Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Маңзат үчүн туткун болгондор бошотулду


Тажикстанга маңзат өткөрүп кайра артка кайтып бараткан оогандыктар. Тажикстан. 2004-жыл.
Тажикстанга маңзат өткөрүп кайра артка кайтып бараткан оогандыктар. Тажикстан. 2004-жыл.

30 килограмм маңзат ордуна Тажикстанда "күрөөгө" коюлган үч кыргызстандык куткарылды.

Алардын экөө эркек, бири жаш кыз. Алды бир апта, арты эки айга чейин камоодо жаткандарды эки өлкөнүн укук коргоо органдары биргелешкен операциянын негизинде бошотуп алышты. Окуяга айыптуу делип беш адам кармалды.

Кара-Суу районунун тургуну Дилдора Бапаева достору менен Баткенге барышып, Тажикстандын аймагына байкоосуз кирип кетишет. Анан аны шериктери ошо жактагы бир үйгө алып киришип, маңзатка күрөө катары таштап коюшкан:

- Достор менен 2 күнгө Баткенге эс алганы барганбыз. Анан досум ушул жакта туугандарым бар, бир айылга кирип чыга калалы деди. Баргандан кийин бирөөлөргө таштап, алар мени бир бөлмөгө камап салышты. Жалдырасам да болбой, чыгарбай коюшту. 7 күн караңгы бөлмөдө камалып жаттым. Кичинекей балдар келип тамак-аш берип турушту. Ажатканага алып барып, кайра камап коюп жүрүштү.

Ош шаарынын жашоочусу Айбек Сабиров болсо, кошунасы Баткенге жумушка чакырганынан кошо бара калып, барымтага түшүп калган. Дубалы бийик үйдө камалып турган кезде үй ээлери сабап да коюшчу экен:

- Сардар деген кошуна бала келип, “Баткенде курулуш бар, ошону бүтүрүп, жакшы акча таап келебиз” деп азгырып калды. Ошентип жөнөп кеттик. Мен Баткенге буга чейин барбаганым үчүн жолду жакшы билбейт экем. Түнү жол жүрүп, уктап да баргам. Кийин билсем, Тажикстанга кирип кетиппиз. Бир үйгө барганда тажик балдар чыкты. Кошунам “Биз ушундай дары менен иштеп жатабыз, сен бул жерде 4 күн отуруп тур, Орусияга маңзат жеткиргенден кийин буларга чалам, сени бошотуп коет” деп айтты. Мен андан баш тартсам, күчкө салып тепкилеп, камап коюшту. Бир нерсе талап кылсак же телефон сурасак, кайра бизди сабашчу.

Айбек менен Дилдора бир апта камалып жаткан үй Едгор аттуу тажикстандык жарандыкы экени болжолдонууда. Бул үйдө бишкектик тургун Руслан Молдобасанов да 2 айга жакын барымтада жаткан. Ал деле ушулар сыяктуу тааныштарына алданып барган экен:

- Мен дагы тааныштарга ишенип барып, алданып калдым. Кармалганда эле айтышты, “сен бул жерде күрөөгө калып атасың, мен кийин келип алып кетем” деп. 2-3 жумалык жумуш бар, акча беребиз деп айтышкан. Качалы десек, жаныбызда паспорт, акча жок. Тажиктердин айылында каякка качышты да билбейт экенсиң. Кыскасы, ит көрбөгөн күндү көрдүк.

Тажикстандын Согди облусунун Ханабад районунда маңзат ташыгандардын колунда барымтада жаткандар кыргыз жана тажик милициясынын биргелешкен операциясында куткарылган. Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Малик Нурдинов бул жарандар героинге күрөө болуп бергенин айтат:

- Булардын баары түздөн түз 30 килограмм героинге күрөө болуп отурушкан. Алар өздөрү билишкен эмес, кылмышкерлер алдап коюшкан. Беркилер Тажикстандан Орусияга маңзат ташып турган. Анан ал жакка алып барып, Москвадагы криминалдык топторго "аманатты" тапшыргандан кийин алар акча берет. Анан Тажикстанга чалып, алар барымтадагыларды кое беришмек экен. Бирок максат ишке ашпай калып, орто жолдо кармалып калышты. Окуя боюнча кыргыз тараптан беш, тажик тараптан эки киши колго түштү. Эки “Мерседес” үлгүсүндөгү машине менен ташып бараткан жеринен бири Кадамжайда, бири Лейлек районунда кармалды. Булар ушуга чейин мындай ишти 7-8 жолу кылышканы анык болду.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул кылмыштуу топ кыргыз, тажик жана орусиялыктар тарабынан куралган трансмамлекеттик маңзат тармагынын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Окуя боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.

Күч органдары бул топ башка адамдарды да уурдашы ыктымал деп кабатыр болушууда:

- Азыр биздин иликтөөлөр көрсөтүп жаткандай, маңзат ташыгандар башка да адамдарды ушинтип барымтада алып жүрөбү деген шек жаралып жатат. Ооганстанда тажикстандык тургундар күрөөдө жатышы мүмкүн, Тажикстанда болсо кыргызстандыктар камалып жатышы мүмкүн. Бул бир эле каналда ушундай фактынын бети ачылды. Мындан башка дагы көп канал бар да. Бизде азыр ички миграция күчөп, адамдар ар жерде жүргөн үчүн көбү туугандарын издеп, бизге арыз жазышпайт. Анан мындай фактыларды изилдөө кыйын болуп калат.

Маалым болгондой, мындай ири өлчөмдөгү маңзатты кармоо Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарындагы жыл башынан берки эң чоң факты. Адистер белгилегендей, 30 килограмм героин Москвага жетсе, 600 миң доллар суммага бааланат.

Жыл башынан бери, 6 ай ичинде түштүк аймактары боюнча маңзатка байланышкан 100дөн ашык кылмыштын бети ачылган. Аймакта 30дан ашык уюшкан топторго кылмыш иши козголуп, алардын бир нечеси камалган. Ондон ашыгына дагы издөө жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG