Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Баткен: жол ачылды, мунаса табылабы?


Баткен. Көк-Таш айылы. 11-июль.
Баткен. Көк-Таш айылы. 11-июль.

Кыргыз-тажик расмийлери Тамдыктагы окуяны биргелешип иликтөө тууралуу макулдашты. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин 11-июлда Ак-Сай-Баткен, Ворух-Исфара жолу ачылганы белгилүү болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 11-июлда окуянын чоо-жайын толук иликтебей туруп баа берип, шашылыш нота жиберген тажик кесиптештерин сындап, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөдү.

10-июлдагы Тамдык айылындагы атышуу орун алган окуядан бир нече сааттан кийин эле тажик тарап жети жайкын тургуну жана бир чек арачысы жаракат алып, алардын бирөө жарааттын айынан көз жумганын кабарлап, Кыргызстанга нота жолдогон. Бирок Кыргызстандын чек ара кызматы Дүйшөмбүнүн билдирүүсүнө карама-каршы келген, окуяга тажиктерди айыптаган маалымат таратты. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов тажик кесиптештеринин нотасын шашылыш кадам деп баалады:

- Бизге нота жиберишкени таңкалууну жана түшүнбөстүктү жаратты. Анткени тажик тарап эч кандай иликтөө иштерин жүргүзбөй туруп, фактысы жок болсо да окуяга баа берип жатат. Тажик тараптын бул кадамын биз сүйлөшүүлөргө болгон басым деп баалайбыз жана биз да нота жиберебиз.

Бешимов Баткендеги Тамдык аймагындагы чырдын чыгышына тажик тарап кызыкдар экенин, анткени бул чырдын айынан Баткендеги Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жана Ворух-Исфара жолдорун куруу боюнча сүйлөшүү үзгүлтүккө учураганын кошумчалады. Бирок бул окуя жолду курууга эч кандай жолтоо боло албайт деди Бешимов:

- Жол курулат. Бул элдин муктаждыгы. Бул аймакта буга чейин да көп ирет жаңжалдар болгон. Ошондон арылып, тажиктер менен маселе болбошу үчүн ошол жол салынып атат. Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин жол куруу иштери уланат.

Бешимов: Жолдун курулушу уланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев "Азаттыкка" курган маегинде Тажикстандын чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали Тамдыктагы кыргыз чек ара бекетин алууну өтүнгөнүн, бирок ал ага көнбөгөнүн айткан. Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов кандай болгон күндө да тараптар мунасага келиши керектигин, болбосо окуяны пайдаланууну көздөгөн үчүнчү күчтөр да жок эместигин айтат:

- Эч убакта коңшуну тандап албайсың. Бул маселени бир гана тынчтык жолу менен чечишибиз керек. Алардын өкмөтү да, депутаттары да, биздикилер да баары телефондон сүйлөшүп тынчтык жолу менен чечели деп жатышат. Биз кыйынбыз деп эч ким ута албайт, аны алар да түшүнүп турат. Эң маанилүүсү ушул кырдаалды үчүнчү күчтөр колдонуп кетишине биз жол бербешибиз керек.

Ал ортодо оппозициялык айрым саясатчылар чек арадагы окуяга президент да, өкмөт башчы да, парламент төрагасы да реакция кылбаганын сындап чыгышты.

Баткенде абал кандай?

Ак-Сай айыл аймагына караган Тамдык айылында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда чыккан куралдуу жаңжалдан бери Тажикстандын Ворух анклавына жана Баткендин Ак-Сай айылына кеткен жолдор тосулган болчу. Бүгүн кечке жуук алар ачылганы белгилүү болду.

Жол ачылганга чейин Ак-Сай айылына али толук бүтө Рават –Ак-Сай жолу менен анча-мынча зарыл жүргүнчүлөрдүн каттоосуна уруксат берилген. Айыл башчысы Эркин Жолчуев телефон аркылуу айылда күч кызматтары абалды көзөмөлдөп турганын айтып, элде кооптонуу бар экенин билдирди:

- Айылда күч кызматтары бар. Бирок баары бир кооптонот экенсиң. Кошуналар сөзүнө турбайт да. Дагы бир нерсе болуп кетеби деп чочулагандар бар.

10-июлдагы кагылышта жабыркаган Тамдыктагы чек арачы түн жарымда облустук ооруканага жеткирилген. Абалы канааттандыраарлык.

Облустук бириккен оорукананын башкы врачы Тургунбай Айжигитов Ак-Сай айылына кошумча дарыгерлер менен тез жардам унааларын да жөнөткөнүн айтты:

- Бизге түшкөн чек арачынын абалы жакшы. Бардык дары-дармектерди камсыздаганбыз. Ак-Сай айылына болсо 3 дарыгери менен тез жардам унааларын жөнөттүк.

Бүгүн Жака-Өрүк участкасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбеков менен Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Искандар Раджапов аймактагы абалды талкуулап, жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда 10-июль күнү Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 3 тургунун Исфара автобекетинде тажик улутундагы балдар сабап, автоунааларын тепкилешкен окуяны да мыйзамдуу иликтөө каралды. Анарбай Алимбеков эки тарап абалды биргелешип көзөмөлдөө боюнча макулдаштык деп билдирди:

- Тажик тараптан кесиптештерибиз менен жолугуп, сүйлөштүк. Кокустук болуп кетпеши үчүн эки тарап бирдей аракеттенип, абалды көзөмөлдөп жатабыз. Коопсуздук чаралары көрүлгөн.

Ал эми Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдыкерим Алимбаев учурда Тажикстан менен чек аралар күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынганын кабарлады:

- Аймактык чек арачылардын деңгээлинде Тажикстандагы чек арачылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коопсуздук үчүн эки тараптан Ак-Сайдын да, Тажикстандын Ворух анклавынын жолу да жабылган болчу. Калган өткөрмө бекеттер толук кандуу иштеп жатышат. Чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатабыз.

Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

Бүгүн 11-июлда Тажикстандын Кайраккум шаарында кыргыз-тажик вице-премьерлери Абдырахман Маматалиев жана Муродали Алимардон жолугушуп, чек арадагы чатактын себептерин иликтеп, жыйынтыгы боюнча өкмөттүк комиссияга маалымат бере турган атайын топ түзүшкөнү маалым болду.

Ал арада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев чек арадагы жерди чет өлкөлүктөргө сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Эми кыргыз-тажик чегиндеги чыңалган кырдаал качан токтойт али белгисиз. Жергиликтүүлөр ушул чырдан улам кыргыз бийликтери жол куруу иштерин сүйлөшүүлөргө шылтап, дагы узакка созобу деп кабатыр.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG