жерде 8 ок-дарысы менен карабин (мергенчилик мылтык), ТОЗ-8 кичине калибрлүү винтовка, 1 даана чет өлкө өндүрүшүндөгү дүрбү жана эки ат болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда Кыргызстандын жарандары Тажикстандын аймагында аңчылык менен алектенип жүрүшкөн.

Чоң-Алай райондук кеңештин депутаты Тайырбек Жайчыбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, тажик чек арачыларынын огунан каза тапкан 46 жаштагы Алидин Кашеков Кара-Тейит айылынын тургуну болчу. Жайчыбеков Кашеков аңчылык менен алектенип жүргөнүн тастыктады:

- Ал чек араны бузуп өткүдөй деле киши эмес эле. Өзү аңчылык инспекциясында иштечү. Былтыр кышында 6 карышкыр атты деп гезитке чейин чыккан. Сөөгүн кечээ Дароот-Коргон айылына алып келишкен. Тажикстанда экспертиза болгон дейт. Анан сөөгүн дагы экспертизадан өткөрүү үчүн Ош шаарына алып кетишиптир. Азыр тууган-уругу чогулуп, сөөктү жерге жашырууга камданып жатышат.

Тайырбек Жайчыбековдун айтымында, буга чейин эки өлкөнүн тургундары тоо-ташта чек арадан ары-бери өтүп эле жүргөн:

- Жолдо гана чек арачылар турат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосу зым, же дагы башка нерсе менен тосулган эмес. Тоолуу жер. Буга чейин жергиликтүү элдер ал жакка, бул жакка өтүп кетип эле жүрүшкөн. Тоонун кайсы жери кайсы өлкөгө карарын карапайым калк билбейт да. Чек арада Унжу-Булак деген талаш жер бар. Ал бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Ал жайлоого кыргыздар чыгат. Тажиктер ал жерди биздики деп талашат, кыргыздар болсо биздики дейт.

Ошто кыргыз-тажик чек ара тилкесинин узундугу 300дөй чакырымды түзөт. Анын дээрлик 90 пайызы такталган. Кыргыз өкмөтүнүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” окуя тактала элек жерде болгон деп билдирди:

- Ал жакта тактала элек эки - Алтын-Мазар жана Унжу-Булак деген эле участок калган. Калган тоо кыркалардын баары такталган. Кечээги окуя тактала элек жерде болгон.

Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы талаштуу жерлерди тактоо иштери илгерилебей жатканын мойнуна алды:

- Талаштуу тилкелер боюнча комиссия иштеп жатат. Бирок маселе жылбай турат.

Буга чейин жергиликтүү тургундар Чоң-Алайга таандык төрт жайлоо, жалпысынан 3 миң гектардай жер Тажикстанга өтүп кеткенин айтып чыгышкан. Өмүр бою бул жайлоолорду байырлап келген чоңалайлыктар тажик чек арачылары кодулап, ур-соккуга алып жатканын билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG