Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Рысбеков: Исфарадагы окуяны чогуу иликтеп жатабыз


Улан Рысбеков
Улан Рысбеков

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Улан Рысбеков кыргыз-тажик чек арасына жакын Чорку айылындагы тажик үй-бүлөнүн өлүмүн эки тарап иликтеп жатканы боюнча "Азаттыкка" маек берди.

“Азаттык”: Оболу окуя таржымалын айтып бересизби, кырсык качан болду, ал үй кыргыз-тажик чек арасынан канча алыс эле?

Рысбеков: 20-августта таңкы саат 4тө Тажикстандын Исфара районунун Чорку жамаатынын 5-бригадасында, Кыргызстандын чек арасынан 3-4 метр ары турган үйдө төрт адамды өлтүрүү болду. Ал үйдөн талаада иштеп аткан адамдар түштө, кечинде тамактанып турчу экен. Эки мамлекет үчүн тең жагымсыз иш, эки элдин кайгысы болду.

Ошол үйдүн ээси Халлоков Абдукахор, аялы Халлоков Мухтарам, анын кызы Маматжанова Гүлчахра жана небересин мылтык менен башка атып өлтүрүшкөн. Кечээ күнү Тажикстандын Согди жана Баткен облусунун күч органдарынын оперативдүү штабы түзүлдү. Биз азыр ар кандай версияларды карап, булардын кимдер менен байланышы бар экенин тактап жатабыз.

Жупуну үйдө жашаган, жөнөкөй эле үй-бүлө экен. Бул үйдө жашаган тажик жарандары кыргыз жарандары менен көбүрөөк мамиле түзчү экен. Кыргызстан тарапта туугандары бар экен.

“Азаттык”: Каргашалуу окуяны чогуу иликтөө тууралуу тажик тарап сурандыбы, же өзүңүздөр демилге көтөрдүңүздөрбү?

Рысбеков: Кыргыз-тажик күч органдарынын биргелешкен квартал, жыл сайын деп белгиленген иш-пландары бар. Ага ылайык, чек аранын тегерегинде, облуста кандайдыр бир оор кылмыш болсо, биз аларга, алар бизге маалымат берип, кылмышты ачууга жардам берип турабыз. Ошондуктан биргелешкен штаб түзүлдү.

Тажик тараптын кээ бир версияларына ылайык, “кыргыздар атты” деген сөз чыгып кетиптир. Кечээ муну биз штабда аябай талкууладык.Кыргыз атабы, тажик атабы, же башка бирөө өлтүрөбү бизде бир гана кылмышкер деген сөз бар. Кылмышкердин улуту жок.

Жергиликтүү эл тынчсызданып, чочулап жатат. Кечээ мисалы Самаркандекте айрым аялдар бала-чакаларын алып башка айылга кете баштаптыр. Биз дүрбөгөн элди токтотуп, кырдаалды түшүндүрдүк. Ал жерде күч органдары, милиция, чек арачылар жүрөт. Биз элибизди сакташ үчүн ошол жерде куралчан жүрөбүз. Эгер биздин чек арабызды башка мамлекеттин күчтөрү бузуп кирсе аёосуз курал колдонобуз. Элди сакташ үчүн бардык күчтү жумшайбыз. Мисалы Ак-Сай айылы тажик жамааттарынын ортосунда турат. Ал жерде 2 миң эле эл бар. Бери жакта Ворух деген анклавта 40 миңдей адам жашайт. Анын бер жагында болсо 20-30 миңдей тургун бар. Самаркендекте аз эле эл жашаарын билесиз да. Ал эми Чоркуну болсо 60-70 миңдей тажик жараны жердейт. Эл ушундан улам тынчсызданып жатат. Биз милиция кызматкерлерин көбөйттүк.

“Азаттык”: Атылган үйдө тирүү калгандар бар, алар ооруканада деп да маалымдалды эле. Алардын абалы тууралуу биле алдыңыздарбы?

Рысбеков: Ошол үй-бүлөнүн келини бар экен. Ошол келини менен 96-жылы туулган небереси аман калган. Алар бөлөк кичинекей бөлмөдө болушкан. Азыр алар күч органдарына көрсөтмө берүүдө, тажик кесиптештер эч ким менен жолуктурбай жатат. Биздин да аларга суроолорубуз бар, бүгүн балким кирип көрсөтмө алганга аракет жасайбыз.

“Азаттык”: Самаркандекке кошумча күч барды, милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат деп айттыңыз. Мындай тартип бул кылмыш иштин бети ачылгыча уланабы?

Рысбеков: Айрыкча Самаркандек, Паскы-Арык, Ак-Сай жана Таш-Тумшук айылдарында буга чейин деле биздин көптөгөн кызматкерлер иштеп жаткан. Биз кечээтен баштап дагы күчөттүк. Элде ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Анткени тажик тарап кыргыз тарап келет экен, ал эми кыргыз тарап тажиктер келет экен сөз чыкты. Эки өлкөнүн күч органдары бирге иштеп жатабыз. План түзүп, келишимге кол койдук. Кыргызстандын бир дагы жаранына кошуналар тийишпейт, андай болсо Тажикстан жооп берет, кыргыз тарап да андайга барбайт, болбосо Кыргызстан жооп берет деп макулдаштык.

Үй-бүлөнү кыргыз тараптан келгендер атты деген версиядан улам, биз окуя болгон жерди, анын айланасынын баарын чогуу дыкат текшердик. Эгер өтүп барган болсо, жүгөрү кыйшайып калат эле, из болот эле, андай эч нерсе таба алган жокпуз. Алдын ала маалымат боюнча аткандар тажик тараптан гана келиши мүмкүн болуп жатат. Эми булар жөнөкөй, кыргызча айтканда чып этме мылтык менен атылган. Тажик тараптан да, биз тараптан да мылтыктардын баары текшерилет. Каттоодо турган мылтыктардын баары алынып, экспертизага жөнөтүлөт.
XS
SM
MD
LG