Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөдү


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы, 23-март 2013-жыл
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы, 23-март 2013-жыл

Тажикстандын Баткен менен чек арасында бир үй-бүлөдөгү 4 кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү чектеш аймакта кооптуу абалды жаратты. Эки элдин ортосунда тирешүү чыгып кетүүсүнөн чочулаган күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Тажикстандын Исфара районунун Чорку жамаатынын 5-бригадасында 19унан 20-августка караган түнү, бир үйдөн 4 киши белгисиз бирөөнүн огунан мүрт кеткен. Булардан башка үй-бүлөнүн төрт мүчөсү тирүү. Алардын көз жаздымда калышын укук коргоо органдары байкабастык катары сыпаттоодо.

Кыргыз чек арасынан үч метр ары жайгашкан Абдукахор Халлоков аттуу тажик жаранынын үйүндө болгон кан төгүү ар кандай түкшүмөлгө жем таштаган. Тажик жарандары арасында “кыргыз тараптан келгендер атып кетти” деген шек саноолор болгон. Бул багыттагы ар кандай сөздүн чыгышы чек арада жашаган кыргыз жарандарын кооптонтуп, 4-5 айылдагы балалуу аялдар алысыраак аймактарга чыгып кеткен.

Баткен, 20-июнь, 2013-жыл
Баткен, 20-июнь, 2013-жыл
Мындан кийин кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Самаркандек айылына кошумча күчтөр тартылып, учурда абал тынч. Самаркандек айыл округунун башчысы Кеңеш Салихов күч кызматтарына кол кабыш кылып, ар бир кыймылды көзөмөлдөп турабыз дейт:

- Окуя чек арага жакын жерде болгондуктан ар кандай сөздөр чыгып кетти. Кээ бир түшүнбөгөндөр жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деп коопсуз жайларга барышкан экен. Азыр баары калыбына келди. Күч кызматтары бардык жакта абалды көзөмөлдөп турушат.

Учурда атылган үй-бүлөнүн аман калган 4 мүчөсү тажик милициясына көрсөтмө берүүдө. Кыргыз жана тажик күч кызматтары кошуна жашаган эки эл ортосунда жаңжал тутанып кетпесин деп биргелешип иш алып барууда. Кыргыз күч органдарынын өкүлдөрү азыр кылмышкерди кармоо аракети жүрүп жатканын билдирди. Киши канына забын болгондор тууралуу так маалымат бергендерге тажик тарап 10 миң доллар сыйлык жарыялаганы да белгилүү болду.

Күч түзүмдөрү берген маалыматта, үй-бүлө мүчөлөрү чып этме мылтыгы менен атылган. Окуя болгон жерди иликтей келгенде 15 ок табылган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рыспеков аймак калкы кооптонбой эле жашай бериши керек, анткени абалды көзөмөлдөн чыгабай кармап турууга күч жетишерлик деди:

- Чек арага жакын жерде 4 кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча атайын штаб түзгөнбүз. Бардык чаралар көрүлүп жатат. Чек арага жакын 5-6 айылды күч кызматтары көзөмөлдөп турат. Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу үчүн кыргыз тарап да аракет кылып жатат. Элдин кооптонуусуна эч негиз жок. Бул жердеги күч кызматтары коопсуздукту сактоо үчүн бардык чараларды колдонобуз.

Чек арага жакын үйдө жашаган үй-бүлөнүн минтип киши колдуу болушу ар кандай божомол жаратты. Анткени үй-бүлө ээси Абдукахор Халлоковду билгендер байлык, бийлиги же бизнеси жок жупуну адам болгонун айтышкан.

Журналист Сабыр Абдымомуновдун пикиринде, бул иш эки элдин ортосуна бүлүк салгысы келген күчтөр тарабынан жасалышы ыктымал же Тажикстандагы шайлоо астында жасалган оюндун бири болушу мүмкүн.

- Бул аймакта жаңжалга от таштоого мүмкүнчүлүк кеңири. Анткени чек ара тактала элек, жол, суу иши кылып маселе чачтан көп. Бул окуя ушундай учурдан пайдаланып, эки элдин ортосундагы мамилеге доо кетириш үчүн атайын кимдир бирөөлөр тарабынан жасалышы да мүмкүн. Тажикстандагы шайлоону утурлай чыгып жаткан оюндар болушу да мүмкүн. Мындай иштердин алдын алуу үчүн аймактагы кошуна өлкөлөр тыгыз кызматташуусу гана керек.

Учурда Ак-Сай, Самаркандек айыл округ аймактарындагы 6 айылда абалды көзөмөлдөп туруу үчүн кошумча күч тартылып, чек араны кайтаруу күчөдү.
Чек арадагы өлүм
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00
XS
SM
MD
LG