Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Зарыл иши чыккан, муктаждыгы чоң Тажикстандагы этникалык кыргыздар кыргыз-тажик чек арасынан өткөрүлүп жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин Жерге-Тал жана Мургаб районунда жашаган кыргыздар чек ара жабылгандан бери ары-бери каттай албай кыйналып жатканын, тиричилик кылуу оорлогонун айтып даттанышкан эле. Кыргыз чек арачылары өткөргөндөрдөн акча өндүрүп жатат деген да доо айтылган.

Жолдошбек Турдубаев ушул тушта Кыргызстанда жашап жаткан тажикстандык кыргыздардын бири. Анын айтымында, чек ара жабылгандан бери карапайым эл аябай жүдөп кетти. Зарыл иши чыккандар кыргыз чек арачыларына пара берип өткөнгө мажбур болууда:

- Кырдаалды телефон менен сүйлөшкөндөрдөн, ары-бери каттагандардан угуп жатабыз. Карапайым элге эле кыйын болду. Мисалы, жакында эле ооруп калган аксакал бул жакка келди. Эми булар акчасын берип өтүп жатышат да. 6-10 миң сом беришет экен. Эми этникалык кыргыздарды тоспой эле коюшса болмок.

Раимберди Дүйшөмбиев президенттин кабыл алуусунда

Раимберди Дүйшөмбиев президенттин кабыл алуусунда

Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев “Азаттыктагы” маегинде кыргыз чек арачылары Тажикстандагы этникалык кыргыздарды өткөрүп акча алып жатат деген маалыматты четке какты. Кыргызстанга келүүгө мажбур болуп кайрылгандарга гана уруксат берилип жатканын белгиледи:

- Мургаб менен Жерге-Талдан туугандары ооруп калып, же бир жамандык болуп кайрылган эки-үч адамды өткөрдүк. Эгерде ошондой зарылчылык болсо, биздин өкмөткө, Чек ара кызматына кайрылса, биз макулдашып өткөрүп жатабыз. Ошол эле Ошто окуган студенттерди да өткөрдүк. Алардын тизмеси түзүлүп, Мургабдан кайрылган, биз алардын баарын тактап өткөрдүк. Азыр кыргыз-тажик чек арасы жабык. Качан ачыла турганы белгисиз. Биз анын үстүнөн иштеп жатабыз. Соңку окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Жолугушуулар да өтүп жатат.

Кыргыз тектүү Алимжан Сапаров тажик парламентинин депутаты. Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арасындагы маселелерди өкмөт өкүлдөрү сүйлөшүү жолу менен чечип, чек араны тезинен ачуу зарыл:
Тажикстанда тополоң болгондо Кыргызстан чек арасын жапкан эмес. Силерде Ош коогасы чыкканда коңшулардын арасынан жалгыз Тажикстан гана чек арасын ачык койгон.

- Мага күнүгө 10-15 жолу телефон чалып, чек ара качан ачылат экен деп сурашат. Элчи Саралаевге чалсам, ал ачылат деп күндө убада берет. Албетте проблема өтө чоң. Экономикалык жактан да, моралдык жактан да эки тарапка тең жакшы эмес. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы проблемалар республиканын баарына таасир тийгизип жатат. Кыргыз-тажик элдери кылымдар бою чогуу жашаган, бири-бирин колдоп келген. Тажикстанда тополоң болгондо Кыргызстан чек арасын жапкан эмес. Силерде Ош коогасы чыкканда коңшулардын арасынан жалгыз Тажикстан гана чек арасын ачык койгон. Проблемалар эртерээк чечилсе экен деп үмүт кылып турабыз.

Тажик парламенти

Тажик парламенти

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын төрагасы Назарали Арипов чек арадагы маселелерге өкмөт башчы киришпей жатканын сынга алууда:

- Баткенде Лейлек районунун эле Тажикстан менен чек арасы 300 чакырым. Абал өтө оор. Чек араны сүйлөшүп туруп чечүү керек. Бирок Кыргызстандын бир чарчы жери да берилбеши зарыл. Өкмөт Бишкекте жатып албай, керек болсо ошол Баткенге барып чек арада туруп иштеши керек. Бүт күчтүн баарын ошол жакка жумшоосу зарыл. Вице-премьер-министр Токон Мамытовду эле жөнөтүп коюп жатат, ал болсо эч нерсе чечпей эле келүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасынын жабык турганына толук эки ай болду. Ушул жылы 11-январда Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жол курулуп жатканда Тажикстандын чек арачылары ок чыгарган. Бул окуядан кийин кыргыз тарап чек арасын бир тараптуу жаап салган. Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү бир канча жолукканы менен чек арага байланыштуу маселелер ордунан козголо да элек.
Чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиевдин маеги.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG